Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жандууларды бетке уруп, жаагына тамга басуунун арамдыгы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Нававинин “Сахих аль-Имам Муслимге” берген шархында Пайгамбар (с.а.в)дын: “Жандууларды бетке уруу жана жаагына тамга басуунун арамдыгы ” бөлүмүндө айтылат:
حدثني سلمة بن شبيب حدثنا الحسن بن أعين حدثنا معقل عن أبي الزبير عن جابر، أن النبي صلى الله عليه وسلم مر عليه حمار قد وسم في وجهه فقال: “لعن الله الذي وسمه
Бизге Салама бин Шабиб Жабирден риваят кылды: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жаагына тамга басылган эшектин жанынан өтүп бара жатып, ал: “Аны баскан адамга Аллах наалат кылды”, – деди.
Сүйүктүү бир туугандар!
Жаныбарды жүзүнө тамга баскан адамга наалат айтылды. Мына ушуну Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге үйрөткөн. Бул биздин улуу динибиз. Бирок азыркы биз жашап жаткан коом сөздүн бардык маанисин камтыган зулумдук жана адилетсиздикке баткан коом. Аллахка касам, ал тургай капитализмдин чириген чындыгын (вакыйын) түшүндүрүүдө “зулумдук, адилетсиздик” деген сөз жетишсиздик кылат. Бул капиталисттик системада жашоонун өзү бааланбай тургандыгы бизге ачык айкын болуп калды. Жаныбарлардын жашоосу биякта турсун адамдын жашоосу бааланбайт. Улуу жана Кудурет ээси жараткан жандууларга таш сыяктуу мамиле кылат, бул жаратылган жандуулардын куураган капитализмде эч кандай кадыр баркы жок. Эгер капиталисттер мунун тескерисин айтса да, жаныбарга жумшак мамиле кылам десе да, “жаныбарларды коргоо бирикмелери” деп аталган бирикмелерди түзсө да чындык ушундай. Бак-дарактан түшө албай калган мышыктын сценасын бизге тартып, аны түшүрүү үчүн болгон тажрыйбасын, техникасын, мүмкүнчүлүгүн жумшап жатканы, канчалык чын болду экен? Же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып, деңизден чыккан китти сууга кайтарууга аракет кылып жатканы, канчалык чын болду экен? Жаратылыш кырсыктарынан улам өлүм алдында турган кээ бир жаныбарларды ташыган учактар тууралуу телевидение, медиа камералардан чагылдыруусу канчалык чын болду экен?
Эй мусулмандар!
Батыш бул дооматты бетине кармап алып адамдарга жалган айтуусу, демократия же эркиндик деген ураанында да адамдарга жалган айтуусу сыяктуу. Батыш коому бактылуу жашап жатат дегени, коомдук адилеттүүлүккө жетти дегени, адам укуктары корголуп жатат дегени же баардык иштерде адилеттүүлүк өкүм сүрүп жатат дегенинин баары жогоруда айтылган жалгандардын бири. Бүгүнкү күндө жаныбарлардын жашоого болгон укугу мындай турсун адамдын жашоого болгон укугун быт-чытын чыгарып, Палестинада бүтүндөй бир аймакты таш талкан кылып, милиондогон элин ал жерден кууп, кыргын сүргүн кылып жатканы батыштын бул жалган дооматынын ачык бир далили.
Батыш бизди ынандырууга аракет кылып жаткан бул вакыйга батыштын өзү карама-каршы келет. Бизде Батыштын жаныбарларга жасаган мамилесин көрсөткөн чеке тырыштыра турган реалдуу көрүнүштөр бар. Аллах жүрөгү сокур кылган батыштын кээ бирөөлөрү бул тери кымбат деген шылтоо менен тирүү кезинде эле кээ бир жаныбарлардын терисин тескери сыйрып алган көрүнүшүн көргөнүбүздө башкасын айтуунун да кажети жок. Кээ бирлери ичи көөп кеткенден кийин өңү өзгөрүп, эти даамдуу, кымбат болуп калат деген шылтоо менен аппаратка туташтырылган камышты өрдөктүн оозуна салып, өлгүчө тамактандырганга барышканда, башкасын айтуунун кереги барбы? Мындай тамак белгилүү бир бай адамдардын тобуна сунушталат.
Эй мусулмандар!
Эгерде Батыш жаныбарларга боорукердик көрсөтүүдө чынчыл болгондо, күн сайын анын колунан ачкачылыктан жана адам өлтүрүүлөрдөн өлүп жаткан миңдеген адамдарга боорукердик менен мамиле кылмак. Адамдар жаныбарлардан баалуу. Эгерде Батыш чынчыл болсо, анын адамдары асман тиреген имараттардын, мейманканалардын алдында таштанды контейнерлеринен бир үзүм нан издеп жүргөнүн таппас элек. Биз алардын тротуарда уктап жатканын көрбөйт элек. Батыш коому үчүн бул нерсе чоочун көрүнүш эмес. Алар бул чындыкка көнүп, аны кабыл алышты. Ал тургай алар бири-бирин сурабай калган абалга чейин жетип барды. Муну көчөдөн өткүсү келип, бирок өткөрүп коюшу үчүн күнүнүн жарымын бирөөдөн жардам сурап өткөрүп, бирок эч кимди таппай жүргөн майыптын окуясынан көрдүк. Биз муну дарыгердин кабинетинин алдында жерге кулап түшкөн аялдан көрдүк, ал жерде отургандардын эч кимиси кезегин ал аялга бошотуп бербей карап турушту. А түгүл, жерден көтөрүп да коюшкан жок. Алардын ортосундагы боорукердиктин жоктугу эшик алдындагы кошунасынын өлүмүн анын сасык жытын жыттамайынча билбеген деңгээлге жетти.
Эй мусулмандар!
Мына ушул адамзат чыгарган мыйзамчылык, мына ушул силер моюн сунуп, кабыл алган капитализмдин мыйзамы. Бул силердин сүйүктүү Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) “ким эшектин жаагына тамга басса ага наалат айтканы” ушул он төрт кылымдан кийинки боло турган бул мышык ыйлай турган көрүнүштөн эскертип турат. А түгүл Пайгамбар с.а.в. малдын күчү жетпеген жүктү жүктөгөндөрдү жемелеген. Бул жаатта хадистер жана өзү жасаган амалдары бар. Ага Аллахтын салам салаваты болсун бул нерсе Ислам дининин адамдар мындай турсун, жаныбарларга кандай караганын көрсөтөт.
Эй мусулмандар:
Каапыр Батыш жаныбарларга ушундай мамиле кылса, Аллахка касам, анын силерге жакшы мамиле кылышын күтөсүңөрбү? Эй Америка жана Европа менен бирге отургандар, ушул фактыларга ишенбейсинерби? Эмне үчүн акылыңарга келип, бүткүл мусулман өлкөлөрүндө жана дүйнөдө адилеттүүлүктү ишке ашыра турган Ислам мамлекетин тикелөө аркылуу Исламды кайра тирилтүү менен дүйнөнү өзгөртүү үчүн амал кылып жаткандар менен бирге амал кылбай жатасыңар? Умар бин аль-Хаттаб (радыяллаху анху) калкына жумшак мамиле кылгандай, өзүңөргө да, башкаларга да жумшак болгула. Ал “Аллахка касам, эгер Ирак жеринде бир жаныбар мүдүрүлсө, Кыяматта Аллах менден ал жөнүндө Умар эмнеге анын жолун тегиздеген жоксуң деп суроосунан корком”,-деди. Эй, батыш менен дос болуп, аны менен бирге отургандар, бул үммөт үчүн Аллахтан корккула. Анын кожоюндары жана тыңчы кызматтары менен тынымсыз байланыштан алыс болгула.
” يا أيها الذين آمنوا لا تخونوا الله والرسول وتخونوا أماناتكم وأنتم تعلمون“
“Оо, ыйман келтиргендер, билип туруп Аллага жана Пайгамбарга, аманатка (диниңерге) кыянат кылбагыла”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, шаьбан 19.
2025-ж, 18-февраль.