Мусулмандардын халифасы болгондо Ислам үммөтү жеңиштер айында оорчулуктарды татмак эмес!
Биз берекелүү Рамазан айынын көлөкөсүндө эс алып, анда Алланын ырайымдуу илеби согуп турганын сезип турганыбызда, үммөтүбүздүн өткөн даңктуу тарыхын эстейбиз. Рамазан Ислам мамлекетинин башкаруусунда үммөт урмат-сый менен жашаган, Ислам үчүн жеңиштер жетишилген жана адамдар топ-тобу менен Исламга кирген ай болгон. Бул айда чындык менен жалгандын ортосундагы эң алгачкы чечүүчү Бадр согушу болуп өткөн. Бул айда Пайгамбар ﷺ Меккени фатх кылып, андагы буттарды талкалаган. Ошондой эле, ушул айда Андалусия (Испания) жана Амурия алынган, Айн Жалут согушу болгон, Салахуддин Айюби Хиттинде чоң жеңишке жетишкен… жана башка улуу жеңиштер дал ушул берекелүү айда катталган. Ошондуктан Рамазан айы ар дайым жихад, жеңиш жана Ислам өкүмдарлыгы менен байланышып келген.
Ал эми бүгүн Рамазан бизге үммөтүбүздүн Ислам менен башкарылбагандын азабын көрүп жатат! Бир дене сыяктуу бирдиктүү болууга тийиш болгон үммөт батыштын каапыр колонизаторлору түзүп берген майда мамлекеттерге бөлүнүп кеткенин көрүүдө! Жихад жана жеңиш үммөтүнүн жерлери баскынчылыкка учурап, ыйык жайлары тебеленгенин, абийири кордолгонун, ал эми армиялары байланган бойдон эч нерсе кыла албай турганын көрүүдө! Улуу жетекчилерди жана урмат-сыйга татыктуу инсандарды чыгарыш керек болгон үммөт бүгүн батыштын буйругуна баш ийип, аларга кулдай жүгүнгөн жетекчилер тарабынан башкарылып жатканын көрүүдө!
Мусулмандар жашаган өлкөлөрдүн баарында сионисттик түзүмдүн кылмыштарына нааразы болгон толкунданган сезимдер күчөп, Газа элине болгон тилектештик артып жатканын көрүп жатабыз. Теле камералардан Газада кескилген денелер, чачылган сөөктөр көрсөтүлгөндө, тоолор титиреп кетүүдө. Бирок мунун баары мусулман башкаруучуларынын кылы кыймылдашына да себеп болгон жок! Алар ордунан козголгондо да, сионисттик түзүмдү коргоо жана өз тактыларын, батыштагы кожоюндардын кызыкчылыктарын сактоо үчүн гана аракет кылышты. Анын үстүнө, алар мусулмандардын жерлерин сионисттик түзүмдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн базага айлантып коюшту!
Эки көзү бар ар бир адам үчүн айкын болду: Американын сионисттик түзүмгө сунган жиби мусулмандар жашаган өлкөлөрдүн борборлорунан чыккан көптөгөн жиптер менен бекемделген. Эгер ошол жиптер болбогондо, сионисттик түзүм да, Америка да, башка каапыр мамлекеттер да мусулмандардын жеринде жашап тура албайт эле!
Мына, Трамп Газадагы калкты көчүрүп жиберүүнү өзүнүн инвестициялык долбоору катары көрүп, аны өз мүлкү сыяктуу сүйлөп жатат! Ал мусулмандардын башкаруучуларына текеберлик жана шылдың аралаштырган сөздөр менен кайрылып: «Мисир менен Иордания Газадан келген элди кабыл албайбыз дешти, мен болсо алар кабыл алат дедим» – деп жатат. Анткени ал бул башкаруучулардын сөзүнүн эч кандай салмагы жок экенин жакшы билет. Эгер ал сөзүндө олуттуу болсо, алар анын каалоосун аткарууга шашылып, аны ыраазы кылууда бири-бири менен жарышмак! Алардын билдирүүлөрү уялуу жана коркоктук менен жасалган, уяттарын жабуу үчүн гана айтылган куру сөздөрдөн башка эч нерсе эмес.
Эй мусулмандар! Эй биздин Иорданиядагы туугандар!
Силердин башкаруучуларыңар Газадан элди көчүрүүгө каршы чыкканы – бул ачык көрүнүп турган спектакль! Бул алардын буга чейин жасап келген чыккынчылыктарынын катарына кошулган жаңы чыккынчылык жана дагы бир ири кутум! Алар өздөрүнүн кожоюндарына «жок» деп айтууга да жарабаган алсыздар! Аларга берилген бул чектелген мейкиндик, силерди өздөрүнө ээрчитип, алардын Газада аткара турган ролун колдоого мажбурлоо үчүн гана берилген. Себеби, сионисттик түзүм жана анын артындагы Америка Газада жасай албаган иштерди, силердин башкаруучуларыңар силердин көз алдыңарда аткарып беришет!
Бул режимдер эч качан Палестинаны коргоого аракет кылган эмес жана мындан кийин да кылбайт! Алар Палестинаны саткан, мусулмандардын жерлерин каапыр мамлекеттердин талап-тоноосуна жана алардын кызыкчылыгына аянтча кылып берген! Таң калычтуусу, алар Трамптын калкты Газадан көчүрүү боюнча билдирүүсүн мусулмандардын арасында фитна таратуу жана улутчулдук сезимдерди козутуу үчүн пайдаланышууда! Алар мусулмандардын биримдигин Сайкс-Пико сызыктарынын негизинде жок кылууга жана бөлүп-жарууга аракет кылышууда! Себеби, Газадагы согуш маалында мусулмандардын биримдиктүү абалы бул башкаруучуларды кооптондуруп, алардын пландарын бузду. Ошондуктан, бул коркок башкаруучулардын артынан ээрчип кетүүдөн сак болгула! Алардын тузагына түшүп, Аллахты каарданткан иштерди кылып алуудан сак болгула! Алардын чыныгы жүзү силерге ачык-айкын эмеспи?!
Эй мусулмандар! Эй биздин Иорданиядагы туугандар!
Палестина маселеси – бул жалгыз палестиналыктардын же арабдардын гана маселеси эмес. Чындыгында, бул Ислам маселеси! Бул мусулмандарга тиешелүү болгон жер. Ыйык жайды яхудийлер чоң каапыр мамлекеттердин колдоосу менен жана мусулмандардын чыккынчы башкаруучуларынын жардамы менен басып алышкан. Палестина мусулмандардын каны менен алынган Ислам жери. Ал жерде дээрлик ар бир карыш жерде бир мужахиддин аттарынын чаңы же бир шейиттин каны бар. Демек, ал бүткүл мусулмандарга таандык жана аны кайтарып алуу үчүн жанды, мал-мүлктү аябастан күрөшүү ар бир мусулманга парз! Анын бир карышын да таштап коюу Аллахка, Анын Элчисине ﷺ жана ыймандууларга болгон чыккынчылык!
Палестина маселесине олуттуу чечим жана чыныгы жардам – армияларды кыймылга келтирип, аны азат кылуу! Мусулмандарды бул чечимден алыстаткан ар кандай аракет бул чындыкты бурмалоо жана мусулмандардын басып алынган жерлерин унуттуруу аракети болуп саналат. Аллах Таала айтат:
﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾
«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда» (Анфал, 72).
Бүгүнкү каапыр күчтөр да мурдагы каапырлар сыяктуу бир эле чоң согушка туруштук бере алышпайт. Алар бир эле согуштан кийин талкаланышат! Хиттин – кресттүүлөрдүн талкаланышынын башаты болгон, Айн Жалут – татарлардын кыйроосуна себеп болгон. Дал ушундай, бүгүнкү каапырлардын да бир эле чечүүчү согушу алардын бүтүндөй түзүмүн талкалайт. Бул иш силердин колуңарда, эй мусулмандар! Аллах Таала:
﴾ ﴿وَأَنْتُمُ الأَعْلَوْنَ وَاللهُ مَعَكُمْ وَلَنْ يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ
«… жана өзүңөр үстөм-жеңүүчү болгон абалыңарда (аларды) жарашууга да чакырбагыла! Алла силер менен бирге жана Ал эч качан кылган ишиңерди (сооп-сыйлыгын) кемитпейт» (Мухаммад, 35), – деп убада кылган!
Мусулмандардын күчтүү абалдан алсыздыкка түшүп калышына жана Рамазан айынын жеңиш айынан басынтуу айына айланышына себеп, Ислам башкаруусунун жок болуп кетиши жана Ислам мамлекетинин кулашы! Демек, Рамазанга анын урматын кайтаргыла! Аны кайрадан жеңиштер жана жеңүүчүлөр айына айланткыла! Аны биримдиктин, урматтын жана күчтүн айына айланткыла! Бул Ислам жашоосун кайрадан баштоо, Ислам Халифалыгын тикелөө жана мусулмандарды коргоп, алардын ишин жүргүзө турган бир халифаны алып келүү менен ишке ашат. Ошондо бүткүл Ислам үммөтү анын айланасына биригип, яхудийлерге жана бардык каапыр мамлекеттерге каршы согушат. Пайгамбар ﷺ мындай деп айткан:
إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ، وَيُتَّقَى بِهِ
«Халифа – калкан, анын артында туруп согушулат жана анын артында коргонулат» (Бухари, Муслим).
Силерге дүйнөдө жеңиш жана урмат, акыретте болсо улуу сыйлык болоруна сүйүнгүлө!
﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ﴾
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз». (Гафир, 51).
1446-жыл, 11-Рамазан,
2025-жыл, 11-март.
Хизб ут-Тахрир – Иордания вилаяты