Американын Исламга каршы согушу акыркы тыңчы башкаруучуга чейин улана берет

28
0

Басма сөз баянаты

Американын Исламга каршы согушу акыркы тыңчы башкаруучуга чейин улана берет

2025-жылдын 9-мартында Пакистандын Юстиция жана юридикалык иштер боюнча мамлекеттик министри, адвокат Акил Малик өкмөт Америка Кошмо Штаттарынын Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен тыюу салынган уюмдардын тизмесин жаңырта турганын билдирди. Ошондой эле, бул уюмдарга тиешеси бар адамдардын АКШга саякаттоосуна тыюу салынышы мүмкүн экенин белгиледи. Мунун алдында, 8-мартта, Пенжабдын Ички иштер министрлиги 84 тыюу салынган уюмдун тизмесин жарыялап, жарандарды бул каттоодон өтпөгөн жана тыюу салынган түзүмдөргө кайрылбоого жана аларга кайрымдуулук кылбоого чакырды. Өкмөттүн билдирүүсүндө: «Тыюу салынган уюмдарга кандай гана жардам көрсөтүү болбосун, 1997-жылкы Терроризмге каршы мыйзамга ылайык кылмыш болуп саналат», — деп айтылып, мындай уюмдарды колдогон адамдар жазаланары эскертилди.

Пакистандын өкмөтү, анын ичинде юстиция министри, Батыштын кресттүү альянсынын башчысы болгон Америка жана анын коопсуздук мекемелери менен кызматташып жатканын ачык жарыялоо менен өз мыйзамдары боюнча чоң кылмышка барып, мамлекетке чыккынчылык кылып жатат. Бул кылмыш Пакистан мыйзамдарына ылайык, өлүм жазасына татыктуу. Бирок бул көрүнүш таң калычтуу эмес, анткени бул өкмөт АКШнын буйруктарын аткаруу үчүн гана түзүлгөн марионеткалык башкаруу органы. Ал өз алдынча чечим кабыл ала албаган, көз каранды башкаруучу күч болуп эсептелет. Демек, Юстиция министринин билдирүүсүнүн формасын өзгөртүп, “Америка өзүнүн тыюу салынган уюмдар тизмесин Пакистан өкмөтүндөгү тыңчыларынын жардамы менен жаңыртты” деп түз айткан туура болмок.

Бардыгына айкын болгондой, бул тыюу салынган уюмдар тизмеси Исламий партиялар менен кыймылдарга гана багытталган. Ал эми бул чаралардан кызыкдар тарап АКШ. Ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларды шылтоолоп, Исламга каршы кресттүү согушун баштагандан бери, мусулман өлкөлөрүндө жана бүткүл дүйнөдө Исламга каршы күрөшүн токтоткон жок. Бул кресттүү согуштун акыркы көрүнүшү АКШнын яхудийлердин жасалма мамлекетинин колу менен Палестинанын ыйык жерлеринде жүргүзүп жаткан геноциди жана Газа менен Батыш Жээктин тургундарын мекенинен сүрүп чыгаруу аракети болду.

АКШнын кресттүү саясаты Исламды өзүнүн жасалма жана зулумдукка негизделген цивилизациясына коркунуч туудурган жалгыз реалдуу альтернатива катары карайт. Ошондуктан ал Исламды жашоо системасы жана цивилизациялык альтернатива катары кармаган бардык кыймылдарды жок кылууга умтулуп жатат. АКШ Исламий кыймылдардын бардыгына кол салып келет. Алардын арасында саясий долбоору бар аң-сезимдүү топтордон баштап, жөн гана Исламий ураандарды көтөргөндөргө чейин бар. АКШ менен Батыш Исламдан ушунчалык коркуп, “саясий Ислам”, “жихадчы Ислам”, “гуманитардык Ислам” же башка кандай гана формада болбосун, аны жок кылууга аракет кылууда.

АКШнын буйругу менен анын тыңчы башкаруучусу Первез Мушарраф 2003-жылы «Хизб ут-Тахрир» партиясына тыюу салган. Бул партия Исламды ишеним жана жашоо системасы катары алып жүргөн, бирок өзүнүн саясий методологиясында күч колдонбойт. Мушарраф жана АКШ бул чындыкты билип турса да, партияны тыюу салууга буйрук берген, ал эми андан кийин келген Пакистандагы бардык саткын өкмөттөр бул тыюуну улантышты. Анткени алардын баары ошол эле АКШнын көзүн караган Мушаррафтын жолун улантуучу тыңчы өкмөттөр эле. Жакында Британия да ушул эле кадамга барып, «Хизб ут-Тахрир» партиясын тыюу салынган уюмдардын катарына кошту. Бирок Батыштагы эң карапайым адамдар да бул партиянын улуу цивилизациялык долбоорду көтөрүп жүргөнүн жана адамдарды капиталисттик ач көздүктүн кулчулугунан Исламдын адилеттигине жана акыйдасынын нуруна алып чыгууну максат кылганын билишет. Бул партия Батыштын эң чоң коргоочусу болгон яхудий мамлекети тарабынан эзилип жаткан Палестина калкы менен болгонун эр жүрөктүүлүк менен ачык жарыялап, Ислам үммөтүнүн кадырын тикелөө үчүн аракет кылып келет.

Америка жана анын кресттүү альянсы Ислам үммөтүн өзүнүн чынжырынан бошотуу үчүн төлөнө турган бааны жогорулатууга мажбур болмок эмес, эгер мусулмандардын өлкөлөрүндө, анын ичинде Пакистанда, азыркы саткын башкаруу системалары болбогондо. Батыш бул тыңчы башкаруучуларды Исламга каршы күрөшкө пайдаланууда. Эгер ушул өкмөттөр болбогондо, АКШ Ислам үммөтүн жок кылууга жана 2001-жылдын 11-сентябрынан бери ага каршы глобалдык согуш жүргүзүүгө жөндөмдүү болмок эмес. Ошондуктан, үммөт өз денесине жабышкан бул залалдуу шишиктерден – батышчыл башкаруу системаларынан арылууга милдеттүү. Айрым кыймылдардын жетекчилери башкаруучулардын жана алардын кожоюндарынын зулумдугуна чыдай албай, куралдуу каршылык көрсөтүүгө өттү. Бул болсо, өкмөттөрдүн алсыздыгы менен АКШнын бул аймактагы таасиринин негизги себеби болгонун далилдейт. Натыйжада, Экономика жана Тынчтык Институту жарыялаган 2025-жылдагы дүйнөлүк «терроризм» индексине ылайык, Пакистан экинчи орунга чыкты. Өкмөт менен бул куралдуу топтордун ортосундагы кагылышуулардан улам курман болгондордун саны өткөн жылы 45%га өсүп, 1081 кишиге жетти.

Үммөттү алдап, түздөн-түз душман менен кызматташып жаткан бул башкаруу системаларынын жана өкмөттөрүнүн ким экенин билген соң, мусулмандар аларды түп-тамыры менен жулуп, алардын ордуна адилеттүү Ислам башкаруусун орнотуу үчүн аракет кылууга милдеттүү. Бул иш бүгүн, ушул ыйык айда жана Ислам халифалыгы кулатылган күндөрдүн эскерүүсүндө үммөттүн мойнундагы эң чоң жоопкерчилик. Фикх аалымдары муну «бардык парздардын таажысы» деп аташкан, анткени бул Ислам башкаруусун тикелөөнү талап кылган эң маанилүү вазийпа.

Бул парз өзгөчө Пакистандын куралдуу күчтөрүндөгү ихлас (чын ыкластуулук) ээлери үчүн андан да маанилүү. Анткени алар ушул саткын башкаруу системасын кулатып, анын жетекчилерин бийликтен четтетүүгө жөндөмдүү. Алар «Хизб ут-Тахрир» партиясына жардам берип, анын Халифалыкты кайра тикелөө жана үммөттү улуулукка жеткирүү үчүн даярдаган саясий долбоорун ишке ашырууга шарт түзүшү керек. Халифалык румдуктарга өздөрүнө татыктуу жооп бере турган, бирок азыркы саткын башкаруучулардай болуп алар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турган мамлекет.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал, 24-аят).

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Пакистандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here