Сириядагы режимдер фитнасы: Сабактар жана тыянактар
Биз баарыбыз мурунку режимдин калдыктары кантип кайра баш көтөрүп, мужахиддерге чыккынчылык кылып, ички жана тышкы күчтөр менен кызматташып, жээк аймактарда өз бийлигин орнотууга аракет кылганын көрдүк. Ошондой эле, бул чоң коркунучка каршы көтөрүлүп чыккан революциячыл мужахиддердин каршылыгына да күбө болдук. Баардык тараптан жардамга келе жаткан топтордун агымы мыкаачы мурунку режимдин калдыктарына каршы чыгышы таң калычтуу көрүнүш болду.
Бул окуялар биз унутпашыбыз жана маани беришибиз керек болгон бир катар чындыктарды дагы бир жолу далилдеди. Эгер биз кайдыгерлик кылсак же туура эмес кадам таштасак, анын акыбетин каныбыз менен төлөйбүз.
Биринчи чындык: Мурунку режимдин саясий, аскердик жана коопсуздук системасынын калдыктарын толугу менен жок кылуу зарыл. Алардын мыкаачылык менен кылган кылмыштары үчүн жазалап, башкаларга сабак кылуу керек.
Экинчи чындык: Революциячыл күчтөр өлкөнү башкарууга аракет кылгандардын табигый таянычы. Бирок бул колдоо алардын иш-аракеттери революциялык баалуулуктарга, түшүнүктөргө жана ишенимдерге шайкеш келгенде гана берилиши мүмкүн. Ошондуктан, адамдарга жана алардын кудуреттүү Аллага болгон ишенимине таяныш керек. Сирия революциясын жасаган эл мужахиддерден турат. Аларга кам көрүү, колдоо көрсөтүү жана куралды аларга ишенип тапшыруу зарыл. Анткени алар өз динин жана элин коргоого ар дайым даяр. Бир тарап жалгыз өзү мамлекет кура албайт же чоң кутумдарга жана коркунучтарга каршы тура албайт.
Абу Дарданың сөзү боюнча, Пайгамбар ﷺ айтты:
«أَهْلُ الشَّامِ وَأَزْوَاجُهُمْ وَذَرَارِيهِمْ وَعَبِيدُهُمْ وَإِمَاؤُهُمْ إِلَى مُنْتَهَى الْجَزِيرَةِ مُرَابِطُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ. فَمَنِ احْتَلْ مِنْهَا مَدِينَةً فَهُوَ فِي رباط، وَمَنِ احْتَلَّ مِنْهَا تَغْراً مِنَ الثُغُورِ فَهُوَ فِي جَهَادٍ»
«Шам эли, алардын үй-бүлөлөрү, урпактары жана кулдары жарым аралдын эң четине чейин Аллахтын жолунда согушуу үчүн бекем турушат. Ким алардан бир шаарды коргосо, ал согуш талаасында бекем турат. Ким кандайдыр бир аймакты коргосо, ал жихадда (жүргөн болуп саналат)».
Ошондуктан, компетенттүү жана тажрыйбалуу адамдарды революциячыл чөйрөдөн тандоо керек. Ал эми мурунку режим менен байланышы бар бардык чөйрөлөрдөн арылуу зарыл.
Үчүнчү чындык: Биздин эң күчтүү таянычыбыз – Улуу Аллах. Ошондуктан, биз Анын бекем жибине (динине) жабышып, Анын ыраазылыгын көздөп, Аллахтын мыйзамдары менен башкарылуучу ислам мамлекетин курууга умтулуубуз керек. Аллахтын кең пейилдиги жана мээрими менен биз Дамаскка жеттик жана эң мыкаачы режимди кулаттык. Аллах биз менен болсун!
Төртүнчү чындык: Биз мурунку режимди акыркы учурга чейин колдогон мамлекеттер, биздин өлтүрүлүшүбүздү жана куулуп-тонолушубузду кубаттап, кылмыштуу режимдин зомбулугуна унчукпай көз жумган күчтөр эч качан биздин кызыкчылыктарыбызды көздөбөйт жана биз үчүн жакшылык издебейт. Буга бекем ишенишибиз керек. Бул алардын Дамаскка сапарларын улантып, «улуттук, секулярдык мамлекетти» талап кылып, исламды башкаруу жана саясаттан четтетүүнү көздөп жатышканынан ачык көрүнүп турат. Алар өздөрүн аз сандагы этностук топтордун коргоочусу катары көрсөтүп, аларды ички бузгунчу курал катары колдонууга аракет кылышууда. Бирок исламда мындай түшүнүктөр жок. Мамлекеттин жарандары бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. Ислам мыйзамдары боюнча, мамлекет жарандардын бардыгына бирдей мамиле кылат, ал эми этностук, улуттук же диний негизде ажырым салуу ислам башкаруусуна жат көрүнүш.
Чет элдик державаларга көз каранды болуп, алардын жардамына үмүт артуу революциячыл күчтөрдү сатып кетүү жана саясий жактан өзүн-өзү жок кылуу дегенди билдирет. Бул мамлекеттер бизге табигый колдоочу боло албайт, анткени алар өз кызыкчылыгынан башка эч нерсени ойлобойт жана ислам менен мусулмандарга каршы күрөш жүргүзүп келишет. Бизден мурдагы Тунис жана Египеттеги окуялар бизге жетиштүү сабак болушу керек.
Аллах Таала айткан:
وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِي وَلا نَصِيرٍ
«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт». (Бакара: 120).
Биз батыштын да, чыгыштын да жардамына муктаж эмеспиз, анткени бул берекелүү жер элинин муктаждыгынан ашкан мол байлыктарга ээ. Мурунку режимдин калдыктары тарабынан уюштурулган акыркы козголоң жана ага каршы Сириянын революциячыл эли менен алардын колдоочуларынын ыйык көтөрүлүшү бизге чоң сабак болушу керек. Биз өз күчүбүздү аңдап, туура жолго түшүп, Аллахка гана тобокел кылып, жер жүзүндө ислам башкаруусун орнотушубуз керек. Ошондо гана биздин абийирибиз, жеңишибиз жана дүйнөдө да, акыретте да бакубатчылыгыбыз камсыздалат.
Аллах Таала айткан:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгылажана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жанаАнын алдына топтолосуңар». (Анфал: 24).
Устаз Абдулхамид Абдулхамид
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук байланыш комитетинин жетекчиси, Сирия вилаяты