Өзбекстан режиминин түрмөлөрүнөн дагы бир шахид чыкты

19
0

Басма сөз баяндамасы

Өзбекстан режиминин түрмөлөрүнөн дагы бир шахид чыкты

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Өзбекстандагы бөлүмү жалпы Ислам үммөтүнө жана өзгөчө Өзбекстан элине шейит Нусратулла Мирзокондовдун каза болгонун кайгыруу менен билдирет. Ал ушул берекелүү айда шейиттердин кербенине кошулду.

Аллах мээримине алсын, Нусратулла 1976-жылы Андижанда туулган. Ал исламий жашоону кайрадан баштоо чакырыгына жооп берип, «Хизб ут-Тахрир» сабына кошулган. Анын бул аракетине канкор диктатор Каримовдун режими 2000-жылы жооп кайтарып, Нусратулланы камакка алган. Ал кезде анын жашы болгону 24тө эле, жаштыгынын гүлдөп турган учуру болчу. Ал өмүрүнүн жарымынан көбүн зулум режимдин түрмөлөрүндө өткөрдү.

Катаал шарттарда, физикалык жана психологиялык кыйноолордун астында ал баш оорусуна чалдыгып, эпилепсияга (талма) кабыл болду. Ден соолугу өтө начар болгондугуна карабастан, Каримовдун канкор мураскери Мирзиеев аны бошоткон жок. А бирок, Өзбекстан режиминин түрмөлөрүндө киши өлтүргөн, баңгизат менен соода кылган, зордуктаган жана уурулук кылган кылмышкерлердин жазасы жеңилдетилип, алар эркиндикке чыгарылууда. Исламга чакырган дааватчылар үчүн бул режимде «адамгерчилик» жок. Алар «диний беренелер» боюнча өтө катаал айыпталат, соттон кийин да жазасы жеңилдетилбейт, атүгүл өлүм алдында турса да түрмөдөн чыгарылбайт. Биздин бир тууган Нусратулланын жана башка дааватчылардын башынан өткөндөр мунун ачык далили.

Бул жаштар «Раббибиз – Аллах!» деген сөзү үчүн өмүрлөрүн караңгы, нымдуу түрмөлөрдө өткөрүштү. Алардын көбү өлүмдүн босогосуна келип калышты. Ал эми кылмышкерлерди «ден соолугу начар» деген шылтоо менен бошоткон Өзбекстан режими эч күнөөсү жок жаштарды адилетсиз түрдө чейрек кылым бою түрмөдө кармап турат. Бүгүн бул зулум режим өзүнүн кылмыштарын ого бетер күчөтүп, түрмөдөн чыккан жаштарды кайра камап, аларга узак мөөнөттүү жазаларды берүүдө. Буга мисал катары 15 жашында камалган 31 жигиттин соттолгонун айтсак болот. Бул Каримов режими кандай катаал болсо, Мирзияевдин режими да андан кем калышпай жатканына далил.

Өзбекстан режими Аллахтын досторуна зулум кылуу менен өзүн дүйнө алдында маскара кылды. Эми алар Кыямат күнү катуу азапка жана жүздөрүнүн карайышына даяр турушу керек!

Нусратулланын эркиндикке чыгышына бир жарым жыл калган болчу. Бирок анын эпилепсиясы күчөп, талмасы кармап жыгылды да, мээсине кан куюлуп кетти. Аны түрмөдөн чыгарып, операция жасашты, бирок анын ажалы жетип, аманатын Раббисине тапшырды. Жаназа маалында: «Нусратулла деген аттын мааниси – Аллахтын жеңиши» деп айтылды. Аллахтын каалоосу менен ал жеңишке жетип, бул дүйнө менен кош айтышты. Пайгамбарыбыз ﷺ  айтты:

من قام على لا إله إلا الله لا يكون له هول الموت ولا هول القبر ولا هول يوم القيامة

«Ким «Лаа илааха иллаЛлах» деген сөздө бекем турса, ал үчүн өлүмдүн да, кабырдын да, Кыямат күнүнүн да коркунучу болбойт» (Ибн Умар риваяты).

Биз Аллах Тааладан Нусратулланын бул коркунучтарды көрбөстөн өтүүсүн тилейбиз. Аллах бизге да түз жолдо бекем болууну насип этсин! Жаназа намазында ушул дубалар айтылып, элдин жүрөктөрү титиреп, көздөр жашка толду. Нусратулла үйлөнгөн эмес жана андан тукум калган жок.

Биз Нусратулланын кеткени үчүн кайгыруудабыз, бирок анын орозо кармап, Рамазан айында Аллахка жолугушканына суктанып турабыз. Чыныгы жеңиш ушул! Нусратулла анын ыйманын жана туруктуулугун сындырууга аракет кылган заалимдерди жеңди, ал эми алардын өздөрү жеңилди. Аллах айтты:

﴿مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا﴾

«Момундар арасында өздөрү Аллага берген (Ал Заттын жолунда жихад кылып шейит болуу жөнүндөгү) убада – шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан, алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды (тактап айтканда, шейит болушту), алардан (айрым) кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллага берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок». (Ахзаб, 23-аят)

Оо, Аллахтын сүйүктүү кулу, Нусратулла! Биз сени шейиттердин катарына кошулган деп үмүттөнөбүз, бирок Аллах алдында эч кимди актай албайбыз. Биз Аллахтан бир тууганыбызга мээрим төгүп, аны бейиштеги шейиттердин катарына кошушун сурайбыз. Анын жакындарына сабыр тилеп, Аллахтын ыраазычылыгына ылайыктуу сөздөрдү гана айтабыз:

﴿إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ﴾

«Албетте, биз Аллахка таандыкпыз жана албетте, Ал Затка кайтуучуларбыз» (Бакара, 156-аят)

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Өзбекстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here