Жапаров ШКУ катчысы менен жолукту
18-мартта Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы менен жолукту. Жапаров Кыргызстан ШКУдагы мүчөлөгүнө өзгөчө маани берерин жана уюмга мүчө мамлекеттер менен мындан ары терең кызматташуу зарыл экенин баса белгиледи. Өз кезегинде ШКУнун Башкы катчысы Кыргызстан уюмдун иш-аракетине жигердүү катышып жатканын айтты.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн дөө шаа өлкөлөрү өздөрүнүн кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу үчүн ар кандай аскерий, саясий, соода жана башка уюмдарды түзүп келишет. Бул уюмдар бир гана алардын кызыкчылыгын камсыздайт. Ал эми андай уюмдарга мүчө болгон өлкөлөр аларды ээрчүүдөн башка аргасы жок. Маселен НАТО, ЖККУ, QUAD, ШКУ уюмдары жалаң гана держава мамлекеттердин кызыкчылыгын камсыздоого багытталган.
Биздин өлкө мүчө болгон Шанхай кызматташтык уюму да ошондой уюмдардын катарынан. Уюмда Россия менен Кытай чоң таасирге ээ болуп, өздөрүнүн саясатын ишке ашырууда уюмдан пайдаланып келишет.
Маселен, Россия 2014-жылы уюмдун жыйынында Крымды Россиянын аймагы деп таануу маселесин көтөргөн. Ал эми 2022-жылы Украинадагы согуш башталганда Россия БУУда Украина маселеси боюнча добуш берүүдө ШКУ мүчөлөрүнүн бир позицияда туруусуна аракет кылган. Ошентип Россия ШКУну өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып келүүдө.
Кытай үчүн «Бир жол, бир алкак» долбоору абдан маанилүү. Себеби бул долбоордун алкагында Кытай товарлары өлкөнүн батышы тарабынан (Борбор Азия аркылуу) Европага, Азия өлкөлөрүнө жеткирилет. Ошондуктан бул долбоорго зыян жетпеши үчүн, Борбор Азия өлкөлөрүндө Кытайга каршы маанай жаралбашы керек. Кытай ушул максатта ШКУнун алкагында Борбор Азия, анын катарында Кыргызстан менен кызматташуусун өнүктүрүүдө. ШКУнун алкагында Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү катышкан аскерий машыгуулар тынымсыз өткөрүлүп келет. Андан тышкары терроризм жана экстремизмге каршы күрөш алып барылууда. Терроризм жана экстремизмге каршы күрөштүн түпкү максаты – Исламга каршы күрөш. Анткени, Кытай Исламдын өсүшүнө жана мусулмандардын биригишине каршы. Себеби Исламдын өнүгүшү Борбор Азия мусулмандарынын боордош уйгур мусулмандарына карата тилектештигин, жан тартуусун күчөтөт, арийне Кытай режимине каршы маанайды жаратат. Ошондуктан, Кытай ШКУнун алкагында терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен ар кандай машыгууларды өткөрөт.
Көрүнүп тургандай ШКУ держава мамлекеттердин гана кызыкчылыгын камсыздоодо. Алар бул юумдарды курал катары пайдаланып, өздөрүнүн баскынчылык саясатын ишке ашырып келет. Мындай уюмдарга мүчө болуу кооптуу. Себеби ички саясатыбыз, стратегиябыз бул өлкөлөргө күн карама болуп калат. Андан тышкары ушул уюмдардын буйругу менен кандай Ислам алгылыктуу жана кайсы Ислам коркунучтуу экени белгиленип, өз өлкөбүздөгү мусулмандарга кысымдар, куугунтуктоолор жасалат.
Харун Абдулхак