Рамазан жана Улуу Даңк
Рамазан айы жөнүндө сөз болгондо, дароо эле акылга улуу жеңиштер, кол башчылар жана амирлер эске түшөт. Даңктуу тарых барактары ушунчалык тез ачылып, санап бүтө албай тургандай көп. Бирок, бүгүн биз бул улуу жеңиштерди тарых барактарынан гана билебиз. Бизге эң жакыны да бизден кылым аралыгында алыс. Эмне үчүн? Бизге эмне жетишпейт?
Көптөгөн дин аалымдары бул суроого бир эле жооп айтышат: «Биз Аллахтан алыстап кеттик, бизге алардагыдай такыбалык жана ыйман жетишпейт. Биз жеңишке татыктуу эмеспиз». Алар бүгүнкү үммөттүн арасындагы күнөөлөрдүн тизмесин узатып айта беришет.
Албетте, ар бир мусулман үчүн жеңишке жетүүдө ыймандын мааниси чоң экенин эч ким талашпайт. Бирок, дагы башка бир фактор бар.
Рамазан айындагы улуу жеңиштер ар дайым алардын кол башчыларына байланыштуу. Мисалы, “Аз-Заллака” салгылашуусун эскерүүдө Юсуф ибн Ташфиндин эрдигин айтпай коюу мүмкүн эмес. Же болбосо, Рамазандагы “Айн Жалут” жеңишин султан Кутуздун курмандыктарын айтпай түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Ооба, Рамазан – ыйманды чыңдоо жана Аллахтын берекеси жааган ай. Бирок, эгер анын айланасына аскерлерди бириктире турган жетекчи, үммөттү жихадга чакыра турган халифа болбосо, анда биздин үммөт ар тарапка бөлүнүп, алсыз бойдон кала берет. Канча баатыр чыкпасын, Рамазан айы алардын ыйманын күчөтпөсүн, бул жалгыз өзү жетишсиз.
Мындан тышкары, бүткүл дүйнөдө капыр күчтөрүнө баш ийген диктаторлор бар. Алар кандайдыр бир ойгонууга, күчтөрдүн биригишине, өзгөрүү аракеттерине жол бербейт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө үммөттө негизинен жеке аракеттер же чачыраган каршылык көрсөтүүлөр гана байкалат. Алар жерди бошотууга да, душмандарды жеңүүгө да жетишпейт.
Ошондуктан, үммөттү “күнөөлөрү үчүн жеңишке жетүүгө татыктуу эмес” деп күнөөлөө – бул “адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөткө” карата адилетсиздик. Эгер имам жок болсо, ким чек араларды ачат? Ким катарларды бириктирет? Ким жалпы жихадга чыгууну жарыялайт? Жеңишке жеткенден кийин өлкөнү ким башкарат? Бул маселени кантип эске алышпайт?
Кол башчылар үммөт үчүн жеңишти да, жеңилүүнү да алып келүүчүлөр. Алар туура чечимдери менен улуу даңкты камсыз кылышы мүмкүн, же душмандарга баш ийип, үммөттү кор кылышы мүмкүн. Эгер үммөт бир аз да болсо башкарууга ээ болсо, мусулмандардын катарлары ошол жетекчиликке дароо байланат жана аларды актоого аракет кылат. Эгер бул жетекчилик ачык түрдө яхудийлерге каршы согуш жарыяласа, анда жеңиштер да артынан ээрчийт.
Биздин үммөтүбүз улуу курмандыктарды чогуу бере турган жетекчини эңсеп турат. Бирок, биздин өлкөлөрдө саткын бийликтер үммөттүн көкүрөгүнө отуруп, өзгөрүүгө болгон демин бууп тургандыктан, бир Рамазан артынан экинчиси өтүп, биз анда жалаң гана кыргындарды, жоготууларды жана шейиттердин санын эсептеп калуудабыз…
Алардын Рамазаны менен биздин Рамазан
Бул ойлорду тактоо үчүн, Рамазан айында Халифалык жана мусулмандардын жетекчилиги алдында болгон бир катар улуу жеңиштерди эске салып, аларды бүгүнкү зулумдук доорунда ошол эле күндөрдө болгон окуялар менен салыштырып көрөлү. Ошондо эки доордун ортосундагы терең ажырым жана оор жоготуу айкын көрүнөт:
- 1-Рамазан, 20-хижрий жыл: Сахаба Амр ибн аль-Ас Мисирга кирип, аны Ислам мамлекетинин бир бөлүгүнө айланткан. Бул жеңиш халифа Умар ибн аль-Хаттабдын доорунда болгон.
- 1-Рамазан, 1425-хижрий жыл (2004-ж.): Яхудийлер Газа секторунда “Күнөөлөрдүн күндөрү” аттуу кыргынды уюштуруп, 110 палестиналык шейит болгон. Алардын үчтөн бири балдар эле.
- 5-Рамазан, 666-хижрий жыл: Султан Захир Бейбарс чоң аскер менен 75 жыл бою кресттүүлөрдүн көзөмөлүндө турган Антакия эмирлигине жортуул жасап, шаарды курчоого алган. Натыйжада, ушул күнү кресттүүлөр багынып беришкен.
- 5-Рамазан, 1367-хижрий жыл (11-июль, 1948-ж.): Сионисттердин коммандос отряды, Моше Даяндын жетекчилиги астында, Палестинадагы Лидд шаарында кыргын уюштурган. Шаарды кечинде аткылап, мечиттерден башпаанек издеп жашынган элди кырып, “Дахмаш” мечитинде 426 палестиналыкты өлтүрүшкөн.
- 8-Рамазан, 164-хижрий жыл (684-ж.): Абдуррахман ад-Дахил (Сакр Курейш) баштаган мусулман аскерлери Карл Улуу (Шарлеман) жетектеген аскерлерди жеңишкен.
- 8-Рамазан, 1342-хижрий жыл (1924-ж.): Мусулмандар тарыхта биринчи жолу Рамазан айын халифасыз өткөрүшкөн.
- 15-Рамазан, 138-хижрий жыл (756-ж.): Абдуррахман ад-Дахил Андалусияга өтүп, ал жакта Ислам мамлекетин негиздеген.
- 15-Рамазан, 1414-хижрий жыл (1994-ж.): Палестинадагы Хеброн шаарында, Ибрахим (а.с.) мечитинде таңкы намаз учурунда, яхудий аскерлери жана “Кирьят-Арба” конушунун тургундары кыргын уюштурган. Сионист офицер Барух Гольдштейн мечитте ок атып, 90 мусулмандын шейит болушуна, үч эсеге көп кишинин жаракат алышына себеп болгон.
Сүрөт так көрүнүп жатабы?
Мисир Умар ибн аль-Хаттабсыз, Амр ибн аль-Аассыз (Аллах алардан ыраазы болсун) жана күчтүү Халифалык мамлекетисиз фатх болот беле? 1-Рамазанда мусулмандар бул жеңишке жетишмек беле? Же Рамазан алар үчүн да бүгүн биз өткөрүп жатканыбыздай өтүп кетмек беле?
Мусулмандар 5-Рамазанда Абдуррахман ад-Дахилдин жетекчилиги астында Антакиядагы кресттүүлөрдү жеңгени таң калычтуу эмес. Бирок ошол эле күнү Палестинада Лидд кыргындын курмандыгы болуп, мусулмандар жардамсыз, колдоосуз калганына таң калбай коё албайсың.
Мына ошондуктан, бүгүн мусулмандардын мойнундагы эң чоң милдет – бул саткын башкаруучуларды кулатып, жаңы Салахуддинге, жаңы Гафакыйга байат берүү. Бул үчүн үммөттүн уул-кыздары олуттуу жана тынымсыз аракет кылып, өздөрүн ушул максатка арнаган ыкластуу дааватчылардын колун бекем кармоосу зарыл. Ошондой эле, отуруп калуу, күтүп туруу, коркутууларга моюн сунуу же баш ийүүчү зулум башкаруучулар менен келишим түзүү сыяктуу чакырыктардан толук баш тартуулары керек.
Үммөттүн күчтүү уул-кыздары жана аскерлеринин баатырлары билиши керек. Эгер алар өз үммөтүн жалгыз таштап, ушул туура долбоорго кошулбаса, Аллахтын аларга болгон каары өтө катуу болот. Бул долбоор үммөттү кулдук жана кордук доорунан биротоло чыгара турган жол экенине шек жок.
Оо, Аллах! Биз Сенден туура жолдо бекем турган, такыба жетекчиликке берилген байат сурайбыз. Анын жардамы менен жеңиш жана фатхтар кайтып келип, узак жылдарга созулган кордук доору аяктасын.
Оо, Раббибиз! Жаштарыбыздын акылын нур менен толтур, аларды адашуудан жана алдануудан сакта, туура жолго жана акыйкаттыкка башта.
Оо, Аллах! Бизди мусулмандардын амири Рамазан айынын башталышын жарыялап, аскерлерди ачык жеңишке баштап бара турган, туура жолдо турган Халифалыктын көлөкөсүндө орозо кармоо бактысынан ажыратпа.
Оо, Аллах, кабыл кыл! Бардык мактоо бүткүл ааламдардын Раббиси Аллахка таандык!
Роя гезити
Устаз Ахмад ас-Суфи (Абу Низар аш-Шами)