Зеленскийдин АКШга сапары: максаттары, себептери жана кесепеттери

27
0

Зеленскийдин АКШга сапары: максаттары, себептери жана кесепеттери

2025-жылдын 28-февралында Вашингтондо Украина президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Дональд Трамп жолугушту. Жолугушууга АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да катышты. Бул сапардын негизги максаты сейрек кездешүүчү баалуу металлдар боюнча келишимге кол коюу болчу. Бирок Киевден алынган маалыматтарга ылайык, Зеленский бул келишимге америкалыктар сунуштаган шарттарда кол коюуга даяр эмес экенин билдирип, Украина даярдаган, коопсуздук кепилдиктерин камтыган документтин версиясын талап кылды. Бирок жемиштүү диалогдун ордуна, жолугушуу ачык тирешүүгө жана кайым айтышууларга айланды.

Бул кырдаалдын себептери менен кесепеттерин түшүнүү үчүн төмөнкү аспектилерди карап чыгуу керек:

Кайрадан бийликке келгенден кийин, Трамп Орусия-Украина согушун тез арада токтотууну чечти. Бирок анын бизнесмендик, прагматикалык мамилеси бул көйгөйдүн тереңдигин жана Киев менен Москванын ортосундагы келишпестиктин масштабын жетиштүү баалабай койгонун көрсөтөт. Бул анын Украина кризисинде гана эмес, Канада, Мексика, Гренландия менен болгон мамилелеринде жана Палестина маселесине карата түшүнүксүз позициясында да чагылып турат. Ал үнүн катуу жаңыртып, билдирүүлөрдү жасаганы менен, аларды ишке ашыруунун реалдуу механизмдери жөнүндө так түшүнүгү жоктой.

Мисалы, 2025-жылдын 19-февралында Трамп Зеленскийди «шайлоосуз башкарган диктатор» деп атаган. Бирок 8 күн өтпөй, 27-февралда, бул сөзүн актоого аракет кылып: «Мен чын эле ушинтип айттым беле? Айтканыма ишене албай турам» деп билдирди. Ал эми президенттик кызматка киришерден мурун «24 сааттын ичинде согушту токтотом» деп убада кылганына карабастан, кийинчерээк «бир нече айга созулушу мүмкүн» деп өз сөзүн өзгөрттү.

Трамп сейрек кездешүүчү баалуу металлдар боюнча келишимин эки тарапка тең (Орусияга жана Украинага) таңуулоого аракет кылды. Бирок бул максаты анын Вашингтон жана Москва менен болгон сүйлөшүүлөрүндө татаалдашып кетти.

Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы:

АКШнын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү Кит Килог Мюнхен коопсуздук конференциясында Москванын таптакыр кабыл алгыс шарттарын сунуштады. Алар төмөнкүлөрдү камтыган:

  1. Орусиянын айрым аймактарын Украинага өткөрүп берүү;
  2. Орус армиясындагы аскерлердин санын кыскартуу;
  3. Иран, Түндүк Корея жана Кытай менен бардык аскердик жана экономикалык байланыштарды үзүү.

Мындай талаптар 2025-жылдын 18-февралында Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз аяктоосуна алып келди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок деп билдирсе, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Орусия аймактык маселе боюнча эч кандай жеңилдиктерге барбайт», деди.

Украина боюнча келишим дагы чоң кыйынчылыктарга туш болду.

  1. 2025-жылдын 15-февралында Зеленский АКШ сунуштаган биринчи версиядагы баалуу металлдар боюнча келишимге кол коюудан баш тартты.
  2. Буга жооп катары Трамп Зеленскийге катуу сын айтып, аны «диктатор» деп атады.
  3. Кийинчерээк Украина АКШ сунуштаган экинчи жана үчүнчү версияларды кабыл алды. Мындан соң, Трамп Зеленскийди «диктатор» деп атаган сөзүн кайра карап чыгып, өзүнүн позициясын жумшартууга аргасыз болду.

28-февралдагы «чырдуу жолугушуу»

Бардык окуялар Вашингтондо 28-февралда өткөн Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусуна алып келди. Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда тез арада тынчтык келишимин түзүү мүмкүн эместигин түшүнүп, Зеленскийди саясий тирешүүгө тартууга аракет кылды. Бул анын шайлоочуларынын алдында: Зеленскийди «тынчтык келишимине макул болбогон тарап» катары көрсөтүп, өзүнүн «Украинадагы согушту токтотуу» деген шайлоо убадаларын актоого мүмкүнчүлүк алуу аракети катары бааланды.

Белгилей кетчү нерсе, протоколдук эрежелерге ылайык, мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуулар бардык келишимдер такталгандан кийин гана өткөрүлөт. Ошондой эле, биргелешкен басма сөз жыйындары сүйлөшүүлөр аяктагандан соң уюштурулат. Ал эми 28-февралда бул тартип сакталган жок. Мындан тышкары, расмий жолугушууларда эки тарап тең укуктуу болушу керек. Башкача айтканда, президент президент менен жолугушат. Бирок бул жолу президент вице-президент менен бирге чыкты, бул дипломатиялык протоколдорго туура келбейт.

Белгилүү болгондой, Зеленский согуш башталгандан бери расмий костюм кийген эмес, ар дайым аскердик кийимде жүргөн. Бирок, басма сөз жыйыны баштала электе эле, Ак үйдүн Батыш канатынын алдында Трамп аны тосуп алып, колун кысып, кийимин мазактап, «Бүгүн чоң кийим кийип алыптыр» деп шылдыңдады. Андан соң, Трампка жан тарткан журналист Брайан Глинн Зеленскийден «эмнеге Ак үйгө костюм кийбей келдиң?» деп сурап, аны президенттин жана башка журналисттердин көзүнчө жемеледи. Бул окуялардын баары 28-февралдагы жолугушуу Украинанын президенти Зеленскийди атайын чагымга тартуу жана эл алдында басынтуу болгонун көрсөтөт. Мындай басынтууну Зеленский көтөрө алган жок. Белгилей кетүүчү нерсе, бул окуялардын жүрүшүнө Трамптын жеке сапаттары – текеберлиги, оройлугу жана жөнсүз жүрүм-туруму таасир эткени менен, анын кылганы АКШнын акыркы үч жылда жүргүзүп келе жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу саясатынын чегинен чыккан жок.

Орусиянын Украинага каршы согушунун улануусу АКШ үчүн абдан пайдалуу. Себеби, Вашингтон өзүнүн негизги ядролук атаандашын, башкача айтканда, Орусияны салттуу согуш аркылуу алсыратууга мүмкүнчүлүк алды. Орусия, өзүнүн кыска мөөнөттүү жана алысты көрө албаган саясатынын айынан, Украинага кол салып, аскердик кубатын түгөтүп жатат. Бир жыл ичинде орус армиясы Украина аймагына 50 км гана тереңдеп кире алды, ал эми фронттун узундугу 60 км. Мындай араң алынган жетишкендиктерге карабай, Орусия күн сайын ондон ашуун аскердик техникасын жоготуп, украин армиясынын өз аймагындагы стратегиялык объектилерине соккуларына туш болуп жатат.

Бул согуш Европаны да алсыратууда, анткени ал арзан орус энергия ресурстарынан кол жуугандыктан, Европага качкан украин качкындарына көп каражат жумшоого мажбур болууда. Ошондой эле, бул согуш Орусияны Кытай үчүн да жагымсыз өнөктөшкө айлантты. Анткени Бээжин Орусиянын ресурстарына муктаж болгону менен, анын эл аралык абалынын начарлашын карап күтүп турат. Украина үчүн тынчтык планы боюнча ийгиликсиз аракеттерден кийин, Кытай азыр «Өзөндүн жээгине отуруп, душмандарынын сөөгү агып өтүшүн күтүүнү» тандагандай көрүнөт.

Ошондуктан, Трамптын аракеттеринин ийгиликсиз болушу толугу менен күтүлгөн эле. Анткени анын сунуштары АКШнын Евразиядагы стратегиялык кызыкчылыктарына каршы келген. Бирок Трамптын текеберлиги жана оройлугу ага кайрадан зыянын тийгизди. Чынында, бул АКШ президентинин өзүнүн овалдык кабинетинде басынууга кабылган сейрек учурларынын бири болду.

Акыры эмне болгон күндө да, 28-февралдан кийин АКШ Европаны Орусиянын агрессиясына каршы жалгыз күрөшүүгө түртүп, аны Украинадагы согушка дагы да активдүү аралашууга мажбурлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул албетте, АКШ үчүн өтө пайдалуу. Зеленский менен болгон сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учураганынан кийин, Трамп: «Ал (Зеленский) тынчтыкка даяр болгондо кайтып келсе болот», – деп билдирди. Ошондой эле: «Бул согушту токтотобуз же аларды согушту улантууга уруксат берип, эмне болорун карап көрөбүз», – деди.

АКШнын Украинага колдоосу толугу менен токтоп калбайт. Сүйлөшүүлөрдөгү уяттуу окуядан бир күн мурун, Трамп Орусияга каршы санкцияларды дагы бир жылга узарткан. Ошондой эле, Зеленский менен бирге Украинадан бир топ жогорку кызмат адамдары, анын ичинде коопсуздук кызмат өкүлдөрү да АКШга барышкан жана алар менен жолугушуулар жокко чыгарылган эмес.

Европанын позициясына келсек, анын лидерлери Зеленскийди колдогон бирдиктүү фронт түзүштү жана Трамптын жүрүм-турумун кескин айыпташты. Европалык өлкөлөр бул кырдаалды Украина кризисинде демилгени колго алууга жана согушка дагы көбүрөөк аралашууга мүмкүнчүлүк катары көрүшөт. Демек, Орусия-Украина согушунун жүрүшү АКШнын кызыкчылыгына ылайык өнүгүүнү улантат. Ал эми Украина эли үчүн, АКШнын эки жүздүүлүгү дагы бир жолу айкын болду. Украина Орусиянын мыкаачылык менен жүргүзгөн согушунун курмандыгы болуп, анын эгемендүүлүгү, эли жана табигый ресурстары АКШнын Евразиядагы стратегиялык кызыкчылыктары үчүн пайдаланыла турган курмандыкка айланды.

Хизб ут-Тахрирдин Украинадагы маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

Фазыл Амзаев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here