Аллахка ишенүү Анын мыйзам чыгаруудагы жалгыздыгын талап кылат

13
0

Аллахка ишенүү Анын мыйзам чыгаруудагы жалгыздыгын талап кылат

Жаратуучунун бар экенине ишенүү Анын мыйзам чыгаруу укугунда жалгыз экенине ишенүү менен байланыштуу. Анткени жаратуу да, өкүм чыгаруу да Ага гана таандык. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٌ بِأَمْرِهِ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ﴾

«Албетте Раббиңер – Алла асмандар менен Жерди алты күндө жаратып, анан Өз аршында (Өзүнүн чексиз улуулугуна жарашкан сыпатта) турган Зат. Ал түндү (караңгылыкты) күндүзгө оройт (жана түн күндүздү) шашылган абалда кууп жүрөт. Ал күн, ай жана жылдыздарды өз амирине моюн сундурулган абалда (жараткан). Байкагыла, жаратуу жана буйруу Ага гана таандык. Бардык ааламдардын Раббиси – Алла улук». (Аъраф, 54-аят).

Ошондуктан, адамдардын иштерин жөнгө салуучу негизги мыйзамдар менен жоболор (конституция жана мыйзамдар) Аллах Тааланын вахийинен – Куран жана Пайгамбарынын ﷺ  сүннөтүнөн, ошондой эле бул экөөнүн негизинде өкүм чыгарган сахабалардын ижмасы менен шаръий кыяс аркылуу гана алынууга тийиш. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿اتَّبِعُوا مَا أُنزِلَ إِلَيْكُم مِّن رَّبِّكُمْ وَلَا تَتَّبِعُوا مِن دُونِهِ أَوْلِيَاءَ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ﴾

«Эй инсандар), cилерге Раббиңерден түшүрүлгөн нерсеге (Китепке) ээрчигиле, андан өзгө «досторду» ээрчибегиле! Абдан аз гана насыят аласыңар» (Аъраф: 3).

Ошондуктан мусулмандар Аллах Таалага ибадат кылуу катары ушул мыйзамдарга баш ийишет. Ал эми мусулмандардын арасындагы башка жарандарга ушул мыйзамдар толук камкордук көрөт. Алар мусулмандар сыяктуу эле адилеттүүлүккө укуктуу жана ошондой эле жоопкерчиликке тартылат. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿إِنَّا أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ وَلَا تَكُن لِّلْخَائِنِينَ خَصِيمًا﴾

«Албетте Биз сага ушул Чындык Китепти (Куранды) адамдар арасында Алла көрсөткөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Сен кыянат кылуучуларды коргоочу болбогун». (Ниса, 105-аят).

Ал эми демократиялык жарандык мамлекет болсо, светтик ишенимдин негизинде курулган. Бул ишеним Аллахты Жаратуучу катары таанып, бирок Аны мыйзам чыгаруу укугуна ээ деп эсептебейт. Аларда мыйзам чыгаруу Аллахка эмес, адамдар тарабынан алардын өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿بَلِ اتَّبَعَ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَهْوَاءَهُم بِغَيْرِ عِلْمٍ فَمَن يَهْدِي مَنْ أَضَلَّ اللَّهُ وَمَا لَهُم مِّن نَّاصِرِينَ﴾

«Жок заалим кишилер бир да билим – далилсиз напси каалоолорун ээрчип (Аллага шерик кошушту). Демек, Алла жолдон аздырган кишини ким Туура Жолго баштай алат?! (Эч ким Туура Жолго баштай албайт) жана алар үчүн (Акыретте) жардам берүүчүлөр да болбойт». (Рум, 29-аят).

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here