Өзбекстанда дин тармагы боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди

8
0

Өзбекстанда дин тармагы боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды утурлай, жарандардын ар намыс эркиндигин жана дин жаатындагы мамлекеттик саясатты камсыз кылуу максатында диний концепцияны бекитти. Тийиштүү мыйзамга мамлекет башчы кол коюп, 26-февралда “Lex.uz” маалымат базасында жарыяланган соң күчүнө кирди.

Концепция биринчи кезекте “ар намыс эркиндиги” жана “мамлекеттин светтик принциптери” деген түшүнүктөрдү аныктоого багытталган. Жөнөкөй тил менен айтканда, концепцияны иштеп чыгуу жана кабыл алуудагы максат – динди жашоодон колдон келишинче бөлүп салуу. Өкмөт тарабынан бекитилген бул документ коомчулукту адаштыруу максатында, улуттук-тарыхый тажрыйбада мамлекеттүүлүктүн өнүгүүсү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга таянып иштелип чыгылганы айтылды.

Улам жаңы чектөөлөр кошулган бул концепциянын негиздемеси коомдун кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн туруктуу чөйрөнү камсыз кылуу максаты жазылган. Туруктуу чөйрө дегенде, коомду улуттук мүнөздөгү салттуу көз караштардын чегинде кармап туруу, коомдун светтик бөлүктүн кызыкчылыктарын башкы приоритет катары коюу, аларды “бүткүл коомдун кызыкчылыктары” катары алып чыгуу көздөлгөн.

Ошондой эле, динге ишенип, амал кылгандардын кызыкчылыктарына каршы туруу, аларды секуляризмге мажбурлоо, концепциянын формулировкаларынан айдан ачык көрүнүп турат. Мисалы, демократия, светтик, эркиндик, теңдик, социалдык адилеттүүлүк жана биримдик негизинде өз ара макулдашып жашоо түшүнүктөрү концепциянын максаты катары көрсөтүлгөн. Мындан улам секуляризмге каршы келген бардык нерселер чектөөлөрдүн максаты болуп, бул диний чөйрөдөгү концепциянын маңызын айгинелейт.

Жаңы концепциянын негиздерине тереңирээк көз чаптырсак, диний чектөөлөрдү жөнгө сала турган мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келерин байкоого болот. Өзбекстан өкмөтү тарабынан белгиленген негизги милдеттердин арасында:

– Жарандардын жынысы, расасы, улуту, тили, дини, ишенимдери, жана социалдык абалына карабастан, мыйзам алдында эркиндик жана теңдикти камсыз кылуу;

– Көп улуттуу жана көп конфессиялуу элдин биримдигин бекемдөө;

– Жарандардын коомдук жашоого активдүү катышуусу үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү;

– Республиканын жашоочуларынын ар кандай динге болгон мамилесине карабастан, ар намыс эркиндигине байланыштуу укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, диний көз караштарды мажбурлап таңуулабоо.

Диний милдеттерди чектөөгө багытталган ар бир мыйзам сөзсүз түрдө бири-бирине каршы келет. Айтып өткөндөй бул концепция, светтик принциптерге таянып, динди жашоодон максималдуу түрдө алыстатууга багытталган. Ошондой эле, чектөөлөр мамлекеттик башкаруу, экономика, билим берүү, медицина, маданият, социалдык институт, коомдук моралдын жана жүрүм-турум нормаларынын түзүлүшү сыяктуу тармактарга гана чектелбейт. Бул тармактар өзбек коомунда Ислам нормаларынан ажырагыс болуп калган жана капитализм менен системалык деңгээлде атаандашууга гана эмес, аны толугу менен алмаштырууга да жөндөмдүү. Ошондуктан, бул чектөөлөр бардык мусулмандарга, бардык тармактарда таасир этет.

Өзбекстан бийлиги улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкты камсыздоого багытталган деген шылтоо менен демократия жана суверендүүлүк идеяларын алга сүрүп, кандай гана аракеттерди жасабасын, бул терминдер жана манипуляциялар светтик мамлекеттин социалдык жана укуктук долбоорлорунун ийгиликсиздигин жашырууга жардам бербейт.

Бул концепция Исламдын жайылышын чектөөгө жана ага каршы турууга багытталган. Ансыз деле, учурда коом диний сакофатка суусап турган чакта, мечиттер жана медреселер жабылып, мусулмандар сырткы көрүнүшү үчүн куугунтукталып, адал тамак ресторандары жабылып, мечиттерде азандын үнү басаңдатылып жатканына күбө болуудабыз. Бул коомдо чектей турган же жөнгө салууга муктаж маселелер калбай баратканынан кабар берет жана бул чаралардын бардыгы каапыр колонизаторлор тарабынан таңууланып жатканын билдирет.

Кыргызстан жана Тажикстан менен бирге кабыл алынган бул диний концепциянын артында каапыр колонизаторлор турат жана алар өзүн купуя сактагысы келет. Россия, Батыш жана Кытай, өздөрүнүн экономикалык жана аскердик таасирин колдонуп, өз таасири астындагы өлкөлөрдө Исламдын жайылышынан жана күчтөнүшүнөн кооптонушууда. Аларды Халифалыктын кайра баш көтөрүү ыктымалы кооптондурат. Эгер мындай боло турган болсо, алар түптөгөн малай режимдери жана алар орноткон системалары түп-орду менен кыйроосун жакшы билишет. Бул алардын эшигинин алдында турган коркунуч жана алар ага каршы туруштук бере албашы анык. Россия жетеги алдында, анын таасир чөйрөсүндөгү малай режимдердин учурдагы динге каршы курч мамилеси, Ислам мамлекети Жакынкы Чыгышта пайда болушу мүмкүн деген коркунучтан тышкары, бүткүл Борбор Азия чөлкөмү Ислам туусунун алдында биригип кетүү ыктымалы кооптондурууда. Бирок, алар кандай гана чараларды көрбөсүн, Ислам долбоорун чектей алышпайт жана акыры, аларды шермендечилик жана өкүнүү күтүп турат:

يُرِيدُونَ أَن يُطۡفِ‍ُٔواْ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَيَأۡبَى ٱللَّهُ إِلَّآ أَن يُتِمَّ نُورَهُۥ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ ٣٢ هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ ٣٣

«Алар өз ооздору менен Алланын нурун өчүргүлөрү келет. Бирок алар (Ислам динин) канчалык жек көрүшпөсүн, Алла Өз нурун толук кылат. Ал Өз элчисин Туура Жол, Чыныгы дин менен – мушриктер жек көрүшсө деле – бүткүл диндердин үстүнөн үстөмдүк кылууга жиберген».  (9:32,33).

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here