Коомдогу негизги оорулар

320
6

بسم الله الرحمن الرحيم

ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК

(3)

Коомдогу негизги оорулар

Коомдогу оорулардын көрүнүштөрүнө бир нече мисал келтирүү мүмкүн. Алардын бири – коркоктук. Бул нерсе коомду бузган эң жаман оору болуп, бул ооруну диктатор жетекчи жана “террорист” бийлик т.а. калкты коркутуп башкарып жаткан бийлик атайылап таратат. Андан кийин бул оору эл арасында тамыр жайып, улуулар, ата-энелер келечек муунду коркоктук оорусу менен уулайт. Алар акыйкатта бекем тур, ар дайым туура сүйлө, чынчыл бол деген тарбиянын ордуна, адилетсиздикке көз жум, өзүмчө туурамын деп ар кандай сөздү сүйлөй бербе, камалып кетесиң, диний китептерди окуба, диний сабактарды өтпө, “диний темаларды” таратпа, “лайк” баспа, унчукпай жүр, унчукпаган утат деген сыяктуу ката пикирлер менен жаштарды маңкурт кылууга, келечегибизди бузууга, бузуку коомдун өмүрүн узартууга билип-билбей салымын кошушат. Мындай тарбияны алган жаштар эмне менен шугулданат?! Мындай муундан эмнени күтүү мүмкүн?!

Бизде “демократия”, “сөз эркиндиги бар” деген курулай сөзгө эч ким ишенбейт. Жада калса акыйкат сөздү айтууну акмактык деп, бир-биринин оозун жабууга үндөгөндөр да чыгат. Өзүңдү танк астына таштап жатасың, сенин сөзүң менен эч нерсе өзгөрүп калбайт, сага боорум ооруганы үчүн айтып жатамын, камалып калбагын, деп өзүн жан күйдүрүүчү кылып көрсөтөт. Коомдо акыйкат сөздү айткан, бийликтин каталарын сындаган инсанды “духу вагон экен” деп мактоо менен бирге, өзүлөрүнүн акыйкатты айта албастыгын “мунун күчтүү коргоочусу бар”, “баары эле акыйкатты айта албайт” деген шылтоолор менен актанууга урунушат. Сөз эркиндиги бар деп жар салынып жаткан коомдо акыйкатты айтуу эрдик болсо, мындай коомдогу “сөз эркиндиги” жалган болуп эсептелет. Бул болсо коомдо диктатура өкүмдарлыгы, “террорист” бийлик башкарып жатканынын далили болот.

Мындай коомдо коркоктук оорусу баарын уулайт. Маселен, сиз балаңызга: башыңа кылыч көтөрүлсө да т.а. өлүм менен коркутса да акыйкатты айт, акыйкат үстүндө бекем бол деп тарбия бере аласызбы?! Жок, албетте. Анткени коркоктук оорусу баарын уулаган, анын катарында сизди да, сиз өз балаңызга, жаштарга туура эмес тарбия беришиңиздин, аларды коркок кылып уулашыңыздын себеби сизде “террорист” бийлик тараткан коркоктук оорусу бар. Андан сактануунун жолу оболу өзүңүз бул ооруга каршы күрөшүңүз т.а. аялдар үчүн жарым-жылаңач болуп жүрүү кандай шерменделик болсо, эркек киши үчүн коркоктук андан да жаман шерменделик болуп эсептелет. Ошондуктан бул шерменделиктен чыгуу үчүн акыйкатты айтууну баштаңыз, акыйкатты айтып жаткандарды колдоңуз, эч болбогондо диний китептерди окуу, роликтерди көрүү, баяндарды тыңдоо, жаккан роликке “лайк” басуунун эмнеси кылмыш деген пикирди карманып, коркоктукка каршы иммунитетти пайда кылыңыз, жаштарды, перзенттериңизди ыймандуу, таква, дос-душманды ажырата алган аң-сезимдүү кылып тарбиялоого шашылыңыз. Анткени, Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) ушундай коомдогу залим жетекчиге каршы акыйкатты айтууну эрдик деди:

سيِّدُ الشُّهداءِ حمزةُ بنُ عبدِ المطَّلبِ ، ورجلٌ قام إلى إمامٍ جائرٍ فأمره ونهاه فقتله

Шахиддердин саййиди – Хамза ибн Абдулмутталиб жана жабыр-зулум кылган жетекчинин алдында туруп, акыйкатка буйруп, акыйкатсыздыктан кайтарып, натыйжада өлтүрүлгөн инсан. (Хаким риваяты).

Кылмышкерлерди жазалап, аларды камоодон кылмышкерлер коркот, калк коркууга түшпөйт, тескерисинче, калк бул ишке ыраазы болот, колдойт. Ал эми жетекчини сындагандарды, бийликти кемчилиги үчүн тергеп-тескегендерди камоо, кыйноолорго салуу, жада калса өлтүрүү менен калкты коркутуу коомду кыйроого кептейт. Натыйжада жетекчини да, бийликти да сындагандар азаят, калбайт. Аларды тергеп-тескегендер, сындагандар калбагандан кийин алар коомду өзүлөрү каалаган көрүнүштө калыптандырышат, зулум күчөйт. Укук коргоо органдары элди коргоого, кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөгө эмес, жетекчини, бийликти ар кандай ыплас иштерди кылышына мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берген, аларды, үй-бүлөсүн калктан коргогон залимдерге айланышат. Депутаттар, имам-дамлалар залим бийликти актап кошоматчылык кылышат. Акыйкатты айткан айрымдары болсо жалгыз калат, коргоочусу болбогондон улам алар да унчукпай жүрүү жакшыраак дегенге өтүшөт.

Зулумга каршы акыйкатты айтуу же бийликти сындоо мүмкүн болбогондон улам бийликке, орган кызматкерлерине каршы күч колдонгон жамааттар, жихадий топтор жүзөгө келет. Натыйжада орган кызматкерлери аларды камоо менен каарман болуп, ушул жолдо өлүп кетишсе “шахид” болду деген сөздөр менен үй-бүлөсү тынчтандырылат. Жихадчылар органда иштеп жаткан бурадарын өлтүрүү менен соопко жеттик же ушул жолдо өлүү менен өзүлөрүн шахид деп эсептешет. Эки тараптын тең перзенттери кароосуз, жетим калышат. Акыйкатта болсо Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) мусулман мусулманга каршы кылыч көтөрсө экөөсү тең тозоку болорун эскерткен:

إذا الْتقى المسلمان بسيفَيهما ، فقتل أحدُهما صاحبَه ، فالقاتلُ و المقتولُ في النَّارِ قيل : يا رسولَ اللهِ هذا القاتلُ فما بالُ المقتولِ ؟ قال : إنه كان حريصًا على قتلِ صاحبِه

“Эгер эки мусулман бирбирине каршы кылычтары менен кагылышып, бири башкасын өлтүрсө, өлтүргөн да, өлгөн да тозокто болот. Ошондо: “Я Расулуллах, өлтүргөнү тозоку болушу түшүнүктүү, бирок өлгөнү эмне үчүн тозоку болот?”, – деп сурашты. Анткени ал да шеригин өлтүрүүгө ынтызар эле”,деди. (Бухарий риваяты).

Аллах Таала айтат:

وَمَن یَقۡتُلۡ مُؤۡمِنࣰا مُّتَعَمِّدࣰا فَجَزَاۤؤُهُۥ جَهَنَّمُ خَـٰلِدࣰا فِیهَا وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَیۡهِ وَلَعَنَهُۥ وَأَعَدَّ لَهُۥ عَذَابًا عَظِیمࣰا () یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ إِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِی سَبِیلِ ٱللَّهِ فَتَبَیَّنُوا۟ وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَنۡ أَلۡقَىٰۤ إِلَیۡكُمُ ٱلسَّلَـٰمَ لَسۡتَ مُؤۡمِنࣰا تَبۡتَغُونَ عَرَضَ ٱلۡحَیَوٰةِ ٱلدُّنۡیَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِیرَةࣱۚ كَذَ ٰ⁠لِكَ كُنتُم مِّن قَبۡلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَیۡكُمۡ فَتَبَیَّنُوۤا۟ۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِیرࣰا

“Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Аллахтын азабына жана каргышына дуушар болот. Аллах ал үчүн чоң азапты даярдап койгон. Эй, момундар, качан Аллах жолунда жихад үчүн сапарга чыксаңар (душмандарыңарды) анык таанып алгыла жана бул дүйнө-турмушунун мүлкүнө кызыгып, силерге салам берген кишиге: «Сен момун эмессиң» дебегиле! Анткени, Аллахтын алдында эсепсиз олжолор бар. Мурда силер да ушундай элеңер (тагыраак айтканда, кафирлердин кол астында диндүү экениңерди жашырып жүрүүгө мажбур элеңер). Эми Аллах силерди (Ислам мамлекетинде жашоо бактысы менен) курсант ыраазы кылды. Демек, (душманыңарды) анык таанып алгыла. Албетте Аллах кылып жаткан ишиңерден кабардар. [4:93-94].

Экинчи илдет:

Дагы бир оору мусулмандар саясат менен алектенбеши керек деп, исламий саясий хизбдерди жаман көрүү, саясат менен алектенгендерди кемсинтүү оорусу. Бул оору коомдо өкүмдар болуп турса биз эч качан бакубатчылыкка жетпейбиз, өнүгүү жолубуз ачылбайт. Анткени, кафир державалар бизди көз каранды абалда кармап туруу үчүн келишип алышкан, алардын чеңгелинен чыкпашыбыз үчүн БУУ баш болуп, ар кандай тармакта “мыйзамга каршы болуп калат” деген шылтоо менен көзөмөлдөп турушат. Жаштарыбыз моралдык, рухий тараптан тарбияланышы үчүн мектептерде Исламды үйрөнүшүнө, жада калса мектептен тышкары да динибизди, тарыхыбызды үйрөнүүнү кылмыш эсептеп, кылмыштай саясат жүргүзүшөт. Оор өнөр жайды, аскерий өнөр жайды курууга бизге тыюу салат. Сырьёлук база бойдон калуубуз үчүн күнү-түнү күзөтүп турушат. Куфрдун максаттарын ишке ашырып берген душманга малай, өз калкына болсо саткын бийликти түшүнүү үчүн саясатка маани бериш керек. Динде саясат жок деген сөз да куфр тарткаткан уулардын бири. Аалымдарыбыз, имам-дамлалар мындай кыянаттарга сүкүт кылышы коркоктук оорусу болуп, “биз мажбурбуз” дегени жалгандан башка нерсе эмес. Исламда мажбурлук этибарга алынышы үчүн өлүм коркунучу же намысына кол салуу сыяктуу шаръий үзүр болуу керек. Анда да Умматка, динге кыянат кылышы жайиз болбойт, акыйкатты Умматка жеткире алышпаганына гана үзүр болот. Бирок мансабынан айрылып калуудан коркуп, кыянаттык кылышы шерменделик, эки дүйнө кордугун жоопкерчилигине алган болот. Анткени туура саясат негизи пайгамбарлардын иши болуп, бул нерсе аалымдарга мурас болуп калган, Расулуллахтан (соллалоху алайхи ва саллам) Абу Хурайра (р.а.) риваят кылат:

كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ» قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: «فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ، فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ

Бану Исраилге пайгамбарлар саясат кылышат эле. Бир пайгамбар көз жумса артынан башкасы келген. Албетте менден кийин пайгамбар жок, жакында халифалар болот, кийин алар көп болушат”. Ошондо: “Эмнени буюрасыз?”, – деп сурашты. Биринчисинин байъатына бапаа кылгыла, биринчисинин, аларга акыларын бергиле, анткени Аллах кандай башкаргандыгы жөнүндө алардан сурайт”, – деди. (Муттафакун алайх).

Имам-дамлалар саткын, жалганчы, айлакер жетекчилердин саясатын негиз кылып, “мусулман жалганчы, айлакер болбойт, саясат жалган, айла-амал, ошондуктан саясат менен алектенбөө керек” деп коомду өзгөртүүгө аракет кылып жаткандарды жамандашууда. Президенттер, министрлер кызматынан кеткенден кийин алар кандай айла-амалдар менен калкты алдап, умматтын мал-мүлкүн талап-тоношкону ашкере болууда. Маселен, И.Каримовдун кызы эл байлыгын тоногону же Кыргызстандагы президенттердин, министрлердин кыянаттары, ач көздүгү кызматынан кетишкенден кийин ашкере болду. Эч бири “мен калкты алдаймын, кыянаттык кыламын, эл байлыгын өзүм, үй-бүлөм менен бөлүп аламын” дебеген. Баары калктын келечеги, өлкөбүздүн бакубатчылыгы үчүн болгон күчүмдү жумшаймын, коррупцияны жоготомун деген ураан, убадалар менен иш башташкан. Кызматтан кетери менен баары жалган экени ашкере болууда. Президент болсун, министрлер, депутаттар болсун, баары жалганчы, шылуундар деген пикир абийирдүү, таза инсандарды саясат менен алектенүүсүнө тоскоолдук кылууда. Түпкүлүгүндө таза, таква, адилеттүү инсандар саясаттан жүз үйрүгөндөн кийин жогорудагылар Умматтын башына келип алышты. Анас ибн Малик (р.а.) Расулуллахтан (соллалоху алайхи ва саллам) риваят кылат:

سيأتِي على الناسِ سنواتٌ خدّاعاتٌ؛ يُصدَّقُ فيها الكاذِبُ، ويُكذَّبُ فيها الصادِقُ، ويُؤتَمَنُ فيها الخائِنُ، ويخَوَّنُ فيها الأمينُ، وينطِقُ فيها الرُّويْبِضَةُ . قِيلَ : وما الرُّويْبِضةُ ؟ قال : الرجُلُ التّافِهُ يتَكلَّمُ في أمرِ العامةِ

Жакында адамдарга алдамчы жылдар келет, анда жалганчы чынчылга, чынчыл болсо жалганчыга чыгарылат, анда саткын аманаткөй болуп, аманаткөй саткынга чыгарылат жана анда рувайбиза сөз сүйлөйт”. Рувайбиза ким?”, – деп сурашты. Элдин иши туурасында сүйлөгөн арзыбаган киши, – деп жооп берди. (Ибни Мажжа риваяты).

Жада калса көпчүлүк адамдар мал сыяктуу жашаганы менен мактанышууда. Малды же итти эсинен тандыргандан кийин өзүнө келгенде эч нерсе болбогондой, күнү өтүшү менен чектелет, курсагы ток, жатар жайы болсо болду, башка нерсе менен иши жок. Инсан пикирлейт, үй-жайын оңдоого аракет кылгандай коомду оңдоо үчүн салымын кошот. Бирок жалкоо инсандар “мен саясат менен ишим жок, мен кесип-өнөрүмдү ойлоймун, башкасы мени кызыктырбайт” деп коомдун кыйроосуна себеп болушууда. Аллах Таала айтат:

وَلَوۡ شِئۡنَا لَرَفَعۡنَـٰهُ بِهَا وَلَـٰكِنَّهُۥۤ أَخۡلَدَ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ وَٱتَّبَعَ هَوَىٰهُۚ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ ٱلۡكَلۡبِ إِن تَحۡمِلۡ عَلَیۡهِ یَلۡهَثۡ أَوۡ تَتۡرُكۡهُ یَلۡهَثۚ ذَّ ٰ⁠لِكَ مَثَلُ ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِینَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔایَـٰتِنَاۚ فَٱقۡصُصِ ٱلۡقَصَصَ لَعَلَّهُمۡ یَتَفَكَّرُونَ

«Эгер кааласак аны ошол аяттар себептүү (жогору даражаларга) көтөрүп коер элек. Бирок ал жерге (тактап айтканда мал-дүйнөгө) берилди жана өз напсисин ээрчип кетти. Демек, ал куду бир итке окшойт, аны айдасаң да тилин салаңдатып тура берет, же (өз жайына) койсоң да тилин салаңдатып тура берет. Бул Биздин аяттарыбызды жалган деген адамдардын мисалы. Алар пикир кылуулары үчүн бул икаяны айтып бер». [7:176].

Эгер коркоктук оорусунан арылуу үчүн аракет кылбасак, коомду оңдоо жолдорун пикирлебесек, куфр мындан да оор күндөрдү башыбызга салат. Азыр биз Россиянын гана эмес, Кытай, АКШ, Европанын бутасында турабыз, Украинадагы абал бизге өтүшү мүмкүн. Аллах сактасын.

Буд жөнүндө Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) кабар берген:

يُوشِكُ الأممُ أن تداعَى عليكم كما تداعَى الأكَلةُ إلى قصعتِها . فقال قائلٌ : ومن قلَّةٍ نحن يومئذٍ ؟ قال : بل أنتم يومئذٍ كثيرٌ ، ولكنَّكم غُثاءٌ كغُثاءِ السَّيلِ ، ولينزِعنَّ اللهُ من صدورِ عدوِّكم المهابةَ منكم ، وليقذِفَنَّ اللهُ في قلوبِكم الوهْنَ . فقال قائلٌ : يا رسولَ اللهِ ! وما الوهْنُ ؟ قال : حُبُّ الدُّنيا وكراهيةُ الموتِ

Жакында мусулман болбогон калктар силерге ач калган адам тамагына ташталгандай силерге жулунушат”. Бир адам: “Биз ошондо азчылык болгонубузданбы?”, – деп сурады. Жок, тескерисинче, ал күндө силер көпчүлүк болосуңар, бирок силер селдин көбүгүндөй болосуңар. Аллах душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып коёт. Силердин жүрөгүңөргө вахнды салат. Вахн эмне, я, Расулуллах!”, – деп сурашты. Дүнүйөнү жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү”, – деди. (Абу Давуд риваяты).

Бул оорулардын негизи Ислам саясаттан четтетилгенинде. Исламий салтанат өкүмдар болгон доорлордо жетекчилер адилеттиги менен таанылган болсо, армиябыз “жеңилгис күч” болуп, Ислам мамлекети эл аралык майданда жетекчилик кылган, куфр дүйнөсү мусулмандарга өкүмүн өткөрүүнү, байлыктарын талап-тоноону эмес, аларга каршы чыгууну оюна да келтиришпеген. Элибиз аалым-уламалары менен дүйнөдө белгилүү болушкан, коомдо бакубатчылык болуп, уят, эрдик, тынчтык, жакшылыктар өкүмдар болгон. Ислам салтанаты кайрадан тикелениши менен коомдогу бардык бузгунчулуктар, оору, кыйроо себептери жоголот. Мурункудай жетекчи Уммат болобуз, иншаАллах.

Аллах Таала айтат:

أَفَحُكۡمَ ٱلۡجَـٰهِلِیَّةِ یَبۡغُونَۚ وَمَنۡ أَحۡسَنُ مِنَ ٱللَّهِ حُكۡمࣰا لِّقَوۡمࣲ یُوقِنُونَ

«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!”. [5:50]

(уландысы бар).

Муфаккир Абдулхак

6 COMMENTS

  1. Nitrogen stability is improved with anabolic agents but only
    when there may be enough intake of calories and protein. Whether Or
    Not this constructive nitrogen stability is of major benefit in the utilization of protein-building dietary substances has not been established.
    Oxymetholone enhances the production and urinary excretion of
    erythropoietin in patients with anemias as a result of bone marrow failure and infrequently stimulates
    erythropoiesis in anemias due to poor red cell production. Medical research of ANADROL Tablets didn’t embody adequate numbers of subjects
    aged sixty five and over to determine whether
    or not they reply in a different way from youthful subjects.
    Different reported medical experience has not identified variations in responses between the elderly and younger sufferers.

    Nevertheless, as a result of this water-retaining tendency, you must regularly monitor your blood pressure and kidney function to ensure you do not run into critical problems during
    your oral steroid cycle. Do keep in mind that all oral steroids will impression starvation due to the first move and it could cause pressure on your cardiovascular health or
    result in virilization in women. While there are numerous higher compounds, Dianabol is amongst the most well-known steroids used
    to achieve lean muscle. However, due to methyltrienolone’s high toxicity, even in modest
    dosages, bodybuilders hardly ever use it and
    prefer injectable trenbolone as an alternative.
    I wished to improve my athletic performance and lose some fat without losing any muscle that I had labored exhausting for.
    One thing you want to know about the side effects of Anavar steroids is that they’re more widespread in women than men. Anavar can help to increase energy and endurance, which could be
    useful for athletes. The recommended dosage of Anavar for athletes is
    25-50mg per day. Dianabol is strictly for bulking phases because of its estrogenic properties and water-retaining effects.
    Only superior customers ought to consider – splitting 50mg drugs dangers uneven dosing.

    In this information, we’re going to break down the
    science of natural testosterone and the way it differs from anabolic steroids.

    Need to know more concerning the distinction between pure testosterone and anabolic steroids?
    Check out this detailed guide in regards to the differences between testosterone
    and steroids.
    Although Anavar isn’t as likely to trigger this as another steroids, it could nonetheless occur,
    particularly if the drug is utilized in excessive doses or for extended periods.
    This condition could be embarrassing and will require surgery to right
    in extreme instances. Another facet effect men could expertise is testicular atrophy, which is the shrinking of the testicles.

    Gestrinone and tibolone are also notable androgenic agents however haven’t been marketed within the United States.
    You May soon begin receiving the newest Mayo Clinic well being data you
    requested in your inbox. Vitamins are nutritional vitamins and minerals in meals which are good for
    you.
    With free worldwide transport and a 60-day money-back guarantee on all
    orders, you’ll be able to attempt it at no risk and start making features without compromising your well being.
    I extremely recommend D-Bal if you’re looking to construct muscle in a brief period
    of time. D-Bal is a complement created by CrazyBulk that is
    designed as a legal and protected different to the anabolic
    steroid known as Dianabol. While there are a bunch of
    good legal steroids on the market, D-Bal is probably the most highly effective and my absolute favorite.

    Many men who use anabolic steroids will also take human chorionic
    gonadotropin (hCG) to forestall testicular shrinkage.
    Many men who use anabolic steroids report decreased libido or erectile perform.
    This sexual dysfunction may be as a outcome of lack of
    estrogen effect on the mind. In normal men, testosterone is aromatized to estradiol, and estradiol results on the
    brain are necessary for regular libido and overall
    sexual operate.
    According to analysis, serum testosterone ranges can peak in the bloodstream just 5
    hours after the first dose of oral testosterone. Testosterone
    undecanoate may be very unique compared to different oral steroids as a result of
    it’s suspended in an oil-based capsule. This esterification allows testosterone
    undecanoate to be absorbed via the lymphatic route, avoiding
    the liver and significantly reducing hepatotoxicity (4).
    Dianabol could be cycled by itself, amongst intermediates, or stacked
    alongside different bulking steroids by advanced users. Dianabol should by no
    means be taken with one other hepatotoxic oral steroid (such as Anadrol, Superdrol,
    or Winstrol). Dianabol (methandrostenolone) is probably the most commonly used oral anabolic steroid on the earth today.

    We have treated superior steroid users taking dosages as high as a hundred mg/day
    and operating Anadrol cycles for as much as eight weeks.

    The proof round whether or not anabolic steroids can considerably enhance athletic performance
    is restricted 8. But usually talking, there was some analysis which has shown that people who use anabolic steroids will expertise a rise
    in muscle energy 9. There is a dosage-dependent impact of anabolic steroids on muscle mass and power 65,
    66.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here