Трамп Палестина бийлигин кылган «кызматы» үчүн коопсуздук кызматын каржылоону токтотуу менен сыйлады

35
0

Трамп Палестина бийлигин кылган «кызматы» үчүн коопсуздук кызматын каржылоону токтотуу менен сыйлады

Палестина бийлиги жана анын коопсуздук күчтөрү Америкадан алган көрсөтмөлөрдү так аткарып, коопсуздук кызматташтыгын жүргүзүп, исламга каршы күрөшүп келди. Алар «Израил» менен биргеликте жихадчыларды аңдып, камакка алып, керек болсо өлтүрүүгө чейин барышкан. Ошондой эле, Палестина бийлиги өзүнүн “Мамлекетти коргоо” аттуу репрессивдүү кампаниясын баштап, «Израил» баскынчылары колдонгон ыкмаларды кайталашты. Анын ичинде:

  • шаарларды курчап, суу жана электр камсыздоосун токтотуу;
  • тургундарды күчтөп көчүрүү;
  • козголоңчуларды жок кылуу үчүн оор курал-жарак колдонуу;
  • ооруканага бастырып кирип, жарадарларды камакка алуулар бар.

Бул операция АКШнын көрсөтмөсү, планы жана каржылоосу менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле, «Израил» менен толук координацияланган. Бул иш-аракеттердин баары АКШ менен «Израил»дин колдоосун алуу үчүн жасалды.

АКШдан 680 миллион доллар сурады, бирок ал акча келген жок

Палестина бийлиги АКШдан “Жениндеги жихадчыларды жок кылуу” үчүн 680 миллион доллар талап кылган. Британдык «Middle East Eye» маалымат агенттигинин маалыматына ылайык: “Палестина бийлиги АКШдан 680 миллион долларлык коопсуздук программасын каржылоону суранган. Бул каражат 4 жылга бөлүнүп, Женин лагериндеги каршылык көрсөтүүнү басуу үчүн жумшалмак” (Arab21, 6-январь, 2025).

Бул каражаттын акысына Палестина бийлиги Газа тилкесин башкарууга уруксат алууну каалаган. Мындан тышкары, бийлик каржылоо үчүн талап кылынган бардык шарттарды аткарууну улантууда. Маселен, президент Махмуд Аббас жакында эле жарлык чыгарып, «Израил»дин түрмөлөрүндөгү шахиддердин жана туткундардын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү жөлөк пулдарды токтотту. Аларды Ахмед Маждаланинин башкаруусундагы «Экономикалык Колдоо Улуттук Фондуна» өткөрүп берди. Бирок, күтүлбөгөн жерден АКШ Палестина бийлигине арналган коопсуздук каржылоосун толугу менен токтотту.

Маанилүү учур, АКШнын бул жарыясы Палестина коопсуздук күчтөрү Наблустун жанындагы “Аль-Фара” качкындар лагеринде согушкерлерди аңдып, алардын үйүнө бастырып кирген күнү айтылды. Кийинчерээк, «Израил» армиясы бул аймакка басып кирип, үч палестиналык жихадчыны өлтүрдү, алардын бири ошол эле күнү Палестина бийлигинин түрмөсүнөн бошотулган болчу.

Эмне үчүн АКШ каржылоону токтотту?

Биринчиден, Трамптын текебердиги, менменсинүүсү жана оройлугу аны эч кандай төлөмсүз каалаган нерсесин алууга татыктуумун деп ойлонууга түртөт. Ал бүткүл дүйнөгө, анын ичинде Европага да басынтуучу көз караш менен карайт, ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерге жана Палестина бийлигине андан да төмөн мамиле кылат. Трамп үчүн бул бийликтер агенттик кылуучулардан башка эч нерсе эмес. Алар АКШга кызмат кылууга жана анын буйруктарын эч каршылыксыз аткарууга милдеттүү. Анын көз карашында, бул режимдер АКШ аларга бийликте калууга уруксат берип жатканы үчүн эле ыраазылык менен кызмат кылышы керек. Эгерде АКШ аларга кандайдыр бир жардам берсе, албетте, ал үчүн кошумча төлөм талап кылат.

Экинчиден, Трамп ач көз соодагер сыяктуу. Ал каалаган нерсесин эң арзан баада жана эң аз чыгым менен алууну көздөйт. Анын башкы максаттарынын бири чыгымдарды азайтып, кирешени көбөйтүү жана бул бардык өлкөлөр, анын ичинде Палестина бийлиги менен болгон мамилесине да тиешелүү. Трамп, АКШнын тарыхындагы акчаны эң көп оозанган президенттердин бири.

Үчүнчүдөн, АКШ администрациялары, өзгөчө Трамптын жетекчилигиндеги администрация, өз марионеткаларынан буйруктарды так жана кемчиликсиз аткарышын талап кылат. Мунун эң ачык мисалы Палестина бийлиги. АКШ ага Палестин элинин аң-сезимин жана рухун басынтуу милдетин жүктөгөн. Мунун максаты, аларды жөөт мамлекетине эч кандай коркунуч жаратпаган пассивдүү коомго айландыруу жана алардын көчүп кетүүсүнө шарт түзүү. Бирок Палестина бийлиги бул тапшырманы аткарууда кайра-кайра ийгиликсиздикке учурап келет. Алар элдин жашоо-турмушун оорлотуп, ой жүгүртүүсүнө чабуул жасап, жадагалса балдарын өлтүрүү менен да максатына жете албай жатат. Палестиналыктар мыйзамсыз оккупацияга каршы күрөшүүнү улантып, күрөшчүлөрдүн айланасына топтолууда. АКШ менен “Израил” үчүн бул чоң ийгиликсиздик жана алар бул үчүн Палестина бийлигин жазалап жатышат. Мисалы, “Израил” Палестина бийлигине каршы жазалоочу чара көрүп, 90 миллион доллар салык каражаттарын кармап калды. Бул каражаттарды “палестиналыктардын колунан өлдү” деген жөөт үй-бүлөлөрүнө бөлүп берет” (Сама агенттиги, 18-февраль, 2025-жыл).

Төртүнчүдөн: Палестина бийлиги өзүн каржылаган тараптардын бардык талаптарын эч ойлонбостон аткарууга көнүп калган. Эгерде бул алардын бийликте калуусун камсыз кылса эле, алар Палестина элине каршы эң оор кылмыштарды жасоого даяр. АКШнын ар кайсы администрациялары, анын ичинде Трамптын администрациясы, эки мамлекет чечимин түп-тамырынан жок кылууда. Алар палестиналыктардын аймактарын кыскартып, отурукташуу долбоорлорун мыйзамдаштырууну көздөп, жадагалса Батыш Жээкти “Израилдин” аймагына кошууну пландаштырууда. Ошол эле учурда Палестина бийлиги мунун баарына көз жумуп, саткын саясатын улантууда. Ушул орунда суроолор туулат:

  1. АКШ “эки мамлекет” чечимин жок кылып, Палестина бийлигине болгон каржылык жардамды токтотуп, “Израилдеги” ашынган оңчулдар Палестина бийлигин таптакыр жоюуну талап кылып жаткан болсо, Палестина бийлиги эмне үчүн дагы эле саткын саясат жүргүзүп жатат?
  2. АКШнын каржылык жардамын кайтарып алуу үчүн бийлик дагы кандай жаңы чыккынчылык иштерди жасайт?

 Канча аракет кылышпасын, канча каражат коротушпасын, алардын пландары сөзсүз түрдө ийгиликсиз болот. Үммөт Ислам жолун бекем карманган жана ыйманын акчага сатпаган эл. Алла Таала айтат: إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ لِيَصُدُّوا عَ سَبِيلِ اللَّهِ فَسَيُنفِقُونَهَا ثُمَّ تَكُونُ عَلَيْهِمْ حَسْرَةً ثُمَّ يُغْلَبُونَ وَالَّذِينَ كَفَرُوا إِلَى جَهَنَّمَ يُحْشَرُون

“Албетте, каапыр болгон кимселер байлыктарын адамдарды Алланын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат го, кийин ошол (байлыктары) өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Каапыр кимселер Алла ыпласты тазадан (каапырды момундан) ажыратуусу үчүн жана ыплас адамдардын баарын үстү-үстүнө жыйып, тозокко ташталышы үчүн топтолушат. Дал ошолор зыян көрүүчүлөр”  (Анфал: 36).

Амир Али Абу Риш Палестина

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here