CASA-1000 долбоору кимдин кызыкчылыгы?
31-марттан тартып CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы Датка-Согд линиясына жарык бериле баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, CASA-1000 боюнча Кыргызстандын аймагындагы курулуш толугу менен аяктады. Датка-Согд линиясынын чыңалуусу 500 кВту түзөт. Бул долбоор аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо максат кылынат. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донорлор каржылап, Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар кредит алган. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган. CASA-1000 аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан жылына 4,6 млрд кВтс жарык экспорттолору болжолдонот.
Орто Азиядагы Кыргызстан менен Тажикстан республикалары дүйнөдө үлкөн суу запастарына ээ мамлекеттерден болуп саналат. Ар жылы дарыялар тоолордогу мөңгүлөрдөн ээрип түшкөн суулар менен толуп ташат. Кыргызстан аймагынын 75%дан ашыгын бийиктиги 7439 метрге жеткен тоолор түзсө, Тажикстан аймагынын 93%ын бийиктиги 7495 метрге жете турган бийик тоолор түзөт. Мамлекеттердеги бул табигый өзгөчөлүктөр аларга дээрлик күч сарптабастан электр энергия иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Үлкөн көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарып, ГЭСтер курулуусу өнүгүп жатканына карабастан, Орто Азия калктары жайы-кышы электр энергия таңкыстыгынан кыйналат. Мындан тышкары, электр энергия баалары ар дайым өсүп турат. Бир караганда бул иш 31 миллион афган калкынын жана 190 миллион Пакистан калкынын электр энергияга болгон муктаждыгын камсыздоого каратылган деген ой пайда болот. А бирок, бул долбоор аймакта аскерий баскынчылыгын жүргүзүп келе жаткан колонизатор Америка менен Британиянын долбоору болуп эсептелет. Бул долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы, USAID, Британия эл аралык шериктештик министрлиги сыяктуу Батыштын бир канча донор уюмдары каржылашууда. Эл аралык каржы уюмдар аталган долбоорду колдоо менен аймакты Орусия таасиринен тартып алууну максат кылат. Анткени, аймактагы байлыктар ач көз ири державалардын Орто Азияда таасир талашууларын арттырып баратат. Ооганстанда мындан ары туруктуулук ишке ашса жана Талибан АКШ баштаган эл аралык саясатка кошула турган болсо, Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор болуп калмакчы. Башкача айтканда, Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдары, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы. CASA-1000 долбоору ишке ашса, Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергия Ооганстан жана Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонулат.
“CASA-1000” долбоорунан негизги максат, Афганистан аркылуу Пакистанга узатыла турган энергиянын көбү ошол аймактагы табигый байлыктарды кайта иштеп чыга турган, батыштык колонизаторлорго кызмат кылган завод жана фабрикаларды иштетүүгө каратылган. Даяр продуктылар кемелер аркылуу ташылып кетет, андан түшкөн үлкөн пайдалар болсо чет элдик империалисттердин капчыгын кампайтат.
Жыйынтыктап айтканда, Батыш колонизатор мамлекеттери Орто Азия мамлекеттеринин табигый байлыктарына таянуучу долбоорлорду иштеп чыгуу аркылуу алардан өнүмдүү пайдаланууда. Алар регионго карата кандай долбоор иштеп чыкпасын, баары бир булардын пайдасы Орто Азия калктарына да, Түштүк Азия калктарына да тийбеген жана тийбейт дагы. Орто Азия жана Түштүк Азия калктары болсо мурункудай, энергияга муктаж бойдон кала берет.
Мумтаз Маверанахрий