بسم الله الرحمن الرحيم
ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК
(6)
Коомду оңдоодо эң зарыл нерсе
Коомду оңдоонун негиздери төртөө экенин айттып өттүк:
- пикирий үйрөнүү;
- пикирге ишенүү жана амал кылуу;
- туура жолду көрсөтүү;
- урф амманы пайда кылуу/
Ушул нерселердин баары даъватсыз ишке ашпайт. Даъват кылуу болсо Ислам талап кылган таалим-тарбия тарыйкаты менен болот. Т.а. Ислам негизинде тарбиялоонун мааниси мусулмандарга алардын туйгуларына таасир кыла турган, Аллахтын азабынан жана каарынан коркута турган көрүнүштө диндеги нерселерди үйрөтүү болуп эсептелет. Мусулман Аллахтын аяттарын үйрөнүү жана үйрөтүү тарыйкаты натыйжасында туйгулар акылга байланганда таасир кылуучу күчкө айланышы кажет. Ошондо бул күч оболу өзүнө, үй-бүлөсүнө, андан кийин коомго таасир кылат. Ошондуктан Аллах Таала жихад үчүн инсандын күчү абдан зарыл болгон учурда да назил болуп жаткан вахийлерди таалим берүүгө даярданып турушу үчүн ар бир топтон бир жамаатты жихадга чыгуудан кайтарган, т.а. динден таалим берүүдө кемчилик болбостугун буйрук кылган. Анткени, даъват – фарздардын энеси. Ал эми, шаръий өкүмдөрдүн баарын ишке ашырган халифалык түзүмүн жашоого кайтарууга аракет кылуу – фарздардын таажысы. Аллах Таала айтат:
۞ وَمَا كَانَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ لِیَنفِرُوا۟ كَاۤفَّةࣰۚ فَلَوۡلَا نَفَرَ مِن كُلِّ فِرۡقَةࣲ مِّنۡهُمۡ طَاۤىِٕفَةࣱ لِّیَتَفَقَّهُوا۟ فِی ٱلدِّینِ وَلِیُنذِرُوا۟ قَوۡمَهُمۡ إِذَا رَجَعُوۤا۟ إِلَیۡهِمۡ لَعَلَّهُمۡ یَحۡذَرُونَ
«Бардык момундар (согушка) чыгуулары зарыл эмес, акыры алардан ар бир топтон бир тайпа адамдар (согуш үчүн) чыгышпайбы?! (Калгандары болсо) динди үйрөнүп, (согушка кеткен) коомдору алардын алдына кайтып келген чактарында, ал коомдорду Аллахтын азабынан сактануулары үчүн эскертип туруу үчүн (калышпайбы)?!». [9:122].
Бирок имам-дамлалар таасирдүү терең үйрөтүү тарыйкатынын ордуна Исламдын коомго тиешелүү өкүмдөрүн жашырышып, тайыз жана тамтыгы чыккан баяндарга чектелген ваъз-иршад (жеке маселелерди гана айтып, натыйжасы Акыретте гана ашкере болот деген негиздеги миссионерлердин) тарыйкатын алып барышууда. Ушул себептен улам Ислам дининин коомго: экономика, саясат, жаза-чаралар, башкаруу сыяктууларга тиешеси жоктой же аны менен коом проблемаларын чечүү ортосунда ылайыкташтырууга зарыл болгон карама-каршылык же карама-каршылыкка окшогон нерсе бардай болуп калды. Натыйжада заманга ылайык келиши үчүн Исламды бурмалоо, шаръий өкүмдөрдү вакыйлыкка, саясатка ылайыкташтыруу адамдар арасында адаттагы көрүнүшкө айланды. Акыбетте алардын өлкөлөрү ыдырап, куурчак мамлекетчелерге бөлүп салынды, байлыктары талап-тонолууда, өзүлөрү кор болуп, жумуш издеп дүйнө кезген, күн өткөрүү үчүн иштеген, куфр мамлекеттери өз ара талашкан замандын кулдарына айланышты. Армиябыз калкты душмандан эмес, душмандарга малайлык кылып жаткан режимди өз калкынан коргогон, сөздү да түшүнбөгөн, саясий аң-сезими да болбогон маңкурттардан болуп калышты. Аялдардан уят кетип, эркектерде намыс калбады.
Түпкүлүгүндө мусулмандарда жер, адамдар, армия, кен байлыктар жетиштүү, кыскасы эч нерседен кем эмес. Элестеткиле, мусулмандар Куръан жана хадистер негизинде биригишсе, куфр белгилеген жасалма чегаралар алып салынса кандай мамлекет болот: кандай өлкөгө, байлыкка, армияга, инсандарга ээ болгон коом болот?!
Европалыктар 1648-жылы “Вестфалия” конференциясында Ислам Умматынан коргонуу үчүн биригишкен. Бирок, 1850-жылдары т.а. 150-200 жыл мурун Ислам Умматын оорулуу Уммат деп белгилешип, аны жоготуу үчүн биригишип иш алып барышты. Акыйкатта болсо, Уммат Исламды түшүнбөй, “шайхул-Исламдардын” фатвалары менен гана Исламды колдонуп жаткан ахвалда болгон. Жада калса, аалымдар да китептерден көчүрүлгөн сөздөрдү түшүндүргөн адамдарга айланып калышкан эле. Учурда алар куфр сакафатын, пикирлерин, туйгуларын бекемдеп, мыйзамдарын колдонуу үстүндө аракет кылышууда.
Пикирлер, туйгулар, жада калса мыйзамдар да исламий болушу үчүн шаръий далилдерге негизделиши керек. Бирок таклид жайылып, мыйзам чыгарууда “такнин” (пикир көпчүлүктүн добушу менен депутаттардын жыйынында кабыл алынып мамлекеттин мыйзамына айлануу) услубу коомдо өкүмдар болгондон кийин пикирлер, туйгулар жана мыйзамдар исламий болбой же айрымдары шарттуу гана исламий деп аталды.
Ошондуктан Исламды: пикирлерин, туйгуларын жана мыйзамдарын Куръан жана хадистер негизинде же сахих ижтихаддан алынган далилдер негизинде таалим берүү эң зарыл нерсеге айланды. Даъват фарзи кифая, бирок адамдар Исламды түшүнүшү үчүн жетиштүү шарттар жок болсо же азыркыдай жеке маселелер гана үйрөтүлүп жаткан болсо, коомду оңдоо үчүн ар бир момун билгенинче, мүмкүнчүлүгү жеткенче Исламды түшүндүрүшү фарз. Абдуллах ибн Амр (р.а.) Расулуллахтан (соллалоху алайхи ва саллам) риваят кылат:
بلِّغوا عنِّي ولو آيةً
“Менден бир аят болсо да жеткиргиле”. (Бухарий риваяты). Аллах Таала айтат:
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ مَا ٱسۡتَطَعۡتُمۡ وَٱسۡمَعُوا۟ وَأَطِیعُوا۟ وَأَنفِقُوا۟ خَیۡرࣰا لِّأَنفُسِكُمۡۗ وَمَن یُوقَ شُحَّ نَفۡسِهِۦ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
«Ошондуктан, күчүңөр жеткенче Аллахтан корккула, (силерге айтылган насаатка) кулак туткула жана моюн сунгула дагы кайыр-садага кылгыла, (мына ушул) өзүңөр үчүн жакшыраак болот. Ким өз напсисинин бакылдыгынан сактана алса, мына ошолор нажат табуучулар». [64:16].
Башкаларга кылынган жакшылыктардын эң кадырлуусу – Исламды пикирий түшүндүрүү. Анткени, ал бул дүйнө кордугунан да, түбөлүк жашоодогу Акырет азабынан да сактайт. Үй-бүлөңөргө нафака кылып жатасыңар, башкаларга, муктаждарга ихсан же оорулууларга дары-дармектен жардам кылуудасыңар, кордук, кыйынчылыктардан чыгып жатышабы?! Булар ушул дүйнөдөгү ахвал, бирок түбөлүк жашоодогу ахвалын ойлодуңарбы, өзүңөр туура жолду таап алдыңар, үй-бүлөңөрчү, тууган-уругуңарчы, кошуна-колоңорчу, жоро-жолдошторуңарчы? Алардын түбөлүк тозокто болушуна макулсуңарбы? Сиз анда кандай инсан болуп каласыз?! Аллах Таала мойнуңардагы элдин акысын сураганда ахвалыңар алардан да оор болушу мүмкүн, ушуну пикирлеп жатасыңарбы?!
Пикир – баа жеткис ниъмат. Аны менен инсан өзүнүн ҳидаятта же адашууда экенин билет, катасынан кайтып, бул дүйнө кордугунан, караңгылыгынан чыгат, тозоктон сактанат, жаннатка ээ болот. Ислам – эки дүйнө бакыты. Аны туура түшүнүп, коомдо Аллах ыраазы болгон пикирлер өкүмдар болсо, Аллах Таала ыраазы болгон нерселерге адамдар ыраазы болуп, каарданган нерсеге жаман көрүү туйгулары массалык болсо, андан кийин шаръий мыйзамдар колдонулса гана коом исламий болот. Анткени, коом инсандарга гана карап бааланбайт, тескерисинче төрт негизге карап белгиленет.
Даъват баарына, бардык жайда: өз журтундабы же башка жерге хижрат кылганбы, айырмасыз, аны кылбай коюу же даъватты таштап, өлкөсүнөн качуу оор күнөө, харам болот. Фарз-важибдерди, айрыкча даъват кылууга өз өлкөсүндө мүмкүнчүлүк болбосо, анда башка өлкөгө фарз-важибдерди аткарууга, даъват кылууга мүмкүнчүлүк издеп, хижрат кылышы важиб болот. Даъват фарзын кылбоо мүмкүнчүлүгү жок болгон алсыздарга-бечараларга гана жайыз, алар да эч болбогондо дуада болушу керек.
Аллах Таала айтат:
إِنَّ ٱلَّذِینَ تَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَـٰۤىِٕكَةُ ظَالِمِیۤ أَنفُسِهِمۡ قَالُوا۟ فِیمَ كُنتُمۡۖ قَالُوا۟ كُنَّا مُسۡتَضۡعَفِینَ فِی ٱلۡأَرۡضِۚ قَالُوۤا۟ أَلَمۡ تَكُنۡ أَرۡضُ ٱللَّهِ وَ ٰسِعَةࣰ فَتُهَاجِرُوا۟ فِیهَاۚ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ مَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَسَاۤءَتۡ مَصِیرًا
«Албетте (мусулмандар менен бирге хижрат кылбастан кафирлердин кол астында жашоого ыраазы болуу менен) өз жандарына жабыр кылган кишилердин жандарын алуу убагында периштелер аларга: «Кандай абалда жашадыңар?» дешкенде, «Биз бул жерде айласыз бечаралар элек» – дешти. (Ошондо периштелер): «Хижрат кылсаңар, Аллахтын жери кең эле го?! (Неге дин жана ыйманыңардын жолунда бул журттан хижрат кылбадыңар?) – дешти. Мындайлардын жайлары жаханнам тозок. Ал кандай (гана) жаман жай!”. [4:97].
Муфаккир Абдулхак