Түштүк Судан жарылуунун алдында

26
0

Түштүк Судан жарылуунун алдында

Түштүк Суданда бийликтеги эки өнөктөш – президент Салва Киир Маярдет менен биринчи вице-президент Риек Машар ортосунда саясий жана аскердик чыңалуулар уланып жатат. Акыркы жумадагы кагылышуулар жарандык согуштун кайра тутануусуна болгон кооптонууларды күчөттү.

Африкадагы көптөгөн жарандык согуштардай эле, бул жерде да эл аралык күчтөрдүн кызыкчылыгы байкалат. Түштүк Судандын Судандан бөлүнүп чыгып, өз алдынча мамлекет катары түзүлүшүнө Америка түздөн-түз аралашкан. 1983-жылы АКШ Судандын ичиндеги бардык козголоңчу күчтөрдү бир кыймылга бириктирүү максатында “Судан Элдик Куткаруу Кыймылын” (SPLM) түзгөн. Анын жетекчиси АКШнын агенти Жон Гаранг болгон. Бирок бул идеянын өзү Америкадан мурда Британия тарабынан көтөрүлгөн. Британия Судандын бөлүнүшүнө кызыктар болуп, аны 1955-жылдан бери колдоп келген.

Кийинчерээк, АКШ Гарангдын кыймылын түзгөндө, Британия да анда өз таасирин сактап калууга аракет кылган. Ал убакта Риек Машар Британияда өнөр жай инженериясы жана стратегиялык пландоо боюнча билим алып жүргөн. Окуусун бүтүргөн соң ал Гаранг жетектеген кыймылга кошулган. Бирок кийинчерээк экөөнүн ортосунда талаш-тартыш чыгып, 1991-жылы Машар кыймылдан бөлүнүп кеткен. Ошол кезде Гаранг аны Британиянын тыңчысы деп күнөөлөгөн. Анын англиялык жубайы Эмма Мак Куин да британиялык чалгын кызматынын мүчөсү деп шектелип, алгач гуманитардык уюмдун өкүлү катары иштеген. Гаранг менен Машардын ортосундагы согуш “Эмманын согушу” деп аталып, 1993-жылы Эмма Мак Куин Найробиде жол кырсыгынан каза тапкан.

Акыркы чыңалуу Жогорку Нил штатынын Насир аймагындагы аскер күчтөрүн кайрадан түзүү маселесине байланыштуу чыкты. Аймакта Салва Киирдин өкмөтү кээ бир куралдуу топторду, айрыкча “Ак Армия” деп аталган, нуэр уруусуна таандык жоокерлерди куралсыздандыруу чечимин кабыл алган деген имиштер тараган. Нуэр уруусу вице-президент Риек Машарга таандык болгондуктан, бул чечим анын тарапташтарын нааразы кылды. Натыйжада, өкмөттүк күчтөр менен Машардын жактоочуларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, анын жүрүшүндө аймактагы аскердик жетекчи генерал жана бир нече жоокер каза тапты.

Бул окуялардан кийин президент Салва Киир мамлекеттик жетекчилик кызматтарда олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал вице-президент Риек Машарга жакын бир нече генералдар менен министрлерди кызматтан кетирди. Алардын арасында вице-президент Жеймс Вани Ига да бар. Мындан тышкары, буга чейин коопсуздук боюнча кеңешчи Тут Галвак сыяктуу бир топ белгилүү саясатчылар кызматынан алынган. Учурдагы көп жылдардан бери уланып келе жаткан жаңжал негизинен динка жана нуэр урууларынын ортосундагы атаандаштыкка байланыштуу. Бул тиреш көп жолу куралдуу кагылышууларга алып келген. Айрыкча, 2013–2018-жылдардагы жарандык согушта 400 миңге жакын адам курман болгон. Бул согуш аяктаган соң, 2018-жылы начар иштеп жаткан тынчтык келишими түзүлгөн. “Associated Press” агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы айлардагы кагылышуулар мурда болуп көрбөгөндөй катуу болуп, элдешүү аракеттерине чоң сокку урууда. Бул өлкөнү жаңы жаңжалга түртүшү мүмкүн. Ошондой эле, БУУнун адам укуктары боюнча мекемеси Түштүк Суданда зордук-зомбулук жана саясий келишпестиктер күчөп жатканын эскерткен.

БУУ жана Африка Биримдиги Түштүк Судандагы коопсуздук кырдаалына тынчсыздануусун билдиришти. Айрыкча, өткөн жума күнү Жогорку Нил штатынын Насир шаарында БУУга таандык тик учакка кол салуу болгон. Ошондой эле, өлкөнүн бир нече аймагында куралдуу кагылышуулар чыгып, абалдын туруксуздугу күчөгөн. (Анадолу агенттиги, 10.03.2025).

АКШ өкмөтү да өлкөдөгү “коопсуздук коркунучтарына” байланыштуу зарыл эмес мамлекеттик кызматкерлерин Түштүк Судандан чыгарып кетүү буйругун берди. АКШнын билдирүүсүндө: “Өлкөдө куралдуу жаңжал уланып жатат. Ар түрдүү саясий жана этникалык топтор арасында кагылышуулар болуп, элдин арасында курал-жарактын эркин жайылышы кооптуу кырдаал түзүүдө”, – деп айтылат. (Анадолу агенттиги, 10.03.2025).

Ал эми Уганда Жуба шаарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын аскер бөлүктөрүн жайгаштырганын жарыялады. Бул кадам Түштүк Суданда жарандык согуш кайра тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар күчөгөн маалда жасалды. Уганданын президенти Йовери Мусевининин уулу жана Уганда армиясынын штаб башчысы Мохози Каинеругаба X социалдык тармагындагы билдирүүлөрүндө: “Биз Уганда армиясы катары Түштүк Судандын жалгыз мыйзамдуу президенти Салва Киир деп тааныйбыз. Ага каршы кандай гана аракет болбосун, бул Угандага каршы согуш жарыялоо болуп эсептелет”, – деп билдирди. (Рейтер, 11.03.2025).

Ушундай кырдаалда, Түштүк Судандагы тынчтык күчтөрү элди сабырдуулукка чакырып, өкмөт менен оппозициянын кагылышууларын токтотууга үндөдү. BBCнин маалыматы боюнча, регионалдык жана эл аралык басым Түштүк Судан лидерлерин тынчтык келишимин сактоого жана согуштук аракеттерди күчөтпөөгө мажбурлоодо. (Рейтер, 11.03.2025).

Өз кезегинде, Африка Биримдигинин комиссиясынын төрагасы Түштүк Судандагы зомбулукту дароо токтотууга жана ок атышууну токтотуу боюнча келишимдерди сактоого чакырды. Ал Түштүк Судандын жетекчилери жана ИГАД уюму менен биргеликте аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жалпы аракеттерди талкуулап жатканын билдирди. Ошондой эле, Судандын Эгемендүүлүк Кеңешинин төрагасы, генерал-лейтенант Абдул-Фаттах аль-Бурхан, Судан тынчтык келишиминин кепилдиги болгондуктан, өткөн жекшемби күнү Түштүк Судандын президенти Салва Киир менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдөгү коопсуздук кырдаалын талкуулады. (Анадолу, 10.03.2025).

Риек Машардын кеңсеси болсо элдешүүгө багытталган билдирүү таратып, Насир шаарындагы окуяларда каза болгондорго терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле, бул окуяларды “ырайымсыздык” деп сыпаттап, каза болгон генералдын жана башка курмандыктардын үй бүлөлөрүнө көңүл айтты. Машардын кеңсеси: “Бул трагедия зомбулукту азайтуу жана диалогду улантуу зарылчылыгын дагы бир жолу далилдейт”, – деп белгиледи. Ал эми, президент Салва Киир өткөн жума күнү элге кайрылуу жасап, өлкө дагы бир жолу согушка тартылбашы керектигин баса белгилеп, учурдагы кризисти чечүүдө өкмөт тынчтык жолун карманарын билдирди. (Аль-Жазира, 13.03.2025).

Насирдеги окуялардын алдында жана андан кийин бир катар өкмөт өкүлдөрү менен генералдардын кызматтан алынышы президент Салва Киирдин күйөө баласы Бенжамин Милди окуялардын чордонундагы негизги фигурага айлантты. Ал вице-президент болуп дайындалып, Насир шаарына лоялдуу аскер күчтөрүн жөнөтүүдө жетекчилик кылды. Бул күчтөр аймактагы мурунку аскерлерди алмаштыруу же аларды куралсыздандыруу максатын көздөгөн. Ошол эле учурда, Уганда аскерлеринин өлкөгө кириши жана алардын Салва Киирге болгон ачык колдоосу учурдагы окуялар бийлик кризисине байланыштуу экенин көрсөтүүдө.

Эгерде президент ооруп же күтүүсүз өлүмгө кабылса (белгилүү болгондой, Киирдин ден соолугу начарлап, ал карып калган), анда Түштүк Судан оор саясий кризиске кабылышы мүмкүн. Конституция боюнча, мындай кырдаалда биринчи вице-президент Риек Машар өлкөнүн жаңы лидери болуп дайындалышы керек. Бирок бул сценарий динка уруусу үчүн кабыл алынгыс болуп саналат. Ошондуктан, учурдагы саясий жүрүштөр бул маселени алдын ала чечүүгө багытталгандай. Ошол эле учурда, Риек Машар президент Киирдин 2026-жылдын декабрына чейин кызматында калышын каалайт, анткени ал шайлоо өткөрүлгөндө өлкө башчылыкка жетүү мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептейт. Бирок, туруктуу мамлекет болуу жана эл аралык кийлигишүүлөрдү болтурбоо үчүн өлкөнүн негиздери уруулук, этностук же аймактык келишимдерге, ошондой эле улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу эмоцияларга негизделбеши керек. Тескерисинче, мамлекет эл ишенген идеянын негизинде курулушу шарт. Бул идеядан адилеттүү жана так чечимдерди камтыган Конституция иштелип чыгып, эл анын акыйкаттыгына ишениши керек.

Хасбуллах ан-Нур

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here