بسم الله الرحمن الرحيم
ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК
(5)
Коомду оңдоонун негиздери
Коомду оңдоону бир сухбатта түшүндүрүү мүмкүн эмес, бирок биз негизгилерин жана коомду оңдоого алып барган жолдорду кыскача баяндайбыз. Коомдун негиздери төртөө деп өттүк, алар кандай болсо коом да ошондой болот. Коомдун негиздеринин биринчиси жана негизгиси – бул пикирлер. Коомдо кандай пикирлер өкүмдар болсо, коом да ошондой сыпатта болот, анткени коомдун калган үч негизи да ага көз каранды.
Пикир болушу үчүн төрт нерсе зарыл:
Биринчиден. Саламат (т.а. айтылган маалыматты өз вакыйына байлоо касиети же тескерисинче сезилген вакыйлыкка алакадар маалыматты табуу жөндөмү бар) мээ; сезүү; вакыйлык; ушул вакыйлыкты баяндаган маалыматтар. Эгер, алардын бири болбосо пикир болбойт. Маселен, көр адам түстөрдү, дүлөй инсан дабыштарды түшүнбөйт, пикирлей албайт же айтылган маалыматтын вакыйын элестете албаса да пикир болбойт. Т.а. айтылган маалыматтардын вакыйы болбосо маалымат боюнча гана калат. Пикирлер жөнөкөй же татаал болушу мүмкүн. Маселен, жаан жаап жатат, жаан күчөп кетти же кар жаады деген сөздөрдүн вакыйлыгын ар кандай инсан элестетиши мүмкүн. Ал эми коомдо зулум күчөп жатат же бизди башка мамлекеттер башкарууда деген пикир башка пикирлердин жардамында түшүнө турган саясий пикирлер болуп эсептелет.
Бир пикирди сезим менен биргеликте башка пикир жардамында пикирий түшүнүүгө мисал келтиребиз. “Жер шары саатына 1 666,7 км ылдамдык менен өз огунда айланат” деген пикирди түшүнүү үчүн жер шарынын айланасы 40000 км экени туурасындагы пикирди жана күнү-түн 24 саатка барабар экени жөнүндөгү пикир менен 40000÷24≈1 666,7 км/с экени тууралуу элес пайда болот. Бул пикирди сезимдин өзү менен элестетүү мүмкүн эмес. Муну акылды иштетпеген же акылы саламат болбогон инсан түшүнбөйт. Айрым пикирлер бар, аларды ошол тармактын аалымдары гана түшүнөт: оорунун себептерин, инсандын ден соолугуна залал келтирген вирустарды медиктер түшүнүшү же жердин күндү айланган ылдамдыгын (105444 км/с), жарыктыктын ылдамдыгын астрономдор, заманбап техникалардын иштөө ыкмаларын конструктор окумуштуулар же шаръий өкүмдөрдү Куръан жана хадистерден иштеп чыгууну мужтахиддер түшүнөт. Андай тармактарда инсан акылы жетпестигин моюнга алып, бул жөнүндө эч кандай пикир билдире албастыгын, аалымдардан гана уккан пикирлерди айтышы, мындай тармакта талкуулашууга күчү жетпешин ачык айтуу да акылмандык болот. Эмнеси болгондо да ар бир инсан акылын иштетиши, өзүнүн деңгээлинде пикирлерди түшүнүү үчүн аракет кылышы фарз. Аллах Таала жүздөгөн аяттарда акылды иштетүүнү буйруп, акыл иштетпегендерди каралаган, аларды акыйкатты көрө албаган, уга албаган акылсыз кимселерге окшоткон. Аллах Таала айтат:
وَإِذَا قِیلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡا۟ إِلَىٰ مَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَإِلَى ٱلرَّسُولِ قَالُوا۟ حَسۡبُنَا مَا وَجَدۡنَا عَلَیۡهِ ءَابَاۤءَنَاۤۚ أَوَلَوۡ كَانَ ءَابَاۤؤُهُمۡ لَا یَعۡلَمُونَ شَیۡـࣰٔا وَلَا یَهۡتَدُونَ
«Качан аларга: “Аллах түшүргөн нерсеге жана пайгамбарга келгиле” делсе, алар: “Биз үчүн ата-бабаларыбызды эмненин (кайсы диндин) үстүндө тапкан болсок, ошол жетиштүү”, дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана хидаятты таппаган болушса дагыбы, ыя”. [5:104].
وَمَثَلُ ٱلَّذِینَ كَفَرُوا۟ كَمَثَلِ ٱلَّذِی یَنۡعِقُ بِمَا لَا یَسۡمَعُ إِلَّا دُعَاۤءࣰ وَنِدَاۤءࣰۚ صُمُّۢ بُكۡمٌ عُمۡیࣱ فَهُمۡ لَا یَعۡقِلُونَ
«Кафир кимселер кудум доош менен чакырыкты гана угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөгөн, айбандарга кыйкырып жаткан кишини элестетет. Алар дүлөй, дудук, көр. Демек, ой жүгүртө алышпайт”. [2:171].
Эми вакыйлыгы жок, т.а. кайып нерсе болсо ал акылдын иштөө алкагынан тышкарыда болот жана маалыматтын туура экени текшерилет. Маселен, инсандын дүйнөгө келишин акыл элестетүүсү мүмкүн, ошондуктан инсандын нутфадан дүйнөгө келиши жөнүндөгү пикир акылий болуп, адам инсандын кайра тирилишине толук ишенсе да, элестете албайт. Бирок ал акылы менен кабыл алат, анткени ар бир нерсени билүүчү Зат Аллах Таала акылий далил менен кабар берүүдө. Т.а. топурак болуп кеткен бактарды дагы кайра тирилткендей, инсандын да – акылыбызга сыйбаса да – кайра тирилишин акылий далил менен түшүндүрүүдө:
فَلَا یَحۡزُنكَ قَوۡلُهُمۡۘ إِنَّا نَعۡلَمُ مَا یُسِرُّونَ وَمَا یُعۡلِنُونَ () أَوَلَمۡ یَرَ ٱلۡإِنسَـٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَـٰهُ مِن نُّطۡفَةࣲ فَإِذَا هُوَ خَصِیمࣱ مُّبِینࣱ () وَضَرَبَ لَنَا مَثَلࣰا وَنَسِیَ خَلۡقَهُۥۖ قَالَ مَن یُحۡیِ ٱلۡعِظَـٰمَ وَهِیَ رَمِیمࣱ () قُلۡ یُحۡیِیهَا ٱلَّذِیۤ أَنشَأَهَاۤ أَوَّلَ مَرَّةࣲۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلۡقٍ عَلِیمٌ () ٱلَّذِی جَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلشَّجَرِ ٱلۡأَخۡضَرِ نَارࣰا فَإِذَاۤ أَنتُم مِّنۡهُ تُوقِدُونَ () أَوَلَیۡسَ ٱلَّذِی خَلَقَ ٱلسَّمَـٰوَ ٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِقَـٰدِرٍ عَلَىٰۤ أَن یَخۡلُقَ مِثۡلَهُمۚ بَلَىٰ وَهُوَ ٱلۡخَلَّـٰقُ ٱلۡعَلِیمُ () إِنَّمَاۤ أَمۡرُهُۥۤ إِذَاۤ أَرَادَ شَیۡـًٔا أَن یَقُولَ لَهُۥ كُن فَیَكُونُ
«Ошондуктан сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын! Негизи, Биз алардын жашырган нерселерин да, ашкере кылган нерселерин да билебиз. Адам баласы, Биз аны нутфадан – бир тамчы суудан жаратканыбызды, эми болсо кокустан ал (өзүбүзгө) ачык каршылык кылуучу болуп калганын көрбөдүңбү?! Ал бизге: «Чирип бүткөн сөөктөрдү ким тирилте алсын? – деп мисал келтирди, (бирок) өзү (бир тамчы суудан) жаралганын унутту. Айткын: «Ал (чириген сөөк)төрдү мурда (бир тамчы суудан) пайда кылган Зат кайра тирилтет. Ал (Өзү жараткан) бардык нерсени билүүчү. Ал силер үчүн жап-жашыл дарактан алоо-от пайда кылган Зат. Силер ошондон от жагасыңар. Асмандар менен жерди жараткан Зат дагы алардын окшошун жаратууга кудуреттүү эмеспи?! Жок, (албетте кудуреттүү) Ал гана жаратуучу жана билүүчү. Кандайдыр бир нерсени (жаратууну) каалаганда, Анын иши бир гана «Бол!» деш. Демек, ал (нерсе) болот». [36:76-82].
Акылыбыздын күчү жетпеген маселелерде адистердин пикирин алышыбыз керек. Бирок алардын сөзүн кабыл алуудан мурун акылыбызга жараша илимин жана ишеничтүү экенин (т.а. фасык эместигин) текшеришибиз керек. Аллах Таала жана Расулу Мухаммад (соллалоху алайхи ва саллам) айткандай ар кандай кабарга ишенишибиз ыйман талабы эмес, тескерисинче, кафирлерден болуп калабыз, Аллах сактасын.
Кыскасы, оболу пикирий үйрөнүү. Коомдогу ар бир сөздүн канчалык чындык экенин пикирий үйрөнүүбүз, ар бир пикирди булагына чейин пикирлешибиз, өз вакыйына байлашыбыз, алардын натыйжаларын элестетүүбүз, акылыбыз жетпеген жайда токтообуз зарыл. Акыл жетпеген маселеге киришүү акылдан эмес, ал куру кыял гана. Ошондо туура-чындык болгон акыйкатты кабыл алышыбыз да, туура эмес пикирге каршылыгыбыз да, аалымдарыбызга болгон мамилебиз да аң-сезимдүү болуп, башкаларды алдабайбыз, өзүбүз да адашпайбыз. Туура пикирлерди көтөрүп чыккандарды колдойбуз, акыйкат өкүмдар болот, бузгунчулуктардын булагы болгон ката пикирлерден коом тазалана баштайт.
Экинчиден: пикирге ишенүү жана амал кылуу. Үйрөнгөн акыйкатка оболу өзүбүз ишенүүбүз, амал кылышыбыз керек. Анткени, биз туура жашоо үчүн акыйкатты издеп жатабыз. Дүйнө кордугунан жана Акырет азабынан арылуу үчүн аракет кылбоо, акыйкаттарга каршы чыгуу акылдуу адамдын иши эмес, бул текеберлик болуп эсептелет. Андан кийин жакындарыбызга, башкаларга айтышыбыз, акыйкат жүзөгө келиши үчүн пикирлер үстүндө талкуулашуу керек. Аныкталбаган, текшерилбеген, пикирий түшүнүлбөгөн сөздөр жөнүндө талкуу кылуу акылдуу инсандардын иши эмес, же акыйкат экенине акылыбыз жетпесе же ага, булагына ишенбесек, эч болбогондо башкаларды алдабайлы, пикирлөөнү, акыйкатты издөөнү уланталы. Анткени акыл инсанды айбандардан өзгөчөлөнткөн ниъмат болуп, пикирлөө менен инсан айбандан айырмаланат. Пикирлөөсүз адам айбандан да жаман абалга түшүп калышы мүмкүн.
Үчүнчүдөн: туура жолду көрсөтүү. Көпчүлүк адамдар коомдун бузгунчу экенин, зулум күндөн күнгө күчөп бара жатканын билет, жада калса зулумдардын, кыйынчылыктардын башкы себепчиси кимдер экенин да билишет. Куфр мамлекеттери дүйнөдө эмнелерди кылып жатканы да сыр болбой калды. Адамдар андан арылуунун жолун гана билбей жатышат. Акыйкатсыздык, адилетсиздикти кайра-кайра айтуу менен проблема чечилбейт. Жаңы-жаңы зулумдардын, айла-амалдардын бетин ачуу менен элибиз туура кадамдарга барбайт, андай билдирүүлөрдөн ыраазы да эмес. Адамдар “зулумдан, кордуктан чыгуунун жолу кана, эмне кылышыбыз керек” деп зар какшап жаткандай. Бирок чыныгы жетекчи адамдарга жылдар бою “эл душманы” катары көрсөтүлгөндөн кийин туура сөздү далилсиз сүйлөсө, кабыл алуу биякта турсун, а түгүл ага кулак да салышпайт. Бирок пикирий кылып берилсе акылдуу инсандар көп, акыйкат менен акыйкатсыздыкты айырмалоого күчү жетет. Анткени, азыр баары туура жолбошчыга, ишеничтүү жетекчиге муктаж, эмне кылууну билбей турат же үмүтсүздүккө түшкөн. Адамдар жалындуу сөздөргө ишенбей калышты, жада калса эл үчүн жанын сайган чыныгы жетекчиге да күмөн менен карайт. Ошондуктан даъватчылар чоң-кичине болсун, негизги же экинчи даражадагы болсун, ар бир маселедеги ката пикирди ачыктап, катасын көрсөтүп, ошол эле учурда туура пикирди да баян кылып, аны туура экенин далил менен канааттандыруусу, адамды эмес, акыйкатты, туура пикирди ээрчүүнү үйрөтүүсү керек. Тарыхтан ибрат алып, келечек жөнүндөгү жолду көрсөтүү зарыл т.а. бир эле учурда бузгунчулукту күйдүргөн от жана туура жолду, хидаятты көрсөткөн нур болушу керек.
Коомубузду башкалар келип оңдоп беришпейт. Өзгөлөр бизден кантип пайдалануу, өз максатына кандай жетүү, бизди жалгандарына, айла-амалдарына ишендирүү жөнүндө иш алып барышат. Айрыкча, коомдо пайда-зыян өлчөө болгондо өзүбүздөн чыккан жетекчилер да өз пайдасын ойлоп жатышканын, элге кылган кыянаттары ачылып, мыйзам алдында жооп берүүдөн коркуп, кожоюндарынын кучагында жанын сактап жатышканын көрүп турабыз. Алардын өз калкынан качышына шылтоо – алардын ишин чет элден келип текшерүү зарыл имиш, адамдардан талап кылып келген мыйзамдарга, сот-прокурорлорго өзүлөрү ишенишпейт экен, деги элдин тагдырын ошол мыйзамдар, ошол сот-прокурорлор чечип жатат го?!
Төртүнчүдөн: урф амманы пайда кылуу. Ар кандай инсан бир ишти туруктуу кылып жүрүшү адат делет. Маселен, бир түрдө кийиниши, кандайдыр бир дене тарбия менен шугулданышы же күн сайын эрте менен дүкөнүн ачып жаткан соодагердин иши сыяктуулар адат деп айтылат, жада калса көпчүлүк болуп кылса да. Маселен, көпчүлүк шаардыктардын саат 10-11де көчөгө чыгышы же соодагерлердин саат 8де дүкөнүн ачышы сыяктууларды көпчүлүк адамдар туруктуу бир убакытта кылышса да, бирок эл тарабынан маънавий (моралдык) түрткүсүз, өз ыктыяры менен кылышса адат болот. Ал эми бир ишти көпчүлүктүн маънавий таасири: бир ишти кылуу туура, сыймыктуу, макталган иш, кылбастык уят, шерменделик деп элдин каршылыгы же колдоосу менен бир шаар-айыл калкы адаттанган иш урф делет. Аны коомдун бардык айыл-шаарларында кылуу урфка айланган болсо, ал “жалпы урф” (урфи амма) делет.
Коомдо туура иштерге карата жалпы урфтар пайда болсо гана коом жогорулап баштайт. Анткени урф баарына: жаш-карыга, аалым-жупунуга, жетекчи-жумушчуга таасирин тийгизет. Ошондо акыйкатты карманбаган фасыктар да оңдолууга мажбур болот. Анткени инсандын негизи да төрт нерседен: акыйда, ибадат, мамиле жана ахлактан турат. Эгер, ушул төртөөсү туура болсо, ошол инсан жакшы инсан болот. Массалык түрдө жаман кулк-мүнөздөрдү, туура эмес мамилелерди жаман көрүү, кыжырдануу сыяктуу маънавий каршылыктар, ошондой эле туура мамилелерге, жакшы адеп-ахлакка суктануу, сыймыктануу сыяктуу маънавий колдоо урфка айланышы бардык адамдарга күчтүү таасир кылат. Бир адамды жекече тарбиялап жатканда ушул төрт тармакка көңүл буруу керек. Алардын бири бузук болушу менен инсан жакшы сыпатка ээ болбойт. Бирок баарынын эле жеке абалда тарбияланууга убактысы болбойт же убакыт бөлүүнү каалабайт, андай инсандарды урф тарбиялайт. Ошондуктан даъватчылар, уламалар, имам-дамлалар, жада калса коомду оңдоону көздөгөн ар кандай жаран урфтарга көңүл бурушу керек. Туура болсо колдоп-кубатташы, туура эмес урф болсо, бузгунчулук, кылмыштын булагы болгон жаман урфтарды жоготуу үчүн өз салымын кошуусу керек. Бул – Исламдын негизги талабы, Умматтын сыпаты. Анткени, амру-маруф жана нахий-мункар ар бир момунга фарз, бул фарзды кылбаган инсан күнөөкөр болот т.а. мусулмандардын урфунда Аллах Тааланын каарын келтирген нерселерге орун болбошу керек.
Расулуллах (с.а.в) Абу Масъуддан (р.а) риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Исраилге эң алгачкы кирген жамандык ушул болгон – бир киши башка кишиге жолукканда: «Эй, баланча, Аллахтан корккун жана бул кылып жатканыңды таштагын, анткени бул нерсени кылуу сен үчүн дурус эмес», – дейт. Эртеси күнү (ал адам) аны менен учурашканда аны дагы ошол абалда көрөт. Бирок бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге олтуруудан кайтарбаган. Алар ушундай кылышкан соң, Аллах алардын айрымдарынын жүрөктөрүн айрымдары менен урду». Андан соң Расулуллах (с.а.в) ушул аятты тилават кылды:
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
«Бани Исраил арасында кафир болгон кимселер Давуд менен Ыйсанын тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бир-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кишилерди дос туткандыктарын көрөсүң. Аларга көңүлү каалаган нерселери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллахка, пайгамбарга жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды дос тутпаган болушаар эле. Бирок алардын көптөрү фасыктар“. [5:78-81]
Андан соң мындай деди: «Жок, таптакыр, Аллахка ант болсун, силер шексиз жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер залимдин колунан шексиз кармап каласыңар жана аны акыйкатка ийдиресиңер жана шексиз аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же шексиз Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын жүрөгү менен урат, андан кийин аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт». Хадиске көңүл бурсак, фасыктардын эң зыяндуусу болгон залимдерди да акыйкатка мажбурлоо талап кылынууда. Антпесе биз да Аллахтын каарына дуушар болобуз, наалатына акылуу болуп калабыз, Аллах сактасын.
Муфаккир Абдулхак