Басма сөз баянаты
АКШнын «экстремист» раввини Ашер Лопатинин Сирияга сапары чоң коркунучтун башталышы
2025-жылдын 19-февралында АКШдагы сириялык яхудий жамааттан бир делегация Дамаск шаарына келди. Алардын арасында жамааттын «башкы раввини» Юсуф Хамра жана АКШнын «экстремист» раввини Ашер Лопатин да бар. Ошондой эле Сирияда жашаган бир нече яхудий дагы бул топко кошулган. Делегация тарыхый жана маданий жайларга, анын ичинде сириялык яхудийлердин көрүстөндөрүнө, Франж жана Раки синагогаларына, Ибн Маймун яхудий мектебине жана Жобер ибадатканасына барды. Көпчүлүк бул кадамды өлкөдө яхудийлердин бар экендигин кайра жандандырууга болгон аракет катары баалашты.
Делегация ошондой эле Сириянын убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Алардын бири Сириянын тышкы иштер министринин орун басары менен болгон жолугушуу болуп, ал «Сириядагы бардык диний топтор өлкөнүн келечегинде өз ролун ойнойт» деп белгиледи. Юсуф Хамранын уулу Генри Хамранын айтымында, Сириянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү яхудий мурастарын коргоого убада берген.
Сириянын Өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү тобунун директору Муаз Мустафа бул яхудий делегациясы акыркы 33 жыл ичинде Сирияга келген биринчи топ экенин айтып, «Биз яхудий синагогаларын калыбына келтирүүнү жана эл аралык коомчулукту санкцияларды алып салууга үндөөнү көздөп жатабыз» деп кошумчалады.
Сириянын Өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү тобунун директору дүйнө жүзүндөгү сириялык яхудийлерге кайрылып: «Сиздердин мекениңиздер коопсуз, кайтып келсеңиздер болот», – деди. Ал эми убактылуу өкмөт башчысы Ахмед Шаранын өкүлү Ахмед Бадрия сириялык яхудийлерди Сириянын жаңы доорунда өлкөнү курууга катышууга чакырып, аларды тосуп алды.
Бул сапарга болгон реакциялар ар кандай болду. Айрым активисттер делегациянын сапарын социалдык жана маданий мүнөзгө ээ деп эсептешип, ал жаңы сирия өкмөтүнүн «азчылыктарга» карата саясатын изилдөө аракеттеринин алкагында деп баалашты. Башкалар муну яхудий жамаатына карата жаңыча мамиленин белгиси катары карап, бул кадам эл аралык колдоо табууга жана яхудий мамлекетине анын келечектеги ниеттери тууралуу ишеним берүү максатында жасалды деп эсептешти. Дагы башкалары бул сапарды жалтырак ураандарды колдонуу менен Сирияны кайрадан сырттан башкарууга даярдоо аракети катары баалашты.
Бул жерде маселе сириялыктардын өз мекенине кайтууга болгон укугу эмес, коркунуч жараткан негизги маселе – бул учурдун шарттарын пайдаланып, өз пландарын ишке ашырууну көздөгөн экстремисттик сионисттик агымдар. АКШнын «экстремист» раввини Ашер Лопатин делегациянын башында турганын эске алуу зарыл. Анын тарыхы исламга жана мусулмандарга каршы позицияны ээлеген, алардын жерлерин басып алуу жана ыйык жайларын тартып алуу чакырыгын жасаган радикалдуу сионист экенин көрсөтөт. Ал Палестина менен Голан дөңсөөсүн басып алууну, Газадагы геноцидди колдогон жана баскынчы мамлекет менен мамилелерди нормалдаштыруу жараянынын активдүү катышуучусу болгон. Ошондой эле, ал сириялык друздарды баскынчы мамлекеттин армиясына аскер катары тартуу жана аларды арабдар менен мусулмандарга каршы согушууга жөнөтүү аракеттерине колдоо көрсөткөн.
Яхудий мамлекетинин кеңейүү саясаты жана анын амбициялары жашыруун эмес. Бул саясат жаңы «фараон» Трамп тарабынан ачык колдоого алынган, ал яхудий мамлекетинин аймагын кеңейтүүгө укуктуу экенин билдирген. Ал тургай, Газа калкын Палестинадан сүрүп чыгарууга чакырган. Сионист жана Батыш күчтөрү жеке адамдар, уюмдар жана мамлекеттер аркылуу мусулман өлкөлөрүн ичинен көзөмөлгө алууга аракет кылышууда. Жумшак күч стратегиясы аркылуу баскынчылыктарына болгон тоскоолдуктарды алуу, таасирин арттыруу жана аймак менен алакаларын күчөтүү үчүн ар кандай жолдорду сынап жатышат!
Яхудийлердин Палестинаны басып алышына, мусулмандардын ыйык жайларын тартып алуусуна жана алардын канын төгүшүнө карата позиция, Ислам акыйдасы талап кылган шарий жана идеологиялык позиция болушу керек. Баскынчы күчтөр Палестинада эч бир укукту тааныбайт, мусулмандардын жанына, малына жана ыйыктыктарына жырткычтык менен кол салууда. Бул оккупацияланган аймакка карата кайдыгер мамиле кылууга болбойт. Жумшак сүйлөшүүлөр, тынчтык орнотуу аракеттери жана дипломатиялык алакалар менен бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Себеби, мындай жандашуу бизди алсыратуудан жана душмандарыбызды шыктандыруудан башка эч нерсеге алып келбейт. Акыйкатты жактагандардын «Аль-Аксо бороону» операциясындагы майдандарда көрсөткөн чечкиндүүлүк яхудий жетекчилигин жана аскерлерин чоң жоготууга, алардын аброюн жер менен жексен кылганы акыйкат.
Ошондуктан, бул маселени анын түпкү чечимине кайтаруу зарыл. Бул маселе, жалгыз бир өлкөгө тиешелүү эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүнө таандык Исламий маселе. Мусулмандар майдандарга агылып, ислам үммөтүнүн калыс армияларын кыянатчы акимдерге каршы баш көтөрүүгө жана аларды жасалма чек араларды талкалап салууга чакыра турган мезгил келди. Ушул жол менен гана биринчи кыбылабыз жана үчүнчү ыйык мечит боштондукка чыгат. Палестина жери толугу менен Ислам жери болот. Мына ушул жол яхудий мамлекетин жок кылып, анын кеңейүү максаттарын токтотуп, Аллахтын убадасын ишке ашыра турган жападан-жалгыз чечим. Аллах Таала бул күндү жакын кылсын. Аллах Таала айткан:
﴿فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾.
Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз). (Исро: 7).
Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү, Сирия вилаяты