Өзбекстанда намазга барууга тыюу салынууда

13
0

Өзбекстанда намазга барууга тыюу салынууда

Рамазан айынын башталышы менен Өзбекстан мечиттеринде күч органдарынын рейддери көбөйдү жана мечиттерге барууга жаш курагы боюнча тыюулар бар экендиги тастыкталды. Рейддер Өзбекстан муфтийи Нуриддин Холикназаровдун, ыйык айда таравих намазына балдарды алып барбоо боюнча жамаатка кайрылуусунан кийин башталды. Республикадагы айрым аймактарда бул рейддерге мугалимдер да тартылууда. Бул тууралуу Азаттык Азия жазды.

Социалдык тармактардагы видеолордон ички иштер органдарынын кызматкерлери чоңдор менен бир катарда намаз окуп жаткан балдарды колунан кармап, сыртка чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Өзбекстанда балдарды мечиттерден чыгаруу боюнча мындай учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Анткен менен, муфтийдин Каримов убагынан бери уланып келе жаткан бийлик менен мусулмандар ортосундагы күрөштө ачыктан ачык бийлик тарапка өткөндүгү биринчи жолу болуп жатат.

«Кичинекей балдарды үйдө калтырса болот, анткени мечитте алар чуркап, ойноп, мечитке келгендерге тоскоол болуп жатышат. Азыр окуу жылы, балдар эртең менен эрте туруп, мектепке баруусу керек. Ошондуктан, аларды үйдө калтырып, намаздарга үй-бүлө ичинде катышуусун камсыз кылуу жакшы», – деди өзбек муфтийи.

Бул сөздөр Өзбекстан мусулмандарынын арасында нааразычылык жаратты, анткени балдар кичинесинен ыйман мухитине бөлөнүп, намаз үйрөнүшү керек. Анын үстүнө, ибадаттарды үйрөтүү жана ислам коомун бекемдөө имамдар менен муфтияттын милдети болуп саналат.

Анын ордуна муфтий жана имамдар бийликтин тыюуларын актоо үчүн акылга сыйбаган себептерди ойлоп табышууда жана аларды бийлик чектөө киргизүүдө расмий шылтоо катары колдонууда.

«Бүгүн мен имамдарга да айттым, эгер бала мечитке барууну талап кылса, атасы ага: «Уулум, үй тапшырмаларыңды аткар, укта, мен мечитке барып, сен үчүн намаз окуйм» деп айтсын. Эгер мындай 2-3 жолу кайталанса жана аталар балдарын кечки намазга алып барууну улантса, анда намаздан кийин биз имамдар ошол аталарды балдары менен чогултуп, алар менен өзүнчө сүйлөшөбүз», – деди Өзбекстандагы мечиттердин биринин имамы.

Өзбекстан муфтийинин балдарды таравих намаздарына алып барбоо боюнча чакыруусунан кийин, өлкөнүн айрым аймактарында мечиттерге кирүүдө көзөмөл күчөтүлдү жана бул иш-чараларга ички иштер органдарынын кызматкерлери жана мектеп мугалимдери тартылды. Фергана өрөөнүндө жана Өзбекстандын башка аймактарында ички иштер органдары муфтийдин сөздөрүнө таянып, балдарды мечитке киргизбей жатышат.

Өзбек бийлиги балдардын мечиттерге жана диний иш-чараларга катышуусуна тыюу салуу аракетин биринчи жолу жасап жаткан жок. Мирзиёевдин президенттик мөөнөтүнүн алгачкы жылдарында Исламга каршы күрөшүү саясатынын алкагында мектеп окуучуларына каникул учурунда мечиттерге барууга тыюу салынган. Ал учурда бул тыюу расмий бийлик тарабынан жана диний жетекчилер тарабынан колдоого алынган.

Исламга каршы күрөштүн күч алышы, бул күрөш өзбек жаштарына өзгөчө каратылышы, өлкөдө Ислам адамдарга, айрыкча өспүрүмдөргө терең таасир этиши менен байланыштуу. Бийликтин Ислам менен күрөшүүдөгү түрдүү ыкмалары түгөнүп, эми болсо жаштардын аң-сезимин күч менен коркутуп болсо да ислам таасиринен тосууга аракет кылып жаткан чагы, анткени, ислам адамды жаштайынан шахсия кылып тарбиялоого кудуреттүү.

Мирзиёевдин Каримовдун жолун улап, динге каршы күрөшүн улантып жатканы белгилүү факт, ал өз бийлигин сактоо үчүн Россия жана Батыштын саясатын аткарууда. Ошондой эле, бийликти жана анын кылмыштарын коргоого алган укук коргоо органдарын өз кылмыштарына шерик кылуусу да таң калыштуу эмес.

Түпкүлүгүндө, мечиттерде намаз окуу кылмыш эмес жана өзбек элинин салттарына да каршы келбейт. Ал эми полиция жана мугалимдер жумуш ордун сактап калуу керектигин бетке кармап, бийликтин кылмыштуу буйруктарына баш ийүүгө мажбур экенин айтышса, диний кызматкерлердин кандай актануулары бар болду экен?

Аллах Таала ыйык Куранда айтты:

“(эй инсан), бир пендени намаз окуган убагында (намазынан) тосуучу кимсени көрдүңбү?! Кабар берчи, эгер ал (намаз окуучу) өзү Туура Жолдо болсо, же (башкаларды) такыбаалыкка (Алладан коркууга) буюрса, аны намаздан жана такыбаалыктан тоскон кимсе жок болбойбу? Кабар берчи, эгер ал (намаздан тосуучу кимсе Алланын Китебин) жалган десе жана (ал Китепке ыйман кептирүүдөн) жүзүн бурса, албетте Алла (анын бардык кылмыштарын) көрүп турушун билбейби?! Жок! Ант болсун, эгер ал (мындай адашып – жаңылуудан) токтобосо, албетте Биз анын бешене чачынан – ошол жалганчы, адашкан бешене чачынан тутаарбыз – да, (жаханнамга ыргытаарбыз)!” (Алак: 10-15).

Аллах Субханаку мечиттерде намаз окууга тоскоолдук кылууну анык күнөө катары сыпаттайт. Аллах өзүнүн бул сүрөөсүндө намаз окуп жаткан адамга тоскоолдук кылгандарга Анын каары болорун жашырбайт жана эгер ал намаз окуп жаткан адам акыйкат жолунда болсо, аны бекем карманган болсо, муфтийлер жана имамдар намазга каршы чыгуусу менен Аллахка карата чоң душмандык кылып жатышабы? Ачыктан ачык эле момундарга тоскоолдук жаратууну бир гана туура жолдон адашкан адам жасайт жана ал башкаларды да адаштырат. Ошондой эле бул сүрөөдө Аллах кантип эле пендеси акыйкатка каршы чыгып, Куранды тааныбай, Аллахтын буйруктарынан жүз буйруп кетет деп таң калууда. Же болбосо, пенделер Аллах бардык нерсени – ачыкты да купуяны да көрүп тургандыгын, анын ар бир кыймыл аракетин көрүп турганынан беймаалымбы?

Латыфуль Расых.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here