Куран – мусулмандын таянычы

54
0

Куран – мусулмандын таянычы

Бүткүл ааламдардын жаратуучусу Аллах Таала Өз пенделерин туура жолго баштоо, эки дүйнө бакытына жеткирүү үчүн ар кандай доордо, заманда пайгамбарларды жиберип турган. Аллах пайгамбарлардын акыркысы кылып Мухаммадды (с.а.в.) тандады жана Кыяматка чейинки дин кылып Исламды түшүрдү. Ал эми Куран бул рисалаттын тастыгы жана мужизасы катары Аллах тарабынан түшүрүлүп, аны Кыямат күнүнө чейин сактоону кепилдигине алды. Аллах Таала айтат:

«Албетте, (бул Куръан) бүткүл ааламдардын Роббиси тарабынан түшүрүлгөн. (Эй, Мухаммад), сен эскертүүчү болушуң үчүн жүрөгүңөр аны (Куръанды) Рухул-Амин – Жабраил ачык-айкын арабий тил менен түшүрдү». [26: 192-195].

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ 

«Албетте, бул Эскертмени (Куранды) биз Өзүбүз түшүрдүк жана шексиз аны сактоочубуз». [15:9]

لاَ يَأْتِيهِ الْبَاطِلُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَلاَ مِنْ خَلْفِهِ تَنزِيلٌ مِنْ حَكِيمٍ حَمِيدٍ 

«Ага алдынан да, артынан да батыл келбейт. (Т.а. Курани Каримдин эч кайсы жагынан эч бир китеп же күбөлүк келип, аны жокко чыгара албайт, анткени ал) Хаким жана Хамид тарабынан түшүрүлгөн».                       [41:42]

إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ وَيُبَشِّرُ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْرًا كَبِيرًا 

«Албетте, бул Куран эң туура жолго хидаят кылат жана жакшы иш-амалдарды кылган момундарга чоң ажр-сыйлык бар экендиги(нин) сүйүнчү кабар(ын) берет». [17:9]

Пайгамбарыбыз бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн соң инсандар Исламга топ-топ болуп киришип, Куран алардын жүрөгүнөн жай алып, ыйман даамын татышты. Ислам араб жарым аралынын тышына жайылды жана ал элдерде да Куран тили болгон араб тили негизги орунду ээлеп, ал тургай илимий ачылыш, маданият жаатында чоң салым кошту.

Мусулмандар Куран тили – араб тили болгондуктан, аны үйрөнүшү шарт. Башкача айтканда, Куранды окуш үчүн араб тилин үйрөнүү зарыл. Мисалы, динибиздин түркүгү болгон, эки шахадаттан кийинки орунда турган намазды бардык мусулмандар аткарышы милдет. Мындан улам намаз туура болушу үчүн намазда айтылчу сүрөлөрдү кырааты менен айтуу талап кылынат.

Айтып өткөнүбүздөй, мусулмандын ибадаттары, тагырак айтканда Куран окуу, хаж ырасымдары, амалдары, намаз окушу жана башкалар араб тилине чектелген. Демек, мусулман кайда болбосун, араб тилин үйрөнүшү шарт. Анткени анын Исламы араб тилисиз дурус болбойт. Намазсыз Ислам жок, араб тилисиз намаз жок.

Куран – мусулмандын, өзгөчө даватчынын жолдошу, куралы. Куран менен мусулмандын жүрөгү кадыржамдык табат, кандай гана сыноо болбосун ал кымындай нерсеге айланат. Куран – бул мусулмандын сырдашы, тескеген, туура жол көрсөткөн компасы. Куран мусулманды жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпогон жана душманга – канчалык көп же күчтүү болушуна карабастан – бет келгенде кайраттуу, эр жүрөк инсанга айлантат. Себеби мусулман Куранды тилават кылып, анын маанилерин аңдап, Роббиси алдындагы ажр-соопту үмүт кылат.

Андан тышкары, Куран момундун такыбаалык сыпатын курчутуп, Куран үйрөнүү жана аны окуу улуу соопко жеткирип, инсандын Аллах алдындагы даражасын көтөрөт.

Пайгамбар (с.а.в.) айтат: «Силердин эң жакшыңар – Куран үйрөнүп, үйрөткөнүңөр». (Бухарий).

«Кимде-ким Аллахтын китебинен бир арип окуса, ага бир жакшылык болот жана бул жакшылык өзүнөн он эсе көп өлчөмүндө болот. Мен Алиф Лам Мим бир арип деп жатканым жок, алиф бир арип, лам бир арип, мим бир арип деп жатамын». (Тирмизий).

«Куран окугула. Себеби, ал Кыямат күнүндө ээсине шапааткөй болуп келет». (Муслим).

«Куран окуган момун ширин апельсинге окшойт – даамы да ширин, жыты да ширин. Куран окубаган момун курмага окшойт – даамы ширин, жыты жок. Куран окуган мунафык райханга окшойт – жыты ширин, даамы ачуу. Куран окубаган мунафык заккумга окшойт – даамы да ачуу, жыты да ачуу». (Бухарий, Муслим).

Мындан улам, мусулмандар, өзгөчө даватчылар Куранды дайыма өзүнө жакын алып жүрүүсү, тагырак айтканда, күнүгө окуп аны менен дос болушу керек. Ансыз, душманга, шайтандын васвасасына каршы турууда алсыздык кылышы мүмкүн. Демек, мусулман адам Куран окуш үчүн араб тамгаларын билбесе, тамгаларын үйрөнсүн, тамгаларын билсе, кырааты менен окуганды үйрөнсүн, кыраатын билсе, маанилерин түшүнгөндү үйрөнсүн. Ошондо Куран биздин негизги таянычыбыз, жашообуздун бардык тармагына чечим берген негизги куралы экенин түшүнөт. Бул үчүн эч болбогондо күнүнө жарым саат убакыт бөлүү момундун өзүнө гана пайда алып келет. Себеби, жогоруда айтканыбыздай, Куранды кырааты менен окуштук важиб болгонунан тышкары, Куран мусулмандын калканына жана таянычына айланат. Ага күч-кубат берет, даватты көтөрүп чыккан, кыйынчылыгын оңой көтөргөн сахабалардай кайраттуу момун кылат.

Андыктан Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай даамы ширин, жыты ширин момундардан болгула, Аллах даражаңарды көтөрсүн. Бул эки дүйнө бакытына жана Аллах Тааланын ыраазылыгына жеткире турган амал.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here