Басма сөз баянаты
Иордания режими өзүнүн коопсуздук кызматтары аркылуу «Хизб ут-Тахрир» мүчөсүн камакка алды
Өткөн жекшемби, Рамазан айынын 9-күнү, Иорданиянын репрессиячыл коопсуздук органдары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөсү, устааз Мухаммад Ахмад ан-Надини аэропорттон камакка алып, аны үй-бүлөсү жана балдары менен бирге умрага сапар тартуусуна тоскоолдук кылды. Даъватчыларды басмырлоону адатка айланткан бул күчтөр Рамазан айынын урматын да, анын жашы улгайгандыгын да, үй-бүлөсүн да эске алышкан жок. Кийинчерээк ал Мамлекеттик коопсуздук боюнча прокурордун алдына чыгарылып, ага төмөнкү эки айып тагылды:
- Мамлекеттик түзүлүштү алсыратууга аракет кылуу;
- Тыюу салынган уюмга мүчө болуу.
Учурда ал режимдин «Мамлекеттик коопсуздук сотунун» чечимин күтүп, камакта отурат. Иордания режими дагы эле эски жолун улап, Исламга чакырган чындык сөздөн да коркот жана муну өзүнүн коопсуздугуна коркунуч катары эсептейт. Бирок устаз ан-Нади эмне кылды эле? Ал болгону «Раббим – Аллах» деп, анан түз жолдо бекем турган. Ал өзүн Исламды даъват кылууга арнады. Ал мүчө болгон «Хизб ут-Тахрир» партиясы дүйнө жүзү тааныган, Исламий жашоону кайра баштоо үчүн ой жүгүртүү жана саясий күрөш аркылуу иш алып барган саясий партия.
Эмне, эми Иорданиянын режими үчүн Исламга чакыруу камакка алынууну жана түрмөгө кесилүүнү талап кылган кылмыш болуп калдыбы? Ошол эле учурда секуляризмди, бузукулукту жана ыпластыкты жайылткандар минбарларга чыгып, алар менен биргеликте ушул улуу динге каршы күрөш жүргүзүүгө уруксат берилгенби?!
﴿وَمَا نَقَمُوا مِنْهُمْ إِلَّا أَن يُؤْمِنُوا بِاللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾
«Алар (момундардан) жалаң гана ал (момун)дар кудурет жана мактоо Ээси болгон Аллага – асмандар жана Жердин падышалыгы Өзүнүкү болгон Затка ыйман келтиргендери үчүн гана өч алышты!» (Буруж, 8-аят).
Бул камакка алуулар, артынан келе турган адилетсиз сот жараяндары жана зулум өкүмдөр бул режим менен анын репрессиячыл коопсуздук күчтөрүнүн мусулмандарды басмырлоого багытталган кара тизмесине кошулган дагы бир кара так. Бирок Ислам үммөтү булардын баарын унутпайт, бул дүйнөдө да, акыретте да силерден суралат.
Ал эми «Хизб ут-Тахрир» жигиттерин бул коркутуулар жана куугунтуктар өз жолунан – Аллахтын шариатын жашоодо колдонуу жана бул саткын башкаруучулардын жүзүн ачуудан – кайтара албайт. Анткени бул башкаруучулар өздөрүнүн таянычы жана коргоочусу катары Ислам үммөтүнүн душмандарын тандап алышкан. Бирок алардын өлкөнү коркунучка кептеген бардык иштерин үммөт эми ачык көрүп турат.
﴿وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ﴾
«Заалим кимселер болсо жакында кандай акыбет — жыйынтыкка карап бара жатышкандарын билип атышат». (Шуъара, 227-аят)
«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Иорданиядагы маалымат бөлүмү