Басма сөз баянаты
Судан – Ислам үммөтүнүн дагы бир оор жарааты болуп калды
2025-жылдын 18-февралында Судандын Ыкчам колдоо күчтөрү (RSF) Кениянын борбору Найробидеги Кенйатта эл аралык конференция борборунда жыйын өткөрүп, көзөмөлүндөгү аймактар үчүн бирдиктүү өкмөт түзүү маселесин талкуулады. Кения бийлиги бул жыйналыш «Судандагы тынчтык аракеттерин колдоо» максатында гана уюштурулганын билдирүүдө. Ошондой эле Найроби Судандын бул жарым аскердик түзүмүнө саясий келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аянтча бергенин коргоп чыкты. Бирок Судандын расмий өкмөтү бул аракетти өлкөдө параллелдүү башкарууну түзүүгө болгон аракет катары сындап, Кенияны Судандын эгемендүүлүгүн бузуу жана кастык аракеттерге аралашуу үчүн айыптады.
Бул маселеде «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Кениядагы бөлүмү төмөнкүлөрдү белгилеп өтөт:
Сүйлөшүүлөрдө түзүлгөн келишимдин толук мазмуну азырынча ачыкка чыга элек. Бирок ал Ыкчам колдоо күчтөрүнүн башкаруу түзүмүн, саясий максаттарын жана стратегияларын аныктоо үчүн иштелип чыкканы күтүлүүдө. Бул келишим алардын көзөмөлүндөгү аймактарда башкаруу системасын расмийлештирүүнү көздөйт. Өкүнүчтүүсү, Найроби согуштук чыр-чатактарды узакка созуу аркылуу адам өмүрлөрүнүн кыйылышына себепчи болуп, бирок мунун баарын «кризисти чечүү» деген шылтоо менен аткарууда.
Азыркы учурда Судандын саясий кырдаалы, Сомали жана Конго Демократиялык Республикасы сыяктуу башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөй эле, Батыштын (АКШ жана Британия) кызыкчылыгына кызмат кылган сырткы күчтөрдүн таасиринде калууда. Бүгүнкү күндө Африка Биримдиги жана Чыгыш Африкадагы Өнүгүү боюнча Өкмөттөр аралык Уюм (IGAD) сыяктуу африкалык уюмдардын Батыштын кызыкчылыгына кызмат кылганын көрүү өкүнүчтүү. Бул жаңжал башталганына эки жыл болгонуна карабастан, бардык тынчтык келишимдери, кагылышууларды кайра жандандыруу, сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык аракеттер АКШнын эки тараптуу агенттеринин – Судан армиясынын жетекчилиги менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда гана жүргүзүлүп келет.
АКШнын максаты, өз агенттеринин ортосундагы жаңжалды көзөмөлдөө жана анын жыйынтыгын башкаруу. Алардын планы, Британия жана Европага жакын оппозициялык күчтөрдү алсыз абалда кармоо. Британиянын Судандагы агенттерине «Эркиндик жана Өнүгүү күчтөрү» жана башка топтор кирет.
Африкадагы согуштар жана «тынчтык» келишимдер колониялык күрөштүн жемиши. Континенттеги бардык жаңжалдар жана «тынчтык» сүйлөшүүлөр Батыштын империалисттик атаандаштыгынан улам келип чыгууда. Судан Ислам үммөтүнүн дагы бир оор жарааты болуп калды. Мурда биз Сомалиде мусулмандардын отуз жылга созулган ички согушунун кесепеттерин көргөнбүз. Африка жана жалпы дүйнө жүзүндөгү бардык кризистер Батыштын колониялык саясатынын жана анын агенттеринин айынан келип чыгууда. Демек, Батыш түзүмү алкагында бул маселелерге эч качан чыныгы чечим табылбайт. Африкага жаңы дүйнөлүк система керек – бул Ислам. Ал континентти Батыштын эксплуатациялоосунан куткарып, аны байлыктары менен гана көргөн империалисттик көз караштан ажыратат.
Ислам – адамзатты адамдардын кулчулугунан куткарып, аны Жаратуучунун кулу болуу даражасына алып чыгат. Ислам башкаруу системасы болгон Халифалык, бүткүл адамзатты бардык тармактарда эркиндикке чыгарып, адилеттүүлүктү орнотот. Ошондо гана Африка эркиндикке жетип, ар-намыс жана бакубат турмуш менен жашай алат.
Шабан Муалим
Хизб ут-Тахрир партиясынын Кениядагы маалымат өкүлү