Нафил амалдар аркылуу Аллага жакындоо жолу

98
0

Нафил амалдар аркылуу Аллага жакындоо жолу

Рамазан айынын башталышы менен мусулман бир туугандарга насиха катары нафил (сүннөт) амалдарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө баяндап бермекчибиз. Мындан максат, берекелүү айды ыйманды бекемдөө жана жакшы амалдарды аткаруу жолунда жеңиштерге жетүү үчүн пайдалануу жана Улуу Аллах Таалага жакындоого умтулуу.

Аллах жолуна үндөгөн дааватчы башкаларга караганда өз Роббисине жакындоого өзгөчө муктаж. Анткени, ал өзүнүн кемчиликтерин терең түшүнүү менен бирге түйшүктүү сапарында ар кандай кыйынчылыктарга туш болот. Куфр системалары күнү-түнү дүйнө жүзү боюнча адамдарды чындыктан алыстатуу менен алек. Алар чындыкты бурмалоонун бардык жолдорун жана каражаттарын колдонушууда. Айрыкча мусулмандарга каршы идеологиялык, саясий, материалдык, ал тургай эне-балага да ырайымы жок кыйротуучу согуш жүргүзүп жатышат. Мусулмандар экономикалык туруктуулукту бу жака кой, жада калса эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн да ажыратылды. Алар колонизаторлордун армиялары тарабынан куугунтукталып, курал-жарактын акыркы үлгүлөрү менен жабдылган армиялар мусулмандарды эң кымбат болгон үй-бүлөлөрүнөн ажыратышууда. Палестинада урандыларга көмүлгөн газалыктар, Мьянмада токойлордо жашынган мусулмандар жана Кытай түрмөлөрүндө отурган мазлумдар Аллах Таалага гана кайрылып, жардам сурап жалбарып келишет. Куугунтукка кабылган мусулмандар Рахман болгон Аллахтан өтмүштө Аль-Мугтасимдей адилеттүүлүк салтанатын орнотуусу үчүн куткаруучу армияларды жиберишин суранышууда. Тарых жаңырыгы сымал, биз кайрадан эле балдарын жоготкон энелердин ыйын жана намысы мусулман жетекчилери тарабынан корголушу важиб болгон, бирок кор албалда калган эже- карындаштардын үнүн угуп жатабыз. Бул малай акимдер дагы да болсо мусулмандардын мойнуна минип алып, алардын канын соруп, жада калса Газа мусулмандарына, эч болбогондо чатыр бере албай жатышат. Бирок, ошол эле учурда Трампка жана анын кылмышкер өлкөсүнө триллиондогон долларларды анын биринчи ышкырыгы менен жеткирип берүүгө даяр турушат.

Учурда дүйнө мусулмандары залимдердин жана алардын малай акимдеринин үрөйүн учуруп турган айбатка жана кубатка ээ. Алар душмандарга катуу сокку уруучу мусулман армиясын чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Ал эми мусулман армиялары болсо аларды шыктандырып, эрдиктерге чакыра турган татыктуу жетекчилерин күтүүдө! Булар – илим ээлери болгон аалымдар жана сахабалардын кайраты менен “жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруучу” момундар! Булар даават жүгүн мойнуна алган, жоопкерчиликтүү, Аллах Тааланын колдоосуна ээ болгон күчтүү инсандар!

Акыйкатта, Аллахтын нурсатына жетүү – Аллахка жакындоо жана Андан жардам суроо аркылуу ишке ашат. Ал бардык мактоолор ээси, Ал Күчтүү жана бардык ишке Кудуреттүү! Аллах кимге жардам берсе, ал эч качан жардамсыз калбайт жана жеңилбейт. Ал кимди жардамсыз калтырса, ага эч ким жардам бере албайт. Аллах Өзүнө жалбарып, дуа кылуучуга пенде ойлогондон да жакын. Аллах сурагандарга жооп Кайтаруучу. Ал Кудуреттүү жана бардыгын Билүүчү Зат!

Бизге жеткен төмөндөгү сахабалардын риваяты буга жакшы мисал: “Алгачкы согуштардын биринде мусулмандар жеңишке жете албай, анын себебин түшүнө албай таң калышкан. Алар катуу күрөшкө кирип, ынтызарлык менен жеңишти күтүшкөн. Акыры алардын бири чыгып: “Оо, Роббим, бул биз мисвак колдонбогонубуз үчүн болсо керек” деди. Бирок согуш талаасында алар арак дарагын таба алышкан жок жана: “Биз мисвак жасоого жарактуу башка даракты колдонобуз” дешти. Алар окшош даракты таап, анын тамырларын кесип алышып, тиштерин тазалай башташты. Ошол учурда аларга душман тараптан тыңчы келет. Ал тыңчы мусулмандардын тиштерин тазалап жатканын көрүп, кайтып барганда: “Чындыгында, мусулмандар бизди жеш үчүн тиштерин курчутуп жатышат!” – деп айтат. Ошондо Аллах алардын жүрөгүнө коркунуч салып, душмандар качып кетишет. Ошентип, мусулмандар жеңишке жетишет.

Ошондуктан, мусулмандар кошумча амалдарды көз жаздымда калтырбашы керек. Анткени, бул амалдар жүрөктөрдү тазалап, ыйманды бекемдейт, Угуучу жана жооп берүүчү Роббиге, Өзүнүн сүйүктүү кулдарын Коргоочу Жаратуучусуна жакындатат.

Бухари Абу Хурайрадан риваят кылат (Аллах андан ыраазы болсун), Аллахтын Элчиси (Ага салават жана саламдар болсун) айтты: «Чындыгында, Бардыгын Жакшы Кылуучу жана Улуу Аллах айтты: “Мага жакын болгон адам менен душмандашканга мен согуш жарыялайм! Менин кулума Мага жакындоо үчүн кылган эң сүйүктүү нерсе – Мен ага милдет кылган нерселер. Менин кулум Мага жакындоого умтулуп, кошумча (нафил) амалдарды аткарат, ошондо Мен аны сүйүп калам. Мен аны сүйгөндө, анын угуусу болом – ал мен аркылуу угат, анын көрүүсү болом – ал мен аркылуу көрөт, анын колу болом – ал мен аркылуу кармайт, анын буту болом – ал мен аркылуу басат. Эгер ал Менден бир нерсе сураса, Мен ага сөзсүз берем. Эгер ал Мага кайрылып коргоо сураса, Мен аны сөзсүз коргойм” (Бухарий 6502).

Рамазан айы биздин ыйманыбызды жана кадамдарыбызды бекемдеп, жүрөктөрдү тазалап, Пайгамбар (С.А.В.) жолуна – жеңиштер жана ийгиликтер жолуна багыттасын. Аллахтын ырайымы ыроологон бул ай дааватчыларга күч-кубат берсин!

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here