Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат
Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болорунан кабар берип жаткандай. Бул өзгөрүүлөр башаламандыкка, тагырак айтканда ар кандай мамлекет өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, күчтүүрөөк болсо коңшусунун же башка бирөөнүн ээлигин, байлыгын, ресурсун тартып алган абалга карап багыт алууда. Бул токой мыйзамынын абалын эске салат. Негизи капитализмдин табияты ушундай болчу. Болгону капиталисттик державалар мурун бул жырткычтыкты кооздоп эл аралык норма, демократия жана башка “жалтырак” ураандар артында жасап келген болсо, эми ачык эле аракетке өтүшүүдө.
Бүгүнкү күндө өзүмчүлдүк, протекционизм саясаты күч алып жатат. Трамптын бийликке келиши бул саясатты күчөткөн катализатор болуп калды. Себеби Трамп Американын каршылашы Кытайдын гана товарларына бажы алымын жогорулатпастан, ал тургай Американын союздашы болгон Канада жана Европа Союзунун товарларына да бажы алымын киргизүү менен опузалап жатат. Өз кезегинде бул дал ошондой реакцияны пайда кылууда. Тагырак айтканда, АКШнын союздаштары да Американын товарларына бажы алымын киргизүү менен жооп берүүгө даяр турат. Ал эми Кытай «Тарифтик согуш болобу, соода согушу болобу же кандай гана түрдөгү согуш болбосун, биз акырына чейин күрөшүүгө даярбыз» деп жооп берди. Андан тышкары, Трамп биз силерди (Европаны) бекерге коргойбузбу деп НАТОдон чыгуу менен коркутту, жада калса БУУдан чыгарын айтты. Ошондой эле Трамптын администрациясы Украина маселесинде Россия менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, Европа Союзун да, Украинаны да оңтойсуз абалга салды.
Американын жаңы бийлигинин мындай саясий багыты Европа өлкөлөрүн сестентип, өз арабасын өзүлөрү тартууга үндөдү. Маселен, 6-мартта Брюсселде чогулган Европа Союзунун лидерлери кайра куралдануу планын кабыл алды. 860 миллиард доллардан турган бул план Европа Союзунун коргонуусун күчөтүүгө, куралдуу күчтөрүн жакшыртууга жана аскерий өнөр жайын өнүктүрүүгө жумшалат. Мындай аракеттер аста-секин Экинчи дүйнөлүк согуштан бери аскерий потенциалы чектелип келген Германияга куралдануу жолун ачышы мүмкүн. Өз кезегинде бул жагдай илгертен бири-бирине атаандаш болуп, ал тургай алардын атаандаштыгы экинчи жана биринчи дүйнөлүк согуштарга алып келген Британия, Германия, Франция ортосунда карама-каршылыкты күчөтөт.
Ушундай абалда эл аралык тартип, эл аралык норма, Бириккен Улуттар Уюму деген нерселердин таасири өчүп барууда. Аларга дээрлик эч ким көңүл да бурбай бара жатат. Учурда мамлекеттердин ортосундагы мамилерде эл аралык тартип, эл аралык нормалар, БУУ эмес, эки мамлекет ортосундагы келишимдер алдыңкы орунга чыкты. Негизи БУУ колонизатор державалардын кызыкчылыгын камсыздаган уюм эле. Демек бүгүн БУУ колонизатор державалардын ач көздүгүн кандырган талапка жооп бербей калды. Алар эч бир эрежеге баш ийбестен колониялдык саясатын алып барышууда. Бул эл аралык тартиптин кыйрап бара жатканын көрсөтөт.
Мындай башаламан учурда, биз, мусулмандар, сергек болуп, кайсы бир державанын куралы болуп калуудан алыс болуубуз зарыл. Биздин өз идеологиябыз бар. Ал – Ислам. Биз Ислам негизинде биригүүбүз керек. Ошондо гана ар кандай державанын куралы болуудан оолак болобуз, ошондо гана биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргойбуз, жада калса эл аралык тартипти жетектеген лидерлерге айланабыз.
Харун Абдулхак