Баалардын өсүшү жана капитализмдин жараксыздыгы

38
0

Баалардын өсүшү жана капитализмдин жараксыздыгы

Инфляция – бул баалардын өсүшү, башкача айтканда, жашоонун кымбатташы. Элдин кымбатчылыкка даттанышы алардын жашоо шарттарынын кымбатташын түшүндүрөт. «Кымбатчылык» деген сөз ашкере жогорулаган бааларды жана белгилүү бир деңгээлден ашып кеткен чыгымдарды билдирет. Товарлар менен кызматтардын баасынын жогорулашы, адамдардын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтөт. Башкача айтканда, ошол эле киреше менен мурдагыдан азыраак нерсе сатып алууга туура келет.

Инфляциянын себептери негизинен эки топко бөлүнөт:

  1. Убактылуу (сырткы) себептер;
  2. Түзүмдүк (негизги) себептер.

Убактылуу себептер:

Инфляциянын убактылуу себептери үч негизги факторго байланыштуу:

Суроо-талаптын өсүшүнөн улам болгон инфляция: Баалардын өсүшү товарлар менен кызматтарга болгон суроо-талаптын сунуштан ашып кетишинен келип чыгат. Бул көбүнчө инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек акынын өсүшү сыяктуу экономикалык өсүү мезгилдеринде байкалат. Ошондой эле, товарлар менен кызматтар тартыш болуп жаткан учурда да мындай инфляция пайда болот.

Өндүрүш чыгымдарынын жогорулашынан улам болгон инфляция: Бул өндүрүш процессиндеги чыгымдардын өсүшүнөн улам келип чыгат. Мисалы, эмгек акынын, энергиянын, чийки заттын жана башка өндүрүш факторлорунун кымбатташы. Ошондой эле, салыктардын жогорулашы жана импорттук чийки заттардын кымбатташы да ушул түрдөгү инфляцияга себеп болот.

Акча массасынын көбөйүшүнөн улам болгон инфляция: Бул борбордук банктын экономикалык өндүрүшкө караганда ашыкча акча басып чыгаруусунан улам пайда болот. Башкача айтканда, өндүрүлгөн товарлар менен кызматтардын көлөмүнө салыштырмалуу акчанын саны ашыкча болуп кетсе, анын наркы төмөндөп, баалар өсөт.

Бул себептер убактылуу болуп саналат жана рыноктун табигый механизми же мамлекеттин кийлигишүүсү аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн. Бирок, эгерде мамлекет бул көйгөйлөрдү туура жөнгө сала албаса, инфляциянын деңгээли жогору бойдон кала берет.

Түзүмдүк (негизги) себептер:

Инфляциянын негизги жана туруктуу себептери өлкөдө колдонулган экономикалык система менен түздөн-түз байланыштуу. Бул система экономикалык ишмерлердин жүрүм-турумун аныктап, алардын аракеттерин жөнгө салат.

  1. Акчанын наркынын төмөндөшү жана сатып алуу жөндөмүнүн түшүшү:

Капитализмге негизделген экономикалык системада улуттук валютанын баасы туруктуу төмөндөп турат. Бул акчанын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшүнө алып келип, товарлар менен кызматтардын баасынын өсүшүнө себеп болот. Мунун негизги себеби, кагаз акча системасы (фиат акча) жана капиталисттик экономиканын бул акча системасына негизделиши.

Банктардын жана Борбордук банктын ашыкча акча басып чыгаруусу: Өкмөттөр жана каржы институттары экономиканы стимулдаштыруу максатында акча массасын көбөйтөт. Бирок бул өндүрүш көлөмү менен камсыздалбаса, инфляция күчөйт.

Кредиттер жана финансылык стимулдар:

Коммерциялык банктар экономикалык ишмердүүлүктү каржылоо үчүн ашыкча насыя берип, акчанын көбөйүшүнө жана анын наркынын төмөндөшүнө алып келет. Капитализмде акчанын баасын көзөмөлдөө мүмкүн эмес, анткени система инфляцияны жараткан инструменттерди (банктар, кредиттик саясат, финансылык стимулдар) колдонот. Натыйжада, баалар туруктуу өсүп, кымбатчылык ар дайым сакталат.

  1. Кредиттик пайыздар жана салыктардын жогорку деңгээли:

Өндүрүштүн баасын жогорулаткан негизги факторлордун бири, жогорку пайыздар менен берилген кредиттердин көбөйүшү жана салыктардын оор жүгү.

Кредиттик пайыздар: Ишканалар банктардан насыя алып, аны жогорку пайыз менен кайтарышы керек. Бул алардын чыгымдарын көбөйтүп, акырында товарлардын баасына таасирин тийгизет.

Салыктар: Өндүрүүчүлөр жана ишканалар салыктардын жогорулашынан улам чыгымдарын көбөйтөт. Натыйжада өндүрүш керектөөчүлөргө кымбат баада жеткирилет. Мунун баары инфляциянын туруктуу өсүшүнө шарт түзөт.

  1. Өндүрүштүн структуралык көйгөйлөрү жана импортко көз карандылык

Айрым өлкөлөрдө инфляциянын күчөшүнө өндүрүштүн структуралык көйгөйлөрү да салым кошот.

Импортко көз карандылык: Өндүрүшчүлөр чийки заттарды жана өндүрүш жабдууларын чет өлкөдөн сатып алууга мажбур болушат. Бул валюта курсунун өзгөрүүсүнө жана баалардын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Технологиялык жактан артта калуу: Өндүрүштүн атаандаштыкка жөндөмсүздүгү импортту күчөтүп, жергиликтүү экономиканын начарлашына алып келет.

Экспортко багытталган саясат: Айрым өлкөлөр 1970-жылдардан бери экспортту көбөйтүү саясатын жүргүзүп, ички өндүрүштү өнүктүрүүгө көңүл бурбай келишет. Мунун натыйжасында, импорттун көлөмү өсүп, инфляция күчөйт.

Бул факторлор “импорттолгон инфляция” деген көрүнүштү пайда кылат, анда товарлардын жана кызматтардын баасы чет өлкөлүк рынокторго көз каранды болуп калат.

Жогоруда айтылган факторлор капитализмдин ички мүчүлүштүктөрү болуп саналат. Бул система инфляцияны туруктуу жаратып турат, андыктан баалардын туруктуулугуна жетишүү дээрлик мүмкүн эмес.

Мындан тышкары, капитализмде “стагфляция” же “инфляциялык рецессия” деген көрүнүш бар. Бул экономика төмөндөп, жумушсуздук жогорулаган учурда инфляциянын күчөшү менен мүнөздөлөт. Бул айыккыс оору капитализмдин негизги көйгөйлөрүнүн бири. Ошондуктан, инфляцияны түп-тамырынан жоюу үчүн экономикалык системаны өзгөртүү зарыл.

Баалардын көтөрүлүшү ар дайым кризис жаратпайт. Маселенин негизги маңызы кайсы экономикалык системанын алкагында бул кымбаттоо болуп жатканында. Тактап айтканда, капитализмдин структуралык мүчүлүштүктөрү кымбатчылыкты экономикалык кризиске айлантып, элдин жашоосун кыйындатат. Капитализмде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр «базар механизми» аркылуу бөлүштүрүлөт. Башкача айтканда, бааны белгилөөчү тарап негизги ролду ойнойт. Бул эмнени түшүндүрөт? Кимде акча болсо, ал каалаган товарды же кызматты сатып ала алат.

Кимде акча жок болсо, ал жадагалса жашоого керектүү негизги муктаждыктарын да канааттандыра албайт. Мындан улам, капиталисттик системада кымбатчылык жашоо деңгээли төмөндөшүнө жана жакырчылыктын өсүшүнө алып келе турган кризиске айландырат. Ошондуктан, баалардын көтөрүлүшү кайсы системада болуп жатканы негизги маселе.

Капитализмде энергия, кен байлыктары жана табигый ресурстар жеке менчик компаниялардын колуна өтөт. Натыйжада, өкмөт коомдук кызматтарды (саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт) каржылоого жетиштүү ресурска ээ болбой калат. Мамлекеттик мекемелер акысыз же арзан кызмат көрсөтө албайт. Ошондуктан эл жеке менчик кызматтарга кайрылууга аргасыз болот. Калктын эң алсыз катмары жеке клиникаларга, жеке мектептерге жана жеке транспортко мажбур болуп, алардын жашоо деңгээли ого бетер төмөндөйт. Натыйжада, калктын сатып алуу жөндөмү алсыздап, кымбатчылык бардыгына терс таасирин тийгизет.

Көпчүлүк өлкөлөрдө эмгек акылар көбөйбөйт же инфляциянын деңгээлинен артта калат. Ошол эле учурда, кредиттик пайыздар өсөт, муну менен элдин карызы көбөйөт.

Монополия жана бааны жасалма көтөрүү (спекуляция) азык-түлүктүн жана негизги товарлардын кымбатташына алып келет. Салык саясаты жана мамлекеттик чыгымдардын азайышы элге көбүрөөк финансылык жүк жүктөйт. Натыйжада, элдин тапканы жашоого жетпей, кымбатчылык жашоо шартын оорлотот. Капиталисттик система инфляцияны туруктуу жаратат, андыктан анын алкагында жашоо деңгээлин жакшыртуу мүмкүн эмес. Кымбатчылык жана жашоо шарттарынын начарлашы капиталисттик бузук түзүмдүн табигый натыйжасы.

Демек, жалгыз чечим капиталисттик системадан баш тартып, адилеттүү, туруктуу жана Алланын шариятына негизделген экономикалык системага өтүү. Аллах Таала мындай дейт:

﴿فَإِمَّا يَأْتِيَنَّكُم مِّنِّي هُدًى فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Анан, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (То-Ха, 123-124).

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here