Дүйнөдөгү бардык башкаруучулар өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлошот

16
0

Дүйнөдөгү бардык башкаруучулар өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлошот

Дүйнө учурда элди башкарып жаткан бардык саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан башка эч нерсени ойлобой турганын түшүнүшү керек. Алар эч кандай адамдык баалуулуктарды, адилеттикти көздөбөйт жана чындыкты издебейт. Тескерисинче, алар чындыкты бурмалап, өздөрү түзгөн мыйзамдарды жана салттарды тебелеп, адамзатты алдоо аркылуу аларды туура жана ишенимдүү көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок алардын тарыхы – зулумдук, эзүү, өлтүрүү жана коркутуу менен толгон, бул алардын жасалмалуулугун жана тайыздыгын көрсөтөт. Алар акыркы эки кылымда дүйнөгө үстөмдүк кылган мамлекеттерге айланган соң, адамзатка жакырчылыктан, муктаждыктан, кулчулуктан жана диктатурадан башка эч нерсе алып келишкен жок. Алардан айырмаланып, Ислам мамлекети адамзатка урмат менен мамиле кылган, келишимдерди, макулдашууларды жана мыйзамдарды сактаган. Бул алардын жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын ыраазылыгына жетүү максатында болгон.

Аллах Таала Куранда келишимдерди аткарууну катуу талап кылып, аны ыйман менен такыбалыктын белгиси катары көрсөткөн. Алла Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَوْفُوا بِالْعُقُودِ﴾

«Эй момундар, келишимдерге (өз ара келишилген бүтүмдөргө) бапаа кылгыла (аткаргыла)» (Маида: 1). Дагы айтат:

﴿وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ أُولَئكَ الَّذِينَ صَدَقُوا وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ

«Эгер убада берсе убадасына туруучу, айрыкча кыйынчылык оор күндөрдө жана согуш учурунда сабыр кылуучу адамдар. Дал ушулар чыныгы ыймандуу адамдар жана дал ушулар чыныгы такыбаалар». (Бакара: 177).

Дагы айтат:

﴿بَلَى مَنْ أَوْفَى بِعَهْدِهِ وَاتَّقَى فَإِنَّ اللهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ﴾.

«Жок! (Алардын айткандары жалган). Тескерисинче ким убадасына турса жана такыбаа болсо (Дал ошол киши Алланын сүйгөн пендеси). Анткени Алла такыбаа кишилерди сүйөт». (Аали Имран: 76).

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here