Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Зулумдук кылуунун арамдыгы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Навави “Сахих Муслимге” шарх берип, “Зулумдук кылуунун арамдыгы” бөлүмүндө айтат:
حدثنا محمد بن عبد الله بن نمير حدثنا أبو معاوية حدثنا بريد بن أبي بردة عن أبيه عن أبي موسى قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:”إن الله عز وجل يملي للظالم، فإذا أخذه لم يفلته، ثم قرأ {وَكَذَلِكَ أَخْذُ رَبِّكَ إِذَا أَخَذَ الْقُرَى وَهِيَ ظَالِمَةٌ إِنَّ أَخْذَهُ أَلِيمٌ شَدِيدٌ}
Бизге Мухаммад бин Абдулла бин Нумайр Абу Мусадан риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах Таала заалымга мөөнөт берет. Эгер (зулум кылгандыгы себептүү) азап менен кармай турган болсо кутулбайт. Кийин бул аятты окуду:
وَكَذَلِكَ أَخْذُ رَبِّكَ إِذَا أَخَذَ الْقُرَى وَهِيَ ظَالِمَةٌ إِنَّ أَخْذَهُ أَلِيمٌ شَدِيدٌ
“Эгеңдин азап менен кармай турганы ушундай, алар зулум кылып жаткан айылдарды (шаарларды) азап менен кармай турган болсо анын азабы өтө каттуу” (Худ: 102).
Сүйүктүү бир туугандар!
Адилетсиздик, зулумдук жөнүндө эмне билесиз? Адилетсиздик – бул мусулман аны менен өзүн сыпаттабай турган жийиркеничтүү ахлактын, чоң күнөөлөрдүн жана жаман сыпаттардын бири. Анткени ал динди жемирет, жакшы амалдарды жейт, балээлерди, кырсыктарды алып келет, жек көрүү жана душмандыкты жаратат. Аллах Таала айтты: ” وَلا يَظْلِمُ رَبُّكَ أَحَدًا ” “Сенин Раббиң эч кимге зулум кылбайт”.
Эң чоң адилетсиздик, зулум – ушул заманда үммөткө болгон адилетсиздик, зулумдук. Бул Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаган акимдердин болушу. Чептери элден коргойт деп ойлогон Бен Алиге окшогондор жана жер бетинде өзүн кудай сезген ушунчалык залим жана текебер болгон кылмышкер Каддафиге окшогондор. Эгин зарларды жана элди нарк насилди кыйраткан Абдулла Саалихке жана жөөттөрдүн жана Американын коопсуздугун сактап калган Египеттин Мубарагына окшогондор. Мындай адамдар америкалык жана европалык кожоюндарынын буйругунан кылча чыкпагандар. Демек, үммөт ар кандай адилетсиздиктин, зулумдуктун даамын татты. Ошондуктан аларды жок кылуудан жана тарыхтын таштандысына ыргытуудан башка аргасы жок болчу. Алардын адилетсиздиги, зулумдугу сөз менен айтып бүткүс жана сүрөттөп бере алгыс.
Эй мусулмандар!
Тунис, Египет, Ливия, Йемен, Сирия жана башка мусулман өлкөлөрүндө мусулмандар адилетсиздикке жана зулумдарга каршы көтөрүлүштү. Алардын айрымдары кулатылды, кээ бири качты, кээ бири өрттөлдү, кээ бирлери өлтүрүлдү, кээ бирлери болсо ишенимдүү калыс ынкылапчы мусулмандардын колунан өз тагдырын күтүп жатышат. Эмне үчүн азыркы мусулман башкаруучулар мурункулардын башынан өткөн окуялардан сабак алышпайт? Же алар да мусулмандар тартып жаткан зулумдун үстүнө дагы зулум тартып көбүрөөк эзилиши үчүн өздөрүнөн мурункулар сыяктуу каапыр кожоюндарынын буйругунан кылча чыкпай баш ийүүлөрүн улантат деп ойлойсуңарбы? Тилекке каршы ушундай болду. Революциядан кийинки башкаруучулар революцияга чейинки башкаруучулардан ашып түштү. Алар эч кимде жок жаңы сапаттарга ээ болушту. Бирок алардын караңгы түнү канчалык узун болсо да, бул үммөткө Аллах Таала тарабынан жеңиш убада кылынган. Аллах Тааланын убадасынын алдына каршы туруучу ким бар? Тарых алардын сөздөрүн, кылган иштерин жазып жатат. Эгер аларда өмүр калса, жакында келе турган мусулмандардын халифасынын алдында тизе бүгүп турушат, ИншаАллах. Бардык кылган адилетсиздик, зулумдуктары үчүн аларды жоопко тартат. Ал эми акыретте алар кылган иштери үчүн азап тартыш үчүн Улуу Өч алуучунун алдында турушат.
Оо Аллахым, мурунку жана азыркы мусулман акимдердин арасындагы адилетсиз кылмышкерлердин жазасын бер. Оо, Жараткан, алардын иштерин ачыкка чыгар, күч-кубатын сындыр, аларга бизди үстөм кыл жана бизге кудуретиңдин кереметтерин көрсөт. Анткени алар Сенин күчүңдөн тышкары эмес.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 24-шаьбан.
2025-ж, 23-февраль.