Африка Биримдигинин саммити жана континенттеги татаал маселелерди чечүү

17
0

Африка Биримдигинин саммити жана континенттеги татаал маселелерди чечүү

2025-жылы 15-февралда Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада Африка Биримдигинин 38-саммити башталды. Бул иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы, Палестина бийлигинин башчысы, Африка өлкөлөрүнүн лидерлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул саммит дүйнөдө жана Африка континентинде күндөн-күнгө күчөп жаткан олуттуу көйгөйлөрдүн шартында өтүүдө. Алардын катарында Конго Демократиялык Республикасындагы коопсуздук кырдаалы да бар. Бул өлкөдөгү абал президент Феликс Чисекедини саммитке катышуудан баш тартууга мажбурлады. Ошондуктан, бул саммит Африка континентинин биримдигин жана интеграциясын чыңдоо, учурдагы кризистерге каршы туруу багытында маанилүү этап болуп саналат.

Эки күнгө созулган саммиттин негизги маселелеринин бири Палестина болду. Африка Биримди комиссиясынын төрагасы Муса Факи кээ бир тараптардын палестиналыктарды системалуу түрдө көчүрүү чакырыктарын сынга алды. Бул анын АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа секторунун калкын Иордания менен Египетке көчүрүү сунушуна жооп кылганы болду.

Палестина маселесинен тышкары, саммитте Судан менен Ливиядагы кырдаал, адилеттүүлүк, азык-түлүк коопсуздугу, санариптик трансформация, климаттын өзгөрүшү жана Африка өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясын бекемдөө сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, Африка Биримдигинин Тынчтык жана Коопсуздук Кеңешинин отчеттору, уюмдун институттук реформалары жана Африка континентинин эркин соода аймагын өнүктүрүү долбоорунун жүрүшү каралды.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш мындай деди:

«Африка континентинин туруктуулугу үчүн алкактуу чечимдерди иштеп чыгууга убакыт келди. 21-кылымда Африка өлкөлөрүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу өкүлчүлүгүнүн жоктугунун эч кандай жүйөсү жок».

Гутерреш Африка өлкөлөрүнүн палестина элин өз жеринен көчүрүү чакырыгына каршы турган позициясын жогору баалады жана бул маселеде Африка Биримдигинин туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал Африканын тарыхта эки ири зулумдукка дуушар болгонун белгилеп, анын кесепеттери бүгүнкү күнгө чейин уланып жатканын баса белгиледи.

2001-жылы негизделген Африка Биримдиги жыл сайын саммиттерди өткөрүп келет. Бирок ушул күнгө чейин Африкадагы эч бир мамлекет бул уюм койгон максаттарга жеткен жок. Африка Биримдигинин «адамзаттын ар-намысын көтөрүү, согуштарды токтотуу жана аялдар менен балдардын азап-тозогун жеңилдетүү» деген максаттары сөз жүзүндө гана калып, иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок.

Африка Биримдиги континенттеги кризистерди чечүүгө жөндөмсүз экенинин ачык далили – Африканын оор акыбалы. Уппсала университетинин маалымат базасы боюнча, Африка дүйнөдөгү эң көп согуштар болгон аймак болуп саналат. 1946-жылдан 2006-жылга чейинки мезгилде Африкада 74 куралдуу жаңжал катталган. Бул көрсөткүч Азияда – 68, Жакынкы Чыгышта – 32, Европада – 32, Америкада – 26 жолу катталган. 1990-жылдан 2002-жылга чейин Африкадагы согуштар жана куралдуу жаңжалдар тездик менен күчөп кеткен. Конгодогу азыркы согуш – бул жарааттын дагы эле айыга элек экенинин ачык далили. Африка континенти этностук жана жарандык согуштардын айынан кан жутуп келет.

Африка Биримдиги жана Судандагы согуш: Чыныгы көйгөйлөр качан чечилет?

Африка Биримдиги Судандагы согушка кандай реакция кылды? Бул согуштун кесепети жөнүндө эл аралык уюмдардын отчеттору төмөнкүдөй:

  • 6 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж;
  • 17 миллион бала (80%) мектепке бара албай жатат;
  • 7 миллион адам медициналык жардамга муктаж;
  • 13 миллион бала азык-түлүк коопсуздугу жагынан оор кризисте
  • Түндүк Дарфурдагы Замзам лагеринде ачарчылык тастыкталды;
  • Көчмөңдөрдүн жарымынан көбү аялдар, алардын ичинен 4 миллион аял жана кыз жыныстык зомбулукка кабылган болушу мүмкүн;
  • 1 миллион адам качкын макамында;
  • 2 миллион адам 2023-жылдын башынан 2024-жылдын 31-октябрына чейин безгек менен ооруду, 209 адам каза тапты;
  • 1 миллион кош бойлуу жана эмизген аял катуу тамак-аш жетишсиздигинен жабыркайт;
  • 14 айдын ичинде Хартумда 1000 адам өлүп, 33 миң жай тургун жаракат алган;
  • 113 медициналык мекеме талкаланган, 70% медициналык мекемелер иштебей калды;
  • 14 аймакта ачарчылыктын коркунучу жогору, анын ичинде Дарфур, Курдуфан, Аль-Жазира жана Хартумдун кээ бир «ысык чекиттери».

Мындай апааттар болуп жатса, Африка Биримдиги эмне кылды? Чечим ордуна, бул уюмдун конференциялары бош сөздөргө толгон. Африка Биримдигинин чыныгы көйгөйлөрдү чечүүдө эч кандай таасири жок.

Африка Биримдиги жана Палестина маселеси: Кош стандарттуулук

Палестина маселеси боюнча Африка Биримдиги жөн гана катуу сөздөр менен чектелип, иш жүзүндө эч нерсе кылган жок. Реалдуулукта Африка өлкөлөрүнүн көбү сионисттик түзүм менен тыгыз дипломатиялык жана экономикалык байланышта. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, соңку 20 жылда Тель-Авив Африкага кеңири таасир эте баштады жана араб дүйнөсүнүн алсыз дипломатиялык коргонун жарып өттү. Бүгүнкү күндө 55 Африка өлкөсүнүн ичинен 12 гана мамлекет сионисттик түзүм менен мамиле түзө элек.

Ал эми Африканын Түштүк Сахара аймагындагы 44 өлкөнүн ичинен 42 мамлекет “Израил” менен дипломатиялык байланышта, анын ичинде мусулмандардын көпчүлүгүн түзгөн өлкөлөр да бар. Бул факт Африка Биримдигинин Палестина маселесиндеги жалганынын ачык далили. Африка Биримдигинин түзүлүшү континенттин көйгөйлөрүн чечкен жок, тескерисинче, аларды күчөттү. Африка 50дөн ашык мамлекеттен турган чоң континент болгонуна карабай, дүйнөдөгү эң кедей аймак бойдон калууда. “AfroPolicy” уюмунун отчетуна ылайык, Африкадагы кедейликтин өсүшүнүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  1. Ири табигый байлыктарга карабастан, континенттин тургундары кедейликке батууда;
  2. Батыш колониализминин калдыктары, саясий туруксуздук жана начар башкаруу;
  3. Экономикалык өсүштүн төмөндөшү жана тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү.

Ошондуктан, Африка көйгөйлөрүнүн чечилиши Батыштын иштеп чыккан жасалма уюмдарынан эмес, чыныгы исламий мамлекет Халифалыктын кайра курулушунан көз каранды. Ошентип, бул союздун Африкага да, анын көйгөйлөрүнө да тиешеси жок экени ачык көрүнүп турат. Тескерисинче, анын болушу менен көйгөйлөр ого бетер татаалдашып, курчуп кетти. Африкадагы гана эмес, жалпы дүйнөдөгү маселелердин чечими Батыш тарабынан түзүлгөн алсыз жана көз каранды уюмдардан кутулууда. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Жараткан Аллахтын даанышмандыгына ээ болгон мамлекет керек. Бул Пайгамбар Мухаммад ﷺ  негиздеген мамлекет, ал бүткүл адамзатты караңгылыктан чыгарып, Ислам нуруна бөлөгөн.

Абдулхалик Абдун Али

Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here