Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Каапырлыкка кайтып кетпегиле
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ан-Нававинин “Сахих Муслимге” берген шархында, Пайгамбар (с.а.в)дын: “Менден кийин бири-бириңердин мойнуңарга уруп, каапырлыкка кайтып кетпегиле” деген сөзүнүн маанисин түшүндүрүп айтты:
عن عبد الله بن عمر عن النبي -صلى الله عليه وسلم- أنه قال في حجة الوداع: “ويحكم أو قال: ويلكم لا ترجعوا بعدي كفارا يضرب بعضكم رقاب بعض“.
“Абдулла бин Умардан риваят кылынат. Коштошуу ажылыгында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силерге кыйроо болсун, менден кийин бири-бириңердин мойнуңарга уруп, каапырлыкка кайтып кетпегиле”.
“Силерге кыйроо болсун” деген сөзүнө карата Аль-Кади айтты: Бул сөздү арабдар таң калуу жана кайгыруу маанисинде колдонушкан.
Сибавайх айтты: “Вайл” – кыйроого учураган сөз, “Вайх” – ырайым. Булар кыйроо алдында тургандарга эскертүү үчүн колдонулган сөздөр.
Дагы бирөө: “бул эки сөз кыйроо үчүн дуба кылуу эмес, тескерисинче, ырайым жана таң калууда дуба кылуу үчүн колдонулат”, – деди.
Азирети Умар бин аль-Хаттабдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат. Ал “вайх” сөзү ырайым түшүндүрө деген.
Аль-Харави айтты: “Кимде-ким али татыксыз болгон балээге кабылса, ага ырайым сөзү катары “вайх” колдонулат”. Сага ырайым болсун. “Вайл” сөзү ким татыктуу болбосо, ошого колдонулат “сага кыйроо болсун” деген сыяктуу. Аллах жакшы билүүчү.
Сүйүктүү бир туугандар:
Каапырлардын мусулмандарды өлтүрүшү, үйлөрүн бузуп, намысына шек келтириши таң калыштуу эмес. Анткени алар Аллахка, Анын элчисине жана динге душман. Бирок таң калычтуусу, ушул иштерди кээ бир мусулмандардын жасап жатышы жана муну кайсы кызыкчылык үчүн жасап жатышкандыктары. Алар арзыбас дүнүйө, мансап үчүн же кадыр-барк үчүн, башкалардын дүйнөлүк жашоосуна өздөрүнүн акыреттерин сатып жатышкандыктары таң каларлык. Алар кандай гана жаман өкүм кылышат.
Эй мусулмандар!
Америка жана Батыш мусулмандарды бардык жерде өз бир туугандарына кол салуу үчүн колдонууда. Бул Америка Ооганстан, Ирак, Палестина жана башка исламий өлкөлөрдө колдонгон ийгиликтүү ыкма. Ал тургай ал өлкөлөрдөгү мусулмандар “душман бир тууган” деп аталып калды. Америка араб революцияларында да бул ыплас ыкманы колдонду. Ал өзүнүн малайын сактап калуу үчүн бир тарапты экинчи тараптын үстүнөн колдоп-кубаттайт. Исламий деп эсептелген колдорду колдонуп, Америкага каршы чыккандардан кутулуу үчүн жардырууларды жасайт. Бул иштерди кылгандар Аллах Тааланын: “وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُّتَعَمِّدًا فَجَزَآؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيمًا
“Кимде-ким бир момунду атайылап өлтүрсө, анын жазасы тозок, анда ал түбөлүк калат жана Аллах ага ачууланып, аны каргап, ага чоң азапты даярдап койгон”, – деген сөзүн укпай калышкан сыяктуу!
Алар Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)
“اجتنبوا السبع الموبقات”
“Өлүмгө алып келе турган жети күнөөдөн сактангыла” деген хадисин угушпагандай. Алардын арасында Аллах арам кылган жанды өлтүрүүнү айткан. Расулулла (Ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
“لا يزال العبد في فسحة من دينه ما لم يصب دما حراما”
“Пенде арам кан төкпөсө, дининде бейпил болот”. Дагы:
أول ما يقضى بين الناس يوم القيامة في الدماء
“Кыямат күнү адамдар арасында биринчи өкүм кылынчу нерсе – кан болот” деген.
Анда силер, эй батыш тарапкерлери, бул коркунучтуу убадалардын каягындасыңар? Бул кылмыштардын артында Америка жана Батыш колдогондор, бир туугандарыңарды өлтүрүү кылмыштарынын каягындасыңар? Башкалардын башынан өткөн окуядан сабак алган жоксуңарбы?!
Эй мусулмандар!
Бул балээнин чыныгы себеби мусулман өлкөлөрүндө чыныгы акимдин жоктугу. Бул үммөттү көзөмөлдөгөн мусулмандардын халифасынын жоктугу жана анын ордуна адилетсиз, бузуку жана каапыр акимдин болушу. Ал элчиликтерден, чалгындоо мекемелеринен өлкөгө тиешелүү буйруктарды алат. Демек, мындай башкаруучуну кетирүү үчүн үммөт аракет кылышы керек. Бүтүндөй үммөт үчүн аны коргоп, ага туура кам көргөн акимди алып келүүсү керек. Ал анын даңкын чыгарып, колунан алып бул дүйнөдө бийиктикке жана даңкка, акыретте бейишке карай жетелейт.
Оо Аллахым, бул күндү бизге тездет, мусулмандарга ырайым кылган жана алардын канын өз араларында сактаган мусулмандардын имамынын көзүн көрүүнү насип кыл.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 13-шаьбан.
2025-ж, 12-февраль.