Мусулман аалымдары! Парздардын таажысын тикелөөгө шашылыңыздар!

35
0

Мусулман аалымдары! Парздардын таажысын тикелөөгө шашылыңыздар!

Ислам дининде туура ыйман талашсыз бир чындык. Алланын мыйзамы менен жашаган бардык мусулмандар бир үммөт болуп саналат. Бул биримдик алардын Исламга ыйман келтирүүсү жана шариат катары кармангандыгында. Бирок үммөттүн акыйдадагы биримдиги саясий биримдик менен да коштолушу шарт. Башкача айтканда, бардык мусулмандар бир имамдын, тактап айтканда, бир халифанын жетекчилиги астында болушу керек. Бул Куран, Сүннөт жана сахабалардын ижмасы менен бекемделген Исламдын негизги эрежелеринин бири.

Ислам аалымдары халифалыкты сактоонун маанилүүлүгүн мурдатан эле түшүнүшкөн. Халифалык англичандар жана алардын агенттери тарабынан кулатылганга чейин эле алар анын борбордук ролун жакшы түшүнүшкөн. Бул мамлекеттин кулашы натыйжасында, үммөт тарыхта болуп көрбөгөндөй башаламандыкка дуушар болду. Халифалыкты тикелөөнүн зарылдыгы боюнча улуу ислам аалымдарынын айткандарына көз чаптырып көрөлү:

Имам ал-Маварди өзүнүн «Аль-Ахкам ас-Султания» (Башкаруу принциптери) аттуу эмгегинде: «Имамат (халифалык) – динди коргоо жана дүйнө иштерин башкаруу үчүн пайгамбарлыктын мураскору катары белгиленген институт. Аны үммөттүн ичинен бирөөнө тапшыруу ижма (жалпы макулдук) менен парз (милдет) болуп саналат», – деген.

Имам ан-Нававий «Муслим шархы» китебинде айтат: «Бардык аалымдар мусулмандарга халифаны дайындоо парз экенине ижма кылышкан».

Имам аль-Куртубий Курандын төмөнкү аяты боюнча тафсирин берип:

﴿وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي جَاعِلٌ فِي الْأَرْضِ خَلِيفَةً )

“Эстечи (эй Мухаммад), Раббиң периштелерге: “Мен Жер үстүнө (адамды) халифа (орун басар) кылып жаратамын” дегенде (Бакара: 30).

Бул аятта мусулмандар бир имамга баш ийип, ага моюн сунууга милдеттүү экени белгиленген. Ошентип, мусулмандар биримдикке келип, халифа аркылуу шарият өкүмдөрү ишке ашырылат. Бул маселе боюнча үммөт жана аалымдар арасында эч кандай талаш жок. Болгону, бул маселени түшүнбөгөн «ал-Асам» деген бирөөнүн көз карашы гана бар»

Ибн Таймийа «Ас-Сияса аш-Шарийа» (Шарияттык башкаруу) китебинде:

«Мусулмандарды башкаруу маселеси Ислам дининин эң маанилүү негиздеринин бири болуп саналат. Дин ансыз турбай. Анткени адамдар бири-бирине муктаж. Алардын башын бириктирип турган жетекчи болбосо, баш аламандык өкүм сүрөт. Ал тургай, Пайгамбарﷺ  : «إِذَا خَرَجَ ثَلَاثَةٌ فِي سَفَرٍ فَلْيُؤَمِّرُوا أَحَدَهُمْ» رواه أبو داود

“Үч адам сапарга чыкса, өз ара бирөөнү амир кылып дайындасын», – деп айткан (Абу Дауд, Абу Саид жана Абу Хурайрадан риваят кылынган). Ошондуктан, Алла адамдарга жакшылыкка буйруп, жамандыктан тыюу салууну милдеттендирген. Бул болсо күчтүү жетекчилик жана башкаруу болмоюнча ишке ашпайт».

Имам Ибн Хажар ал-Хайтами «Ас-Саваик аль-Мухрика» (Күйгүзүүчү чагылган) китебинде айтат: «Сахабалар Пайгамбарыбыз ﷺ  көз жумгандан кийин халифа дайындоо эң маанилүү милдет экенине бир добуштан макул болушкан. Алар аны Пайгамбардын жаназасын жерге берүү ишинен да артык көрүшкөн».

Имам Жамалуддин ал-Газнавий «Усуль ад-Дин» (Диндин негиздери) китебинде:

«Мусулмандар үчүн сөзсүз түрдө имам керек. Ал алардын иштерин башкарат, шарият өкүмдөрүн ишке ашырат, армияны даярдайт, зекеттерди чогултуп, аларды муктаждарга бөлүштүрөт. Эгерде мусулмандарга халифа дайындалбаса, анда жер жүзүндө бузукулук жайылып кетет».

Ибн Халдун «Мукаддима» китебинде: «Халифаны дайындоо – сөзсүз парз. Анын парз экенин сахабалардын жана табийндердин ижмасы аныктаган. Пайгамбар ﷺ  көз жумганда, анын сахабалары дароо Абу Бакрга (р.а) байат берип, жетекчиликти ага өткөрүп беришкен. Андан кийин да ар бир доордо ушундай болгон. Эл эч качан башчысыз калган эмес. Бул – халифа дайындаоо зарыл экенине далил, -деген».

Ибн Хазм ал-Андалусий «Аль-Фасл фи аль-Милаль уан-Нихаль» (Диндер жана секталар тууралуу талдоо) китебинде айтат: «Бардык сунниттер, муржииттер, шииттер жана харижиттер – бардыгы халифанын дайындалышы парз экенине макул болушкан. Үммөт адилеттүү имамга моюн сунууга милдеттүү. Ал шарият өкүмдөрүн орнотуу менен үммөттү башкарып, адилеттүү башкаруучулук кылууга тийиш”.

Имам ат-Табари «Тафсир ат-Табари» китебинде төмөнкү аятка түшүндүрмө берген:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنكُمْ )

«Эй, ыйман келтиргендер! Аллага баш ийгиле, Пайгамбарга баш ийгиле жана араңардагы жетекчилерге да баш ийгиле!» (Ниса :59).

Абу Хурайра (р.а) бул аят боюнча: «Бул жерде «Улу-ль-амр» (жетекчилер) деген сөз амирлерди билдирет», – деп айткан.

Имам ат-Табари бул тууралуу мындай дейт: «Бул аяттын эң туура түшүндүрмөсү – жетекчилер жана башкаруучулар (амирлер) деп түшүнүү. Аларга баш ийүү – Алланын буйругуна ылайык келген жана мусулмандардын пайдасы үчүн болгон учурларда гана зарыл».

Бул аяттын негизинде мындай жыйынтык чыгарууга болот: “Аллах бирөөгө баш ийүүнү буйруган болсо, анда ал жетекчинин өзү да бар болушу керек. Себеби жок нерсеге баш ийүү буйрулбайт. Эгерде жетекчиге баш ийүү шарияттын бир талабы болсо, демек, ал жетекчини дайындап, аны башчылыкка коюу да парз болуп эсептелет.

Профессор Абдулкадыр Уда «Ислам жана биздин саясий абалыбыз» китебинде мындай дейт: «Пайгамбар ﷺ  мусулмандардан саясий бирдикти түзүп, алардан бир мамлекет курган. Ал ошол мамлекеттин башчысы жана улуу имамы болгон. Анын эки негизги милдети бар эле:

  1. Аллахтан келген кабарды (вахийди) жеткирүү;
  2. Аллахтын өкүмдөрүн турмушка ашырып, мамлекетти Исламга ылайык башкаруу.

Ошондуктан, Пайгамбардан ﷺ  үлгү алуу жана анын сүннөтүн аткаруу – бардык мусулмандардын бир саясий вужудду түзүүсүн жана алардын үстүнөн Пайгамбарды ﷺ  алмаштыруучу жетекчини дайындашын талап кылат. Ал адам Ислам динин орнотуп, мамлекетти толук исламий жолго салууга тийиш».

Доктор Абдулла ибн Умар ад-Дамиджи «Ахли Сунна валь Жамааттын көз карашындагы Улуу Имамат» китебинде Имам Абу Хамид ал-Газалинин «Иктисад фи-ль-Иътикод» эмгегинен мындай үзүндүнү келтирет: «Дүйнөнүн коопсуздугу жана адамдардын мал-мүлкүн коргоо башчысыз мүмкүн эмес. Демек, башкаруучу шарт. Башкаруучу болбосо, дүйнөдө тартип болбойт, ал эми дүйнөдөгү тартип дин үчүн маанилүү. Диндин сакталышы акыреттик бакыт үчүн негизги шарт. Бул – пайгамбарлардын максаты экени талашсыз. Демек, имамды (халифаны) дайындоо – шарияттын так жана талашсыз талабы».

Доктор ад-Дамиджи бул сөздөргө мындай комментарий берген: «Бүгүн Ислам үммөтү башынан кечирип жаткан оор абал ушул чындыкты тастыктайт. Ислам мамлекетсиз туруп, күч-кубатына жете албайт. Биз Аллахка кайтып, Ислам халифалыгын кайра тикелөөгө умтулушубуз керек. Ислам душмандары дал ушул халифалыкты кыйратууга тынымсыз аракет кылышты жана акыры максаттарына жетишти. Халифалык жок кылынгандан кийин, Ислам үммөтүнүн лидерлиги да жоголду. Шарият өкүмдөрү токтотулду, мусулман өлкөлөрү бөлүнүп-жарылып, бири-бирин кырууга өттү”.

Ошондуктан, Ислам мамлекети жок болгон шартта мусулмандардын шарият боюнча жашоосун калыбына келтирүүгө аракет кылбоо – чоң күнөөлөрдүн бири. Халифаны дайындоо – исламий өкүмдөрдү ишке ашыруу жана Исламды бүткүл дүйнөгө жайылтуу үчүн зарыл».

О, үммөттүн аалымдары!

Биз, Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү, силерди бул улуу парз – халифалыкты тикелөө үчүн бүткүл күчүңөрдү жумшоого чакырабыз. Аллахка ант ичебиз! Чындык ачык-айкын болду, эми шылтоо айтууга орун жок! Аллахка ант ичебиз! Боштондук жолунда кылыч шилтөө – кордуктун астында камчы жегенден артык! Аллахка ант ичебиз! Аллахка моюн сунуп өлүү – Ага каршы келип жашоодон артык! Аллах силерден илимиңерди жана аны кандайча колдонгонуңарды сурайт! Келгиле, Исламдын таажысы, пайгамбарлык жолу менен башкарылуучу экинчи Халифалыкты биргеликте тикелейли!

Роя гезити

Шейх Аднан Мазиян

Хизб-ут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here