Палестинаны колдоонун ордуна, ага саткындык кылган жыйындар

13
0

Палестинаны колдоонун ордуна, ага саткындык кылган жыйындар

Өткөн апта Палестинага, айрыкча Газа секторуна каршы кутум уюштуруу боюнча жыйындарга бай болду. 2025-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн Каир саммити “Газа секторун калыбына келтирүү планына” токтолуп, ал палестиналыктардын өз жеринде калышын камсыз кылуу максатын көздөй турганын билдирди. Ошондой эле, жыйын яхудийлер мамлекетинин эл аралык мыйзамдарга ылайык, палестиналык аймактардын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүү аракеттеринен баш тартуусу керектигин белгиледи. Ошондой эле, Газага гуманитардык жардам киргизүүгө тыюу салуу жана чек араларды жабуу чечими сынга алынды.

Ар дайымкыдай эле, жыйындын катышуучулары 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралар боюнча көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жана анын борбору катары Чыгыш Иерусалимди таануу – бул аймакта туруктуу тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу деп баса белгилешти. Алар Батыш Жээк менен Газа секторуна эл аралык тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу сунушун да уялбастан көтөрүштү. Бирок бул саммит Газадагы элдин массалык өлтүрүлүшүнө, ачкачылыкка жана коллективдүү жазага эч кандай таасир этпестен, яхудийлер жана Америка тараптан коркунучтар айтылып жатканда, согуштун эртеси жөнүндө сүйлөшкөнү таң калычтуу болду. Согуш бүттү деп эсептегендей мамиле кылышты.

Араб өлкөлөрүнүн жетекчилери Газаны колдоо же яхудийлердин агрессиясына каршы туруу жөнүндө ойлонушпайт. Алардын жыйналышы Трамп сунуштаган Газадан элди көчүрүү планынын ордуна башка план түзүү үчүн гана өткөн. Трамп аларга Газадагы бийликтен ХАМАС кыймылын четтетип, анын ордуна яхудийлердин коопсуздугун камсыз кылган структураларды түзүүнү талап кылган. Ушуну ишке ашыруу максатында, Египет сунуштаган планга ылайык, Газаны убактылуу башкаруу үчүн фракцияларга тиешеси жок (технократ) адамдардан турган комиссия түзүлүп, ал алты айдын ичинде Газаны Палестина администрациясына өткөрүп бермекчи.

Андан соң, Жиддада Ислам Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп, ал Каирдеги “Палестина саммитинде” кабыл алынган Газаны калыбына келтирүү боюнча араб планын колдоду. Ошондой эле, Палестина маселеси ислам үммөтү үчүн негизги көйгөй экени дагы бир жолу баса белгиленип, палестиналыктардын өз мамлекетин түзүү, эгемендикке жана көзкарандысыздыкка ээ болуу укугуна болгон бекем колдоо көрсөтүлдү.

Бул жыйындарда 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралар боюнча Палестина мамлекетин түзүү жана Чыгыш Иерусалимди анын борбору катары таануу, ошондой эле, БУУнун №194 резолюциясына ылайык, палестиналык качкындардын кайтып келүү жана компенсация алуу укугу колдоого алынды.

Ошентип, Ислам Кызматташтык Уюмунун жыйыны да Каир саммити менен бирге күнөөгө жана Палестинаны сатып кетүүгө көмөктөшүү үчүн өткөрүлгөнү ачык көрүнүп турат. Экөөнүн ортосунда эч кандай айырма жок. Каир саммити чакырык жасап, “кубаттуу” билдирүүлөр менен чектелген сыяктуу эле, Жиддадагы саммит да ошол эле нерсени кайталап, чакырып, айыптап, талап кылуу менен гана алектенди. Экөө тең Америка менен яхудийлер мамлекетинин алар сунуштаган чечимди кабыл алышын жана Газа элине боор ооруп, аларды өлүм, азап жана согуштан куткаруусун үмүт кылып жатышат.

Ал эми “күч” жөнүндө сөз кылышканда, бул саткын жыйындын катышуучулары эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу демилгесин көтөрүштү, башкача айтканда, Палестинаны экинчи жолу басып алуу планына чакырышты. Алар сунуштаган “тынчтык күчтөрү” мурда кылмыш жана бузгунчулук гана жасаганы тарыхта белгилүү. Ошентип, Палестина яхудийлер мамлекетинин, Американын жана башка каапыр мамлекеттердин чогуу басып алган жери болуп калмакчы.

Эң оор жана кайгылуу жагдай – бул жыйындар дүйнөлүк түзүмдүн, Батыштын бардык институттарынын жана алардын чечимдеринин эки жүздүүлүгү ачык көрүнүп калганына карабастан, дагы эле ошолорго үмүт артып, аларды чечим чыгарган ыйгарым укуктуу орган катары таанып, аларга баш ийүүгө чакырышканы. Алар өз клубдарында “келишимдер жана чечимдер” деген шылтоо менен палестиналыктарды сатуу жана берилгендиктен баш тартуу жөнүндө сүйлөшүүдө. Андан соң, Трамп келип, аларга түз эле: “Силердин планыңар жараксыз!” – деп айтты, бул болсо алардын жүзүнө суу чачкандай болду. Бул жетекчилер канчалык деңгээлде ийилип, баш ийгенине карабастан, АКШ аларды баалабай, аларды жөн эле макулдукту күтүп жаткан алсыз кулдар катары көрүп жатканы айдан ачык.

Ал эми АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоф Каир саммитин “Египет тараптан жакшы ниетке карай алгачкы кадамы” катары баалады. Бирок анын чечимдеринин мазмунун жактырбай, аларды жөн гана “сунуштар” деп атады. Америка үчүн бул сунуштар кулдук урган, алсыз башкаруучулардын өтүнүчүнөн башка эч нерсе эмес. Ошондуктан, алар ХАМАСтын камактагы туткундардын жарымын бошотуусун талап кылышууда. Бул кыймыл үчүн эң маанилүү соодалашуу картасы. Анын ордуна убактылуу ок атууну токтотуу жана “туруктуу тынчтык” боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо убада кылынууда.

Мына ушундайча, Газага жана бүтүндөй Палестинага каршы дүйнөлүк кутум ачык көрүнүп турат. Араб жана бейараб мусулман жетекчилери саммиттерде чогулуп, яхудий мамлекетине моюн сунууну жана ага каршылык көрсөтпөөнү чечишүүдө. Алар ХАМАСка жана каршылык кыймылдарына кысым көрсөтүп, аларды куралдарын таштап, согуш майданынан чыгып кетүүгө мажбурлашууда. Ошол эле учурда, яхудий мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн каржылык, коопсуздук жана логистикалык кызматтарын сунушташууда. Булардын баары яхудий мамлекетинин коркпой жашашы үчүн жасалууда.

Мусулман жетекчилери Палестинаны коргоо үчүн үммөттүн аскерлерин көтөрүүнүн ордуна, Америка менен яхудийлердин босогосунда туруп, алардан боор оорууну жана өздөрүнө жана тактыларына каршы кыжырланган үммөттөн сактоону суранууда.

Ал эми яхудий мамлекети менен Америка мындан да көбүрөөк нерсени талап кылышууда. Алар Газадан элди көчүрүүнү балким, кийин Батыш Жээкти да бошотууну көздөп жатышат. Алар Газаны ээлеп алып, аны туристтик курортко айлантууну пландап жатышат. Ал эми анын эли менен бүткүл үммөттү такыр жокко чыгарышат! Алар каршылык кыймылдарын жана жоокерлерди толугу менен жок кылууну көздөшөт. Алар канчалык кыялданышпасын, акыры мусулман башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана кордугун көрүп турушат! Палестина яхудийлер мамлекетинин жана Американын тырмагынан куткарылышы үчүн үммөттүн жана анын армияларынын чыныгы аракетине муктаж. Эгерде бул болбосо, биз шейиттердин жана жарадарлардын санын гана санап, яхудийлер мамлекетинин тебелендисинде калабыз. Ал эми мусулман башкаруучулары Америкага кызмат кылууну жана үммөттү сатып кетүүнү уланта беришет!

Роя гезити

профессор Бахир Салех

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here