Адилеттүү башчынын пазилети

24
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Адилеттүү башчынын пазилети адилетсиздерди жазалоо, кол алдындагыларга жакшылык кылууга үндөө, аларга кыйынчылык туудуруудан тыюу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан- Нававинин “Сахих Муслимге” шарх берип “Адилеттүү башчынын пазилети – адилетсиздерди жазалоо, кол алдындагыларга жакшылык кылууга үндөө, аларга кыйынчылык туудуруудан тыюу”  бөлүмүндө айтылат:

حدثنا قتيبةُ بنُ سعيدٍ حدثنا ليثٌ وحدثنا محمدُ بنُ رمحٍ حدثنا الليثُ عن نافعٍ عن ابنِ عمرَ عن النبيِ صلى الله عليه وسلم أنه قال: “أَلَا كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ فَالْأَمِيرُ الَّذِي عَلَى النَّاسِ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالرَّجُلُ رَاعٍ عَلَى أَهْلِ بَيْتِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُمْ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ عَلَى بَيْتِ بَعْلِهَا وَوَلَدِهِ وَهِيَ مَسْئُولَةٌ عَنْهُمْ وَالْعَبْدُ رَاعٍ عَلَى مَالِ سَيِّدِهِ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْهُ أَلَا فَكُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ

Бизге Кутайба ибн Саид Ибн Умардан риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Билип койгула ар бириңер жетекчисиңер жана ар бириңер өз кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер. Калк жетекчиси кол алдындагыларга жоопкер. Эркек үй-бүлөсүнө башчы жана алар үстүнөн жоопкер. Аял күйөөсүнүн үйүнө жана балдарына башчы жана алар үчүн жоопкер. Кул кожоюнунун малына башчы жана ага жоопкер. Билип койгула ар бириңер башчысыңар жана ар бириңер өз кол алдыңардагы нерсеге жоопкерсиңер”.

Аалымдар айтышты: Жоопкердик – өзүнө жүктөлгөн ишти жакшы өтөөгө милдеттеме алган ишенимдүү валий. Анын карамагында болгон адамдарга же анын карамагында болгон нерсеге адилеттүү болуу, динде, дүнүйөдө жана иштеринде анын кызыкчылыгын кароосу талап кылынат.

Сүйүктүү бир туугандар!

Египеттин валийи  Амр ибн аль-Аастын уулу менен бир катар жаш кыбтийлердин ортосунда жарыш болуп өткөнү айтылат. Бир же эки айлампадан кийин жарышты белгисиз кыбтий жеңип алды. Ар-намысына шек келгенсип, Амр ибн Аастын баласы арданып кетти! Кыптий Египеттин башкаруучусунун уулунан ашып кетеби? Ал кыбтийге кайрылып: “Эң урматтуунун уулу, менден ашып кетесиңби”?,- деп камчы менен тартып жиберди. Кыптий баланын атасы ачууланып, уулу менен Мисирден Мадинага жөнөдү. Ал мусулмандардын амири Умар ибн аль-Хаттабга Ислам аларга тартуу кылган адилеттүүлүктүн бузулушуна нааразы болуп даттанып, уулуна адилеттүүлүк кылып берүсүн суранды. Умар бин аль-Хаттаб ал кишинин арыздануусун укканда: Ал катуу таасирленип, абдан ачууланып, Мисирдин валийи Амр ибн аль-Ааска кыскача кат жазып: “Эгер менин бул катымды алсаң, мага  уулуңду өзүң менен ала кел”, – деп  жазды.

Амр ибн аль-Аас момундардын амиринин буйругуна баш ийип уулу менен келди. Умар бин Аль-Хаттаб аскердик да, коопсуздук да эмес, эки тараптын тең укугун карай турган исламий казылыкты уюуштурду жана аны жеке өзү башкарды. Умар өкүмдүн жыйынтыгын көрүү үчүн сахабаларды чогултту. Ал Египет валийинин уулу кыптий баланы камчы менен урганы тастыкталганына көзү жеткенде, Умар ибн аль-Хаттаб таягын алып, кыптий балага берип, өзүнүн ушул окуядан бери белгилүү болуп калган сөзүн айтты: “Эң урматтуунун уулун чап! Энелери эркин төрөгөн адамдарды качантан бери кул кылып алдыңар эле?!”.

Оо, Мисир башкаруучулары, энелери эркин төрөгөн адамдарды качантан бери кул кылып алдыңар эле?! Эй, Тунистеги, Ливиядагы, Йемендеги жана революция өлкөлөрүндөгү жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар! Энелери эркин төрөгөн адамдарды качантан бери кул кылып алдыңар эле?! Жаңы акимге убакыт керек деген шылтоо менен “Бизге мүмкүнчүлүк бергиле” деген ураан менен мусулмандарды өлтүрүп жатасыңарбы? Качантан бери куфр түзүмүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилип калган? Качантан бери Исламда иштерди камкордук менен кароо каапыр Батышты ыраазы кылууга негизделип калган? Бул камкордук кайда? Бул камкордуктун түсү кандай, даамы кандай, көрүнүшү кандай? Эй адилетсиз башкаруучулар, революциялар бүттү. Мурукудай эле зулумдук кыла беребиз деп ойлоп жатасыңарбы? Аллахка ант болсун, эгер өтүмүштөгүдөй чыныгы адилетүүлүк жана камкордук менен башкарган элдер акимдерди тергеп тескей турган Ислам мамлекети тикеленбесе, эч качан жер жүзүндө камкордук, адилетүүлүк да болбойт. Момундардын амири  Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) калыстыгындай адилеттүүлүк эч качан болбойт.

Оо, Аллахым, жер жүзүндөгү мусулмандарга күч-кубат бер, алардын башына түшкөн мүшкүлдөрдү жок кыл жана аларды салихтерден  кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жоолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 21-шаьбан.

2025-ж, 20-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here