Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

20
0

Басма сөз баянаты

Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты

Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

2025-жылдын 21-февралында “Reuters” агенттиги төмөнкүлөрдү билдирди:

«АКШ Пакистандагы (өзөктүк куралы бар мамлекет) аскердик программаны колдоо үчүн 397 миллион доллар бөлдү. Бирок Конгресстин өкүлү бул жардамдын шартын баса белгилеп, F-16 учактарын Индияга каршы эмес, терроризмге каршы операцияларда гана колдонууга уруксат берилгенин билдирди» Ошол эле учурда, бир нече күн мурун АКШнын администрациясы Индияга эч кандай ушундай шарттарды койбостон, эң акыркы үлгүдөгү F-35 согуштук учактарын сатууну сунуштады. Бул АКШнын Пакистанга карата эки жүздүү саясатынын уландысы. 2023-жылдын октябрында, 2024-жылдын сентябрында жана 2024-жылдын декабрында АКШ Пакистандын өзөктүк жана ракеталык программалары менен байланышкан компанияларга санкция салган. Ошол эле учурда, Индияга өзгөчө жеңилдик берип, аны өзөктүк материалдарды жеткирүүчүлөрдүн тобуна кошту.

Эгерде АКШнын максаты аймакта Индияны лидер мамлекетке айландыруу жана Пакистанды Непал менен Бутандын деңгээлине түшүрүү экени анык болсо, анда эмне үчүн Пакистанда АКШнын көзөмөл программасы иштеп жатат? Биздин согуштук учактар мусулмандарга каршы колдонулушу мүмкүн, бирок биздин эң чоң аймактык душманыбызга каршы колдонууга тыюу салган бир тараптуу шарттарды ким кабыл алды? Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ  римдиктерден же перс империясынан алар менен согушуу үчүн курал сатып алган беле? Албетте, жок!

Пакистандагы ушул эле аскердик жана саясий жетекчилик согуш башталганда, «Кантип согуша алабыз?» деп актанат. Алар Кашмирди сатып жиберүүдөн башка эч нерсе кылышпайт жана мусулмандарга каршы күрөшүп же аларга каршы күрөшкөндөргө жардам берип жаткан Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык тартипке таянышат. Ушундай болгон соң, бул кыянатчы жетекчиликти алып салуу – жалгыз чечим!

Бул башкаруучулар Пакистандын экономикасы жүйө келтиришип, Палестинаны, Кашмирди жана башка мусулмандардын оккупацияланган жерлерин бошотуу үчүн «аскерлерди жөнөтүү кымбатка түшөт» дешет. Бирок ушул эле экономика ондогон жылдар бою Советтик Орусияга каршы жихадды көтөрдү жана он жылдан ашуун убакыт бою басып алынган Кашмирдеги индиялык армияга каршы күрөштү каржылады. Чет элдик насыялар биздин экономикага кошумча жүк, алар пайыздык төлөмдөр жана зыяндуу шарттар менен биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү алсыратат. Бирок, биз шариаттын бардык милдеттерин аткара алабыз, анын ичинде Кашмир менен Палестинаны коргоо үчүн аскерлерди мобилизациялоону да көтөрө алабыз. Эгерде «акчанын жоктугу» негиздүү шылтоо болсо, анда согуш шариат боюнча милдеттүү болгондо, согушуудан баш тарта алабызбы? Аллах Таала Куранда мындай дейт:

﴿الشَّيْطَانُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ وَيَأْمُرُكُمْ بِالْفَحْشَاءِ وَاللهُ يَعِدُكُم مَّغْفِرَةً مِّنْهُ وَفَضْلاً وَاللهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ﴾.

«Шайтан силерди (эгер кайыр-садака кылсаңар) кедей болуп калууңар менен коркутат жана бузук иштерге азгырат. Алла силерге Өзү тараптан кечирим жана кең ырыскы убада кылат. Алла (пейили) кең жана Билүүчү!» (Бакара, 268-аят).

Бул башкаруучулар биздин эгемендикти, коопсуздукту жана ыйык баалуулуктарыбызды саткандар! Пакистанды башкарган жетекчилер Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу (IMF) оторчулук мекемелерден сүткордукка негизделген жана зыяндуу шарттары бар кредиттерди алып жатышат. Ошол эле учурда, алар биздин аскердик жана экономикалык суверенитетибизди, аймактык бүтүндүгүбүздү жана исламдын ыйык жайларын коргоо милдетибизди бузуп келишет.

Бул саясат Мушаррафтын башкаруусунда күч алган жана бүгүнкү күнгө чейин «Бажванын доктринасы» деген ат менен улантылып жатат. Экономикалык стабилдүүлүк деген жалган шылтоо менен биздин стратегиялык кызыкчылыктарыбыздан баш тартылууда, ал эми эл пайыздык карыздардын оор жүгүн тартып, жакырчылыкка туш болууда. Натыйжада, бул саясат өлкөгө эч кандай экономикалык туруктуулукту алып келген жок.

Мындан тышкары, Пакистанды башкарган жетекчилер Кашмирди Индияга тапшырып коюшту. Эми АКШ Пакистанга өзөктүк жана стратегиялык куралдарын чектөө үчүн басым кылууда. Бизге шексиз ушул саткын аскердик жана саясий жетекчиликтин колунан кармап, аларды тактан кулатуу шариат боюнча парз эмеспи?!

Оо, Пакистан армиясынын офицерлери жана жоокерлери!

Силердин жүрөгүңөрдөгү жихад руху душмандарыбызды коркутат. Ошондуктан алар силерди ар түрдүү чынжырлар менен кишендегиси келет. Бирок эң коркунучтуу кишен бул силердин өз жетекчилигиңер! Силер бул саткын жетекчилерден арылууга тийишсиңер! Пакистанда Америка жүргүзүп жаткан аскердик оторчулукка жардам берип жаткан саткын жетекчилерди кулаткыла! Өз күчүңөрдү пайдаланып, бул түзүмдү жоготкула!

Келгиле, Хизб ут-Тахрирге жардам бергиле! Биз силерди ар дайым душмандардын тузагынан сактанууга чакырып келгенбиз, динге ылайык туура жолду көрсөтүп келгенбиз. Биз пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалыкты курууга толук даярбыз!

Хизб ут-Тахрир ислам өлкөлөрүн саясий, экономикалык, маданий жана аскердик оторчулуктан бошотууну кепилдейт! Калыс жана адилеттүү халифа силерди мусулмандардын душмандарына каршы согушка жетектейт! Демек, кеч болуп кала электе даярдангыла! Анткени бул акыретте силерге пайдалуу боло турган жалгыз жол!

Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِنَّ اللهَ اشْتَرَى مِنَ الْمُؤْمِنِينَ أَنفُسَهُمْ وَأَمْوَالَهُم بِأَنَّ لَهُمُ الجَنَّةَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ فَيَقْتُلُونَ وَيُقْتَلُونَ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا فِي التَّوْرَاةِ وَالإِنجِيلِ وَالْقُرْآنِ وَمَنْ أَوْفَى بِعَهْدِهِ مِنَ اللهِ فَاسْتَبْشِرُواْ بِبَيْعِكُمُ الَّذِي بَايَعْتُم بِهِ وَذَلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ﴾.

«Албетте Алла момундардын жандарын жана малдарын алардан бейиш менен айырбаштап алды. Алар Алла жолунда согушуп, (каапырларды) өлтүрүшөт жана (өздөрү да Алла үчүн шейит болуп) өлтүрүлүшөт. (Мындай момундарга бейиш берилүүсүнө) Алла Тоорот, Инжил жана Куранда Өзүнүн чыныгы убадасын берген. Алладан да убадасын артык аткаруучу ким бар? Демек, (эй момундар) бул кылган соодаңарга кубангыла. Мына ушул чыныгы улуу бакыт». (Тообо сүрөсү, 111-аят).

Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

Пакистан вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here