Европа менен Америка арасындагы жаңжал – халифалыктын кайтып келишинин белгиси

15
0

Европа менен Америка арасындагы жаңжал – халифалыктын кайтып келишинин белгиси

Трамп администрациясы Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндөй мамиле жасоодо. Ал мындай саясатын жүргүзүү менен бул өлкөлөрдүн анын буйруктарын аткаруусун каалайт. Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө “бекер минген доор бүттү” деп айткан эле. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Америкага баш калкалаган Европа өлкөлөрүн ондогон жылдар бою коргонууга жумшаган каражатты төлөшү керек деп эсептейт. Америка эл аралык мыйзамдарды, уюмдарды, финансылык, экономикалык жана аскердик институттарды өзүнүн дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калуу максатында түзгөн, ага Европа өлкөлөрү да кирет. Азыр болсо ал өзүнүн үстөмдүгүн сактап калуу үчүн Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен күрөшүүгө да даяр. Трамптын Украина президенти Зеленскийге көрсөткөн текеберлиги Европага берилген белги болуп, мындан ары Америка дүйнөгө дал ушундай тил менен сүйлөй турганын көрсөттү.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан бери Америка талашсыз дүйнө лидери болуп келди. Ал аскердик, саясий жана экономикалык артыкчылыгын сактоо максатында дүйнөнү өзүнө ылайыкташтырып түзүп алган. Экономикалык үстөмдүгүн камсыздоо үчүн Эл аралык Валюта Фондун (IMF) жана Дүйнөлүк Банкты түзгөн. Андан мурун долларды алтынга байлоого убада берип, андан кийин эл аралык коомчулуктун анын үстөмдүгүн кабыл ала баштаганын түшүнүп, бул байланышты үзүп салган. Ошондон эки жыл өткөн соң мунайды долларга байлап, дүйнөнү анын валютасын коргоого аргасыз кылган.

Аскердик жактан НАТОну түздү. Анын расмий максаты СССРге жана социалисттик лагерге каршы туруу болгон. Бирок чыныгы максаты Европаны аскердик жактан көзөмөлдөп туруу болчу. Европа өлкөлөрү Маршалл планы аркылуу согуштан кыйраган экономикасын калыбына келтирүү үчүн Америкага баш ийген.

Ушундайча, Америка Европаны экономикалык жана аскердик жактан толук көзөмөлгө алган. 21-кылымдын башында, өзгөчө ипотекалык кризис учурунда, ал дүйнөлүк экономиканы толук башкарганын айкын көрсөттү. Мисалы, Америка көзөмөлдөгөн SWIFT финансылык тутуму дүйнөдөгү бардык финансылык которууларды көзөмөлдөйт. Ошондой эле Европада жайгашкан америкалык аскердик базалардын саны жана масштабы бул үстөмдүктүн кайдан келип жатканын дагы бир жолу далилдейт.

Америка дагы эле дүйнөдөгү биринчи держава экенине шек жок, ал эми Батыш өлкөлөрүнүн аны менен болгон келишпестиктерин чынында эле чоң жаңжал деп айтууга болбойт. Америка дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди, анын ичинде Украина, Жакынкы Чыгыш жана Палестина маселелерин гана эмес, башка көптөгөн стратегиялык маселелерди да көзөмөлдөп турат. Бирок азыркы учурда ал өзүнүн союздаштарына жана өнөктөштөрүнө мурункудай көңүл бурбай калды.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка дүйнөнүн башкы державасы болуп, саясаттарын тымызын жүргүзүп, өз пландарын жашыруун ишке ашырып келген. Ал мамлекеттик төңкөрүштөрдү уюштуруп, режимдерди алмаштырган. Бирок бул иш-аракеттери жөнүндө көпчүлүккө билдирген эмес. Чоң жана кичи Буштар президенттикке келгенден тартып, Американын текеберлиги ачыкка чыга баштады. Ал Ирак менен Ооганстанды басып алып, Сомалиге сокку урду. Дегеле, 1990-жылдардан бери Америка өзүнүн жүзүн мурдагыдай жашырбай калды. Мурунку президенттер жана тажрыйбалуу саясатчылар көп жылдар бою Американын чыныгы жүзүн жашырууга жетишкен болчу.

Трамп башкарган Америка менен Европа ортосундагы жаңжал эми ачык көрүнүп калды. Трамп Европа лидерлерине Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн башчыларына жасаган мамилени жасап, аларды баш ийдирүүнү көздөйт. Европанын болсо узак колониялык тарыхы бар жана ал Американы ыраазы кылуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп турат. Ошондуктан ага биригүүдөн башка жол калган жок. Украина жаңжалы Европанын биримдикке чакырылышынын дагы бир сыноосу болуп калды.

Саясий жактан алып караганда, Америка Россия маселесин Кытай маселесинен бөлүп кароону көздөп жаткандай. Бул – мурдагы мамлекеттик катчы жана коопсуздук кеңешчиси Генри Киссинжер сунуштаган стратегия. Америка үчүн биринчи душман – Кытай, бирок ал Россияны да душман катары көрөт. Ошентсе да, Америка Россиянын өз аймагынан тышкары амбициясы жок экенин түшүнөт, ал эми Украина анын тарыхый аймагынын бир бөлүгү эсептелет. Ошондуктан Америка Украинанын айланасындагы маселени Европанын эсебинен чечип, ошол эле учурда Европаны көзөмөлдөп туруучу «Орусия коркунучун» сактап калууну каалайт. Европалыктар муну жакшы түшүнүп, биримдикке умтулуп жатышат, бирок Украинанын тагдыры Европа менен Украинанын өзүнүн чыгымына чечилери анык. Ал эми Америка бул аралыкта Кытайга каршы турууда үстөмдүк кылууну көздөйт.

Пайдага негизделген капиталисттик система бийликти бөлүштүрүүнү жактырбайт, анын үстүнө аны үч-төрт мамлекет бөлүштүрүшү мүмкүн эмес. Дал ушул үстөмдүк күрөшү биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарды пайда кылган. Бул система баалуулуктарды же адеп-ахлакты эске албайт, анын жалгыз «кудайы» – пайда. Америка азыр өзүнүн үстөмдүгүн күчтөп таңуулап, дүйнөгө өз эркин өткөрүүгө аракет кылууда. Бирок дал ушул абал анын жакын арада кыйрашын тездетет.

Бул дүйнөгө альтернативдүү идеология керек – ал Ислам. Ислам гана дүйнөнү карапайым адамдарды баш ийдирүүчү «ферма» же «мал-короо» катары көрбөстөн, бардык адамдардын кызыкчылыгын коргоп, бардык адамзатка жакшылык таратууга жөндөмдүү. Исламдын саясий түзүмү болгон халифалык – дүйнөгө адилеттикти алып келе турган жалгыз система. Анткени ал адамзатты жараткан Аллах тарабынан берилген түзүм.

Роя гезити

Абу Муътаз Беллах Аль-Ашкар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here