Ноорузду майрамдоо мусулмандарга арам

49
0

Ноорузду майрамдоо мусулмандарга арам

Нооруз фарс тилинен алынып, “жаңы күн” деген маанини түшүндүрөт. Жаңы жыл башталгандыгын билдирген бул күн, негизинен перс жана түрк элдериндеги байыркы ширк ишенимдерге тиешелүү күн болуп эсептелет. Бул күн “зардуштийя” дининде жарыктык караңгылыктан үстөм болгон күн катары белгиленет.

Ислам келип, ар кандай ширк көрүнүштөр жоюлду. Абдуллах Ибн аль-Аас риваят кылат. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Кимде-ким мушриктердин мекенинде жашап, алардын нооруз, жана махражаан майрамдарын белгилесе, өлгөнгө чейин аларды ээрчисе, кайта тирилүү күнүндө уткургандардан болуп калат”. (Байхакий риваяты).

А бирок, учурда демократия бардык адамдарга амалдарды “мубах” кылып белгилеп койгон. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндөгү үммөттүн абалы ушунчалык төмөндүккө жетип калды дейсиң, тозок калкы болгон мушрик жана каапырлардын майрамдарын да өзүбүздүкү кылып алдык. Көчөгө чыксак бийлик тарабынан ноорузга даярдыктар көрүлүп жатканына күбө болуудабыз. Өзүн мусулман эсептеген айрым фасыктар бул куфр майрамдарын эки айт майрамынан да улуу көрүп калды.

Аллах Таала айтат: Кимде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын дини Алланын алдында) эч качан кабыл кылынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот. (Аали Имран сүрөсү, 85-аят).

«Аль-Фатава ас-Сугра» китебинде ушундай делген: «Нооруз күнү мурун адатка айланбаган нерсени ушул күндү улуулоо үчүн сатып алган киши чоң күнөө кылган болуп эсептелет. Себеби ал каапырлардын майрамдарын улуулады» (Имам Аъзам рахимахуллахтын «аль-Фикхул-Акбар» китебине жазылган шарх: 186).

Аллах Таала баарыбызды куфр калкына ээрчүүдөн, кыямат күнүндө жана тозокто алар менен бирге болуп калуудан алыс кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here