Сириядагы башкаруу системасы Раббибиздин өкүмү жана душмандардын амалдары ортосунда
Аллах Шам элине кылмышкер Асаддын режимин кулатуу менен чоң жакшылык берди. Бирок, азыр башында Америка турган дүйнөнүн ири мамлекеттери Сирия көзөмөлдөн чыгып кетпеши жана Башар режиминин уландысы бойдон калышы үчүн жанталашып аракет кылууда. Башкача айтканда, Сирия мурдагыдай эле малай мамлекет бойдон калып, яхудийлердин жасалма мамлекетинин чек арасын коргоочу болуусу керек. Ошондуктан, бул мамлекеттер Асаддан кийинки Сириянын түзүлүшүнө шарттарды жана талаптарды коё башташты. Алар бир пикирге келип, Сирияда исламды четке кагууну негизги максат кылышууда.
Бул мамлекеттердин делегациялары тынымсыз Дамаскка келип, азыркы бийликти Батыштын басымына баш ийдирүү жана алар каалаган башкаруу системасын кабыл алууга мажбурлоо үчүн санкцияларды алып салууну ушул шарттарга байлап жатышат. Алардын бул ишин демократиялык жана секулярдык медиалар колдоп, Сириянын келечеги демократиялык, жарандык жана секулярдык мамлекет болушу керек деген үгүттү таратууда. Исламдын башкаруу системадан, мамлекеттен жана коомдон алыстатылышын алар «элдин талабы» деп жалган айтып жатышат.
Бирок, 13 жылдан бери кыргын жана кыйроого туруштук берип, каны-жанын, балдарын, үй-жайын садага кылган биздин эл Сириянын келечегин Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарылган мамлекет катары гана көрүп жатат. Дал ушул улуу максат үчүн эки миллионго жакын шейит өз жанын берип, сабыр жана бекем ишеним менен Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, күрөш жүргүздү. Ошондуктан, Исламдагы башкаруу системасын так түшүндүрүү зарыл. Бул маселе мусулмандар кыялданган ураан бойдон калбастан, алардын аң-сезиминде так көрүнүш жана түшүнүк болуп орноп, аны орнотуу үчүн бүт күчүн жумшай тургандай болушу керек. Ошого байланыштуу төмөнкүлөрдү айтабыз:
- Исламдагы башкаруу Халифалык системасы.
Халифалык – бул бардык мусулмандарга тиешелүү болгон жалпы жетекчилик. Анын негизги максаты Аллахтын өкүмдөрүн турмушка ашыруу жана Ислам чакырыгын дүйнөгө жайылтуу. Халифалык имамат (жетекчилик) болуп, Пайгамбар ﷺ Медина шаарында негиздеген мамлекеттин түзүлүшү. Андан кийин ал халифалык катары улантылган. Бул Куран, Сүннөт жана сахабалардын ижмасы менен бекитилген башкаруу системасы.
- Исламдагы башкаруу системасы – демократия эмес
Демократия – адамдар ойлоп чыгарган башкаруу системасы. Анын негизги принциби – динди жашоодон ажыратуу жана бийлик элге таандык болушу. Башкача айтканда, эл башкаруу жана мыйзам чыгаруу укугуна толук ээ. Алар Ислам өкүмдөрүнө каршы келген мыйзамдарды да чыгара алышат, башкаруучуну шайлай алышат же аны бийликтен ала алышат, ошондой эле конституцияны жана мыйзамдарды өздөрү аныкташат.
Ал эми Ислам башкаруу системасы толугу менен Ислам акыйдасына жана шарият өкүмдөрүнө негизделген. Бул системада кожоюндук элге эмес, шариятка таандык. Үммөт да, халифа да мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес, анткени мыйзам чыгаруучу жалгыз Аллах سبحانه وتعالى.
Исламда бийлик жана башкаруу үммөткө таандык. Үммөт өзүн Ислам негизинде башкара турган халифаны шайлайт жана ага байъат берет. Халифа Ислам өкүмдөрүн аткарган убакытта бийликте калат, канча жыл бийликте болгону маанилүү эмес. Эгерде ал Ислам өкүмдөрүн колдонбосо, анын бийлиги ошол эле күнү токтотулушу керек.
- Исламдагы башкаруу системасы – монархия эмес
Ислам башкаруу системасы монархияны тааныбайт жана ага окшош эмес. Монархияда бийлик мураска өтөт, падыша бийликти атасынан мураска алып, аны өз балдарына өткөрүп берет. Ошондой эле, падышага өзгөчө укуктар жана артыкчылыктар берилет, ал эми анын беделин же бийлигин эч ким талашпай тургандай кылып коргоо чаралары көрүлөт.
Ал эми Ислам башкаруу системасында халифага эч кандай өзгөчө укуктар берилбейт. Ал үммөттүн катарындагы жөнөкөй адам сыяктуу эле, эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Ислам башкаруу системасында бийлик мураска өтпөйт. Халифа – падыша эмес, ал үммөттүн өкүлү катары бийлик жүргүзөт. Үммөт аны ыраазычылык менен шайлап, байъат берет. Ал өз билгенин кылууга укуктуу эмес, тескерисинче, шарияттын өкүмдөрү менен чектелет жана үммөттүн иштерин Ислам негизинде башкарууга милдеттүү.
- Ислам башкаруу системасы – империя эмес
Империялык башкаруу системасы Исламдан таптакыр алыс. Себеби, империяларда ар кайсы аймактардагы элдерге бирдей мамиле кылынбайт, борбордук аймакка артыкчылык берилет. Бийлик, байлык жана экономика борбордук аймактын пайдасына иштейт.
Ал эми Ислам башкаруу системасында бардык аймактардагы элдерге бирдей мамиле жасалат. Ислам улуттук же этникалык айырмачылыктарды тааныбайт, ар кандай улуттагы мусулмандарга бирдей укук берет. Ислам мамлекети өз аймагындагы мусулман эместерди да зулумдукка дуушар кылбайт. Аларга да мусулмандарга берилгендей укуктар берилип, алардан ошол эле милдеттер талап кылынат. Исламдагы мындай теңчилик империялык системадан толугу менен айырмаланып турат. Ислам системасы аймактарды борбор үчүн ресурс катары колдонбойт, аларды чыныгы мамлекеттин ажырагыс бөлүгү катары карайт. Кайсы аймак болбосун, борбордогу же башка аймактардагы элдер менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болот. Башкаруу жана мыйзам чыгаруу системасы бүт мамлекетке бирдей таралат, кайсы бир аймакка өзгөчө артыкчылык берилбейт.
5. Исламдагы башкаруу системасы – федерация эмес.
Ислам башкаруу системасы федерациялык эмес, анда аймактар өз алдынча башкаруу укугу менен бөлүнүп, жалпы башкаруу аркылуу биригип калбайт. Тескерисинче, бул – бирдиктүү мамлекет, бардык вилаяттар (облустар) бир бүтүн мамлекеттин бөлүктөрү катары каралат.
Ислам мамлекетинде бардык аймактардын экономикасы бирдиктүү болот, бюджет да жалпы болуп, бүткүл калктын керектөөлөрү үчүн сарпталат. Бийлик бирдиктүү болуп, борбордук башкаруу мамлекеттин бардык аймактарында үстөмдүк кылат. Эч бир аймакка өз алдынча башкаруу укугу берилбейт, анткени бул мамлекеттин бөлүнүп-жарылышына алып келет.
6. Халифалык – Исламдагы жалгыз башкаруу системасы
Ислам башкаруу системасы – халифалык. Үммөт халифалыктын биримдигине жана мамлекеттин бөлүнбөстүгүнө бир добуштан макул болгон. Бир эле халифага байъат берүү керектиги тууралуу бардык имамдар, мужтахиддер жана факихтер бир пикирде.
Эй, улуу күрөштүн ээси болгон Шам эли!
Силер канынарды, жаныңарды, бала-чакаңарды, мүлкүңөрдү Аллахтын ыраазылыгы үчүн курмандыкка чалдыңар. Силердин бул чоң курмандыгыңарга татыктуу болгон жалгыз нерсе Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарылган мамлекеттин орношу. Халифалык мамлекети гана мусулмандардын бардык кайгыларын жана көйгөйлөрүн чечет.
Хизб ут-Тахрир сиздердин алдыңыздарга Исламдагы башкаруу системасын так ачыктап койду. Бул жетекчиликте адилеттик кылган Абу Бакр, Умар, Осмон жана Али رضي الله عنهم башында турган хидаят имамдары башкарган система. Аллах жалгыз Жеңиш жана Улуулук Берүүчү. Аллахтын жардамы менен сиздер Дамаскка жеңиш менен жеттиңиздер. Эми сиздерге Исламга каршы келген ар кандай системаны кабыл алуу жарашпайт.
Светтик башкаруу системасы, канчалык кооздолуп, жасалмаланбасын, канчалык үгүттөлбөсүн, Исламга каршы турат. Аллах мындай деп айткан:
﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضٍ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِن تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللهُ أَن يُصِيبَهُم بِبَعْضٍ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيراً مِّنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾
«(Эй Мухаммад), алардын арасында Алла түшүргөн нерсе (дин) менен өкүм кылгын, алардын көңүл-кушу каалаган нерселерге ээрчибе жана да Алла сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитна-эки анжылыкка салып коюуларынан этият бол! Эгер сенин өкүмүңдөн баш тартышса, билип кой, Алла аларга айры күнөөлөрү себептүү кайгы келтирүүнү каалоодо. Албетте, адамдардан көптөрү баш ийбегендер. Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!» (Маида сүрөсү, 49-50-аяттар).
Биз Аллахтан Сириядагы жана бүт Ислам жерлериндеги боордошторубузга акыйкатта бекем турууну, Исламдын бийлиги жана халифалыктын келиши менен жеңишке жетүүнү насип кылышын сурайбыз.
Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп сүйүнчүлөгөн:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«…Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык келет» (Ахмад, Табарани, Байхаки риваяты).
Мына ушул Халифалык гана жоголгон улуулугубузду кайтарып, аль-Кудсту ыплас яхудийлерден бошотот. Бул Халифалык менен биз тарыхты жаңыдан жазып, “адамдар үчүн чыгарылган эң мыкты үммөт” деген наамыбызга кайра ээ болобуз.
Аллахка бул жеңишти берүү оор эмес!
Роя гезити
Устаз Насир Шейх Абдульхай
Хизб ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү