Каабанын айланасындагы буттарды алып салуу

19
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Каабанын айланасындагы буттарды алып салуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Нававинин “Сахих аль-Имам Муслимге” берген шархында “Каабанын айланасындагы буттарды алып салуу” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة وعمرو الناقد وابن أبي عمر واللفظ لابن أبي شيبة قالوا: حدثنا سفيان بن عيينة عن ابن أبي نجيح عن مجاهد عن أبي معمر عن عبد الله قال: دخل النبي صلى الله عليه وسلم مكة وحول الكعبة ثلاث مائة وستون نصبا، فجعل يطعنها بعود كان بيده ويقول: جاء الحق وزهق الباطل إن الباطل كان زهوقا جاء الحق وما يبدئ الباطل وما يعيد

Абу Бакр бин Абу Шайбадан риваят кылынат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Меккеге киргенде, Каабанын айланасында үч жүз алтымыш бут бар эле, аларды колундагы таяк менен сайып мындай деди: “Акыйкат  келди, жалган жок болду, чындык келди, жалгандык башталбайт жана калыбына келбейт”.

Урматтуу бир туугандар!

Араб жарым аралында бутпарастык кеңири жайылган. Бутпарастык – буттарга жана айкелдерге сыйынуу. Бир катар уруулар күн, ай, жылдыздар жана планеталар сыяктуу жаратылыштын кээ бир кубулуштарына сыйынышкан. Бул канааттанууну талап кылган тадаюн (диндарлык) инстинкттин талабы себептүү келип чыккан көрүнүш. Кээ бир арабдар буттарга сыйынуудан баш тартышса, кээ бирлери курмадан бут жасап, ачка калганда жешчү. Кээ бир арабдар Ибрахимдин динин карманышкан. Алардын айрымдары христиан динин тутунуп, иудаизм да Хайбар жана Йасрибдегидей кеңири тараган. Арабдардын кээ бирлери жиндерге, кээ бирлери периштелерге да сыйынышкан. Бул исламга чейинки арабдардын абалы ушундай болгон. Ислам келгенде бул буттарды деңиз түпкүрүнө чөктүрүп, андан эч нерсе калтырган жок. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Меккеге кирип, Каабаны таваф кылып. Буттарды өз колу менен талкалап: “Акыйкат келди, батыл жок болду  албетте батыл жок болуучу деди”.

Адамдарды туура жолдон адаштырып, зыяны да, пайдасы да жок ташка сыйынуу менен адамдарды жаратылгандардын эң жийиркеничтүүсүнө айландырса, кантип анан аны жок кылбасын?

Эй мусулмандар:

Эгер Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) зыяны да, пайдасы да жок буттарды жок кылса, бүгүнкү күндө биз зыяны тийип, пайдасы жок буттарды жок кылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө мусулман акимдери мусулман дүйнөсүндө Аллахтын ордуна сыйынган буттар. Биз аларга  каапыр Батышка малайлык кылган иштерине каршы канча жолу эскерткенбиз? Бирок үммөт тилекке каршы жооп берген жок. Үммөт  аларда дагы деле жакшылык бар деп ойлоду. Аларга өз иштерин кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Бул нерсе карышкырга койлор менен жашоого мүмкүнчүлүк бергендей эле болду. Мына ушундай болду, бул карышкыр башкаруучулар үммөттү обочолонтуп койушту. Болчу иш болду. Үммөт өзү дагы курамы дагы адам затынан болгон бул аким сөрөй буттардын акыйкатын түшүнүшү үчүн кыйноо тарткан ушул узак жылдар бою алар тууралуу унчукпай койгонунун баасын-  эң кымбат нерсеси менен төлөдү, дагы эле төлөп келе жатат.

Эй мусулмандар, акимдериңердин алдына  чыккыла, буттарыңарга каршы көтөрүлгүлө, оң колуңарды  уруп: “Акыйкат келди, батыл жок болду” деп ураан чакыргыла. Анан дүйнөнү фатх кылууну, жаңы доорду, Пайгамбардын минхажы негизиндеги халифалыкты жарыя кылгыла.

Оо Аллахым, муну бизге тездет жана аны орнотуу үчүн чын ыкластан аракет кылгандардан кыл, аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 15-шаьбан. 2025-ж, 14-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here