Орозо жана айт күндөрүн бирдиктүү белгилөө – үммөттү бириктирүүгө чакырык

28
0

Басма сөз баянаты

Орозо жана айт күндөрүн бирдиктүү белгилөө – үммөттү бириктирүүгө чакырык

Эй мусулмандар!         

Аллах Таала бизге орозону улуу максат үчүн парз кылды. Ал Куранда мындай деп айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾

«Эй момундар, силерден мурдагыларга парз кылынганы сыяктуу, силерге да такыбаа болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды». [Бакара: 183]

Абдуллах ибн Умар (Аллах ага ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«الشَّهْرُ تِسْعٌ وَعِشْرُونَ، فَإِذَا رَأَيْتُمُ الْهِلاَلَ فَصُومُوا وَإِذَا رَأَيْتُمُوهُ فَأَفْطِرُوا، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَاقْدِرُوا لَهُ» رواه مسلم.

«Ай 29 күн. Эгер айды көрсөңөр, орозо кармагыла, эгер аны көрсөңөр, айттагыла. Эгер асман булуттуу болуп, ай көрүнбөсө, аны толук 30 күн кылып эсептегиле» (Муслим риваяты).

Орозо – бул Жаратуучубузга арналган ибадат. Анын максаты инсан менен коомду такыбалыкка жеткирүү. Пайгамбарыбыз ﷺ  орозонун кандай кармалышы керектигин сөзү, иши жана бекем тастыктоосу менен түшүндүрүп кеткен. Орозо намаз, зекет жана ажылык сыяктуу эле жеке адамдын ибадаты болгону менен, ал жалпы үммөттү бириктирген ибадат болуп саналат. Бирок биз ушул улуу насааттан алыстап кетпедикпи?!

Үммөттү бөлүп-жарууга багытталган аракеттер

Колонизаторлор мусулмандарды бириктирген намаз, орозо, ажылык, зекет, жихад сыяктуу ибадаттарды бөлүп-жаруу үчүн чоң аракет жасашты. Алар мусулман өлкөлөрүнө улутчулдук, мекенчилдик жана жасалма чек аралар аркылуу бөлүнүүнү таңуулашты. Ошондой эле айрым фыкых маселелериндеги айырмачылыктарды пайдаланып, мусулмандарды бөлүп-жарууга аракет кылышты. Муну менен алар мусулмандарды Аллахтын өкүмдөрүнөн алыстатуу үчүн “ар ким өзүнө пайдалуу болгон нерсени гана аткарсын” деген түшүнүктү жайылтышты. Ал эми Аллах Таала мындай дейт:

﴿فَاسْتَقِمْ كَمَا أُمِرْتَ وَمَنْ تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطْغَوْا إِنَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ﴾

«Демек, (эй Мухаммад) сен жана сени менен бирге тообо кылган заттар өзүңөргө буйрулгандай Туура Жолдо болгула! Дагы аша чаап кетпегиле! Албетте Ал Зат кылып жаткан иш-амалыңарды көрүп турат».  [Худ, 112]).

Эй мусулмандар!

Айдын көрүнүшү жөнүндөгү маселе жөн гана фыкыхтык айырмачылык эмес. Бул үммөттүн бөлүнүп-жарылуусуна каршы күрөшүүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Маккада чыккан айды Кудуста, Стамбулда, Рабатта жана Жакартада да көрүүгө болот! Анда эмесе, бизди бөлүп-жаруу үчүн жасалган чек араларга кантип макул боло алабыз?!

1966-жылы Каирдеги Ислам изилдөө академиясы чечим кабыл алып, анда: “Эгерде эки аймак бири бирине канчалык алыс болсо да, бирок бир эле түндүн ичинде болсо, алардын орозо жана айт күндөрүнүн айырмасы эсепке алынбайт”, – деп билдирген.

Ал эми астрономиялык эсептөөлөргө келсек, алар Пайгамбарыбыз ﷺ доорунда эле белгилүү болгон. Бирок, ал убакта мусулмандар ибадаттарында эсептөөлөргө эмес, көз менен көрүүгө таянган. Абдуллах ибн Аббас (Аллах ага ыраазы болсун) риваят кылган хадисте мындай делет:

«جَاءَ أَعْرَابِيٌّ إِلَى النَّبِيِّ ﷺ فَقَالَ: إِنِّي رَأَيْتُ الْهِلَالَ – قَالَ الْحَسَنُ فِي حَدِيثِهِ يَعْنِي رَمَضَانَ – فَقَالَ: أَتَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: أَتَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّداً رَسُولُ اللهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: يَا بِلَالُ، أَذِّنْ فِي النَّاسِ فَلْيَصُومُوا غَداً»

«Бир бедуин Пайгамбарыбыз га келип: “Мен айды көрдүм” – деди. (Хадисте айтылган ай Рамазан айы экенин риваятчы Хасан баса белгилеген). Пайгамбарыбыз  андан сурады: “Сен Аллахтан башка Кудай жок экенине күбөлүк кыласыңбы?” Ал: “Ооба” – деп жооп берди. Пайгамбарыбыз кайра сурады: “Сен Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк кыласыңбы?” Ал дагы: “Ооба” – деп жооп берди. Ошондо Пайгамбарыбыз  Билалга мындай деди: “Элге жар сал, эртең орозо башталат» (Хадисти Абу Дауд риваят кылган).

Эгер Аллахка ибадат кыла турган болсок, анда аны Өзүнүн сүйгөн жолунда аткарышыбыз, жок эле дегенде, бизди бөлүп-жарган чек аралар менен кызыкчылыктарды эмес, Аллахтын өкүмүн ээрчишибиз керек эмеспи?!

Эй мусулмандар!

Рамазан айы – ибадат жана кечирим айы, жеңиштер жана улуулуктар айы, биримдик айы. Бул – бир үммөт үчүн бир ай, бир орозо жана бир айт! Бүтүндөй үммөт бир эле күнү кубанууга тийиш. Анда эмесе, Жаратуучубуздун чакырыгына жооп берели, биримдикте бололу, алсыздарыбызды колдойлу, шариятты аткаралы, ыйык жайларыбызды бошотолу жана душмандарыбызды жеңели! Аллах Таала үммөттүн биримдигин сүйөт жана аларга Өзүнүн ырайымын, берекесин жана жеңишин жөнөтөт. Аларды Фирдаус бейиши менен сыйлайт.

Эй Мухаммаддын ﷺ  үммөтү!

Биздин ибадаттарда болуп жаткан мындай бөлүнүүлөр – мусулмандар туш болгон көйгөйлөрдүн бири гана. Бул Ислам мамлекети жок болгондугу үчүн келип чыкты. Мына ошол мамлекет гана мусулмандарды камкордукка алып, аларды «Ла илаха илла Аллах, Мухаммадур Расулуллах» туусу алдында бириктирмек. Мусулман адам орозосунда, айтында жана бардык амалдарында шарият өкүмдөрүнө баш ийиши керек. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«لَا طَاعَةَ لِمَخْلُوقٍ فِي مَعْصِيَةِ الْخَالِقِ».

«Жаратуучуга каршы келүүдө эч бир макулукка итаат кылынбайт» (Хадисти Ахмад жана Табарани риваят кылган).

Кыямат күнү бизден: “Эмне үчүн динди бөлүп-жардыңар?” – деп сурабас бекен? Аллах мындай деп айткан адамдардын катарында болууга умтулбайбызбы?

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Аллахтын жибине (Куранга) кармангыла жана бөлүнбөгүлө» [Али Имран, 103]).

Ошондуктан, эй мусулмандар!

Раббиңердин чакырыгына жооп бергиле, катарларыңарды бириктиргиле, Аллахтын шариятын орноткула! Ошондо силерге бул дүйнөдө улуулук, ал эми акыретте Аллахтын ыраазычылыгы жана бейиши буюрат!

Оо Аллахым! Сен бизден ыраазы бол! Үммөтүбүздү биримдикке алып кел, аны душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткир! Оомийн!

Жума, 29 Шаабан 1446 хижрий

28-февраль, 2025-жыл

“Хизб ут-Тахрир” Америка

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here