Басма сөз баянаты
Ислам акыйдасы – мамлекеттин, конституциянын жана мыйзамдардын жалгыз негизи болушу керек!
Рамазан айынын 2-күнү Сириянын өткөөл мезгилдеги президентинин аппараты өлкөнүн убактылуу конституция долбоорун түзүү үчүн адистер тобун түзгөнүн жарыялады. Бүгүн, 2025-жылдын 13-марты, бул комитет өз долбоорун Сириянын убактылуу президенти Ахмад Шарага сунуштап, ал аны бекитти. Комитеттин билдирүүсүнө ылайык, мамлекеттин аталышы мурдагыдай эле «Сирия Араб Республикасы» бойдон калган. Дини Ислам деп белгиленип, Ислам укугу негизги мыйзам булагы катары сакталган, бийлик бутактары так бөлүнгөн. Ошондой эле, азыркы конституциялык сот жоюлуп, убактылуу башкаруу мөөнөтү 5 жыл деп белгиленип, туруктуу конституцияны иштеп чыгуу үчүн комитет түзүлөт. Ал эми мыйзам чыгаруу кеңеши мыйзамдык бийликти, президент аткаруу бийлигин колго алат.
Бирок Ислам бизге мамлекеттин негизи Ислам акыйдасы болушун буйруган. Бул акыйда конституциянын жана бардык мыйзамдардын негизи болушу керек. Башкача айтканда, Ислам мыйзам чыгаруудагы жалгыз булак болууга тийиш, ал эми башка булактар менен аралаштырууга жол берилбейт. Батыш мыйзамдарынан алынган жоболорду камтыган азыркы светтик конституциялар «Ислам негизги булак» же «башкы булак» деп айтканы менен, чынында Исламдык эмес мыйзамдар менен аралашкан.
Оо, Шам эли!
Исламий башкарууну жана чыныгы Ислам мамлекетин камсыздоо үчүн Ислам акыйдасы мыйзамдын жалгыз негизи болушу керек. Ошондо гана биз «Исламий конституция» деп айта алабыз. Антпесе биз сырттан таңууланган мыйзамдарды аткарган бойдон кала беребиз. Аллах Таала айтат:
﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا﴾
«Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (То Ха, 123-124-аяттар).
Ошондой эле Аллах Таала айтат:
﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
“Өкүм- Өкүмдардык Аллага гана таандык Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана сыйынууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок адамдардын көбү муну билишпейт”. (Юсуф, 40-аят).
Оо, Шамдын баатыр жана азиз мусулмандары!
Силерди көтөрө турган, ар-намысыңарды коргой турган жана душмандарыңарды басынта турган бир гана башкаруу – бул Ислам башкаруусундагы мамлекет. 13 жылдан бери силер сабырыңар, бекемдигиңер жана курмандыктарыңар менен чын эле сахабалардын жана фатихтердин урпактары экениңерди далилдедиңер. Алар өз каны менен Шам жерин сугарып, силерге бул улуу динди жеткирген!
Силер «Биздин түбөлүк жолбашчыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммадﷺ деп кыйкырып, Ислам башкаруусунан башка эч нерсеге ыраазы болбой турганыңарды көрсөттүңөр. Бул сиздердин төгүлгөн кандарыңарга жана жасаган курмандыктарыңарга татыктуу жалгыз жол. Ошондуктан бекем туруңуздар! Силер өз күрөшүңөрдү Исламды толук жашоо система катары колдоно турган мамлекет Халифалыкты курууга багытташыңар керек. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ бизге анын кайтып келе тургандыгын сүйүнчүлөгөн:
«…Андан кийин пайгамбарлык минхажындагы Халифалык болот» (Ахмад жана ат-Таялиси риваят кылган).
Бул Ислам үммөтүнүн башын бириктирген, күчүн бириктирген жана аларды бир мамлекетке топтогон жалпы башкаруу системасы болот. Ал мусулмандарды коргойт, яхудийлердин кир колунан Байтуль-Макдисти куткарат жана каапыр колонизаторлор жасалма чек аралар менен бөлүп койгон «мамлекетчелер» түшүнүгүн жок кылат.
Оо, Шам эли!
Билип алгыла! Республикалык башкаруу системасы – бул адамдар Аллахтын мыйзамдарынын ордуна өздөрү мыйзам чыгаруучу система. Ал эми монархия, императорлук же башка системалар да Исламга каршы келет. Мусулмандар үчүн жалгыз туура башкаруу системасы – Халифалык системасы!
Оо, жеңишке жана урматка ээ болгон үммөт!
Бүгүн биздин Аллахка болгон ыраазычылыгыбызды иш жүзүндө далилдөөнүн убагы келди. Биз батыштан да, чыгыштан да коркпостон, жалгыз Аллахка баш ийишибиз керек! Аллах Таала айтат:
﴿أَتَخْشَوْنَهُمْ فَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَوْهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ﴾
“Алардан коркосуңарбы?! Эгер (чыныгы) момун болсоңор, коркушуңарга ылайыгыраак Зат Алла го, акыры?!” (Тооба, 13-аят).
Биз дүйнөнү азапка салып, үммөттү кыйраткан диктаторлуктун доорун токтотушубуз керек! Биздин негизги максатыбыз – Ислам мамлекетин куруу жана аны менен башкарууну орнотуу болушу керек. Муну Аллах Таала убада кылган:
﴿وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ﴾
“Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды (кордук, бечаралыктан чыгарып, бардык адамдарга) башчы заттарга айландырууну жана аларды (Фиравндын мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз”. (Касас, 5-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Сириядагы маалымат бөлүмү