Рахмондун Бишкекке болгон мамлекеттик сапары жана чек ара маселеси

47
0

Рахмондун Бишкекке болгон мамлекеттик сапары жана чек ара маселеси

13-мартта тажик президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке мамлекеттик сапары алкагында кыргыз-тажик чек арасын тактоо жөнүндөгү келишимге жана биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Анын алдында суу-энергетикалык обьекттерге жетүү жана жолдорду куруу жана пайдалануу боюнча эки тараптуу документтерге тиешелүү мекемелердин башчылары кол коюшту. Мындан тышкары, бир катар протоколго жана меморандумга кол коюлду. Кол коюу иш-чарасы аяктагандан кийин “Кызыл-Бел” жана “Кайрагач” чек ара бекеттери ачылды. Эки өлкөнүн ортосунда жаллпысынан беш өткөрмө бекети бар.

Ошондой эле, Эмомали Рахмон нооруз күнүн Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын мамлекет башчылары чогуу өткөрүүнү сунуштап, Жапаров аны кабыл алганы белгилүү болду.

Комментарий:

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселесинен улам, мезгил-мезгили менен кандуу кагылышуулар болуп келген. Мындай кырдаалды негизинен Орусия эки өлкөнүн бирине басым өткөрүү куралы катары пайда кылчу. Анткени, Халифалыктын курамындагы Борбор Азия өлкөлөрү алгач падышалык Россия тарабынан басып алынып, кийин СССРдин курамына кошулган. Ошондон кийин бул аймак 5 республикага бөлүнүп, алардын ортосуна жасалма чек аралар тартылды. СССР чек араларды тартып жатканда келечекте бул республикалар кайрадан биригип кетишинин алдын алуу жана керек болгон учурда чек ара көйгөйлөрүнөн пайдалануу менен аларды өзүнүн таасири алдында кармап туруу максатында, чек араларды атайылап шахмат талаасы сыяктуу бөлүп чыккан.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы он жылда эле кыргыз-тажик чек арасында кеминде 150 жаңжал катталып, анда жүздөгөн адамдар жараат алып, ондогон жергиликтүү тургундар жана чек арачылар каза болушту. Өкүнүчтүүсү, биз ушул чек аралар колонизатор кафирлер тарабынан – мусулмандарды бөлүп таштоо, ушул чек араларда жаңжал чыгаруу аркылуу бир үммөт, боордош эл ортосунда жарака пайда кылуу жана эки өлкөнүн бийликтерине басым өткөрүү куралы катары пайдаланылып жатканы жөнүндө ойлонбодук.

Негизи чек ара проблемасы аны бекемдөө же эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен эле чечилип калбайт. Тескерисинче, колонизатор мамлекеттер өздөрүнө малай болгон акимдер аркылуу мусулмандардын мээсине сиңирип таштаган “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн пикирлерди таштап, кайрадан өз динибиз болгон Исламга кайтуу жана Аллахтын өкүмдөрүн турмушта колдонуу менен гана чечилет. Мына ошондо ортобузга тартылган жасалма чек аралар жоюлуп, кайрадан пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) байрагы астында биригишибиз мүмкүн болот, инша Аллах.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here