Мьянманын диктатору жана анын иштен чыккан режими: Түштүк-Чыгыш Азиядагы алдамчылыктын очогу

76
0

Басма сөз баянаты

Мьянманын диктатору жана анын иштен чыккан режими: Түштүк-Чыгыш Азиядагы алдамчылыктын очогу

The Guardian гезити маалымдагандай, 2025-жылдын 19-февралында Тайланддын премьер-министри Пэатонгтарн Чинават, Мьянмада онлайн алдамчылык иштеринен куткарылган 7 000ге жакын адам Тайландга жеткирилүүнү күтүп жатканын билдирди. Бул билдирүү чек арадагы алдамчылык борборлоруна каршы жүргүзүлгөн ири операциянын алкагында жасалды. Бир жума мурун, 2025-жылдын 12-февралында, Мьянманын Карен штатындагы куралдуу топ (Карен Буддисттик Демократиялык Армиясы) 260тан ашуун чет элдикти (221 эркек жана 39 аял) куткарып, аларды Тайланд бийлигине өткөрүп берген.

Куткарылгандардын арасында 8 индонезиялык, 15тен ашык малайзиялык жана 12 пакистандык бар. Бул адамдар Мьянмадагы куралдуу этникалык топтор тарабынан куткарылып, Тайландга жеткирилген. Алар онлайн алдамчылыкка мажбурланышкан. Анын ичинде сезимтал алдамчылыктар («чочко касапчылыгы» деген ат менен белгилүү схема), криптовалюта шылуундугу, акча адалдоо жана мыйзамсыз кумар оюндарында иштөөгө аргасыз болушкан. Кээ бирлери өз каалоосу менен иштеген, бирок көпчүлүгү барымтада кармалып, үй-бүлөлөрү ири суммадагы кун төлөөгө мажбур болушкан. Айрым жабырлануучулар кыйноого туш болгонун билдиришкен.

Алдамчылык курмандыктарынын арасында Индонезия сыяктуу мусулман өлкөлөрүнүн аялдары да бар. 2024-жылдын сентябрь айында индонезиялык Новиана Индах Сусантинин трагедиялуу окуясы жарыяланган. Ал Мьянманын Мьявади шаарында онлайн шылуундукка мажбурланган. Өз башынан өткөргөн коркунучтуу окуяларды айтып берип, кыйноолорду «көргөзмө спектакль» деп мүнөздөгөн. Аны коркутуп-үркүтүү, темир түтүктөр менен сабоо, электр тогуна уруу жана күндөп-түндөп камакта кармоо өңдүү мыкаачылыктарга тушукканын баяндаган. Ал 2021-2023-жылдары адам сатуунун курмандыгы болгон 4 000ден ашык индонезиялыктын бири.

Бул окуялар Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири жайылган «алдамчылык пандемиясынын» чыныгы жүзүн ачып берип, анын Мьянмада орун алып, көптөгөн мусулмандарды бутага алганын көрсөтөт.

Мьянма – алдамчылык жана кылмыштуулуктун чордонунда

Мьянманын айрым аймактары шектүү онлайн шылуундуктун, мыйзамсыз кумарканалардын жана адам сатуунун борборуна айланганы айтылууда. Бул кылмыштуу топтор полициянын жетүүсү кыйын болгон алыскы аймактарда, айрыкча Кытай жана Тайланд чек араларында иш алып барышат. 2020-жылы Мьянма өкмөтү Карен штатындагы бир нече мындай кылмыштуу борборлорду жапкан, бирок 2021-жылдын февралындагы аскердик төңкөрүштөн кийин бул кылмыштуу ишмердүүлүк кайра күч алып, кеңири жайылган.

Мьянма «иштен чыккан мамлекетке» айланды

Аун Сан Су Чжиге каршы аскердик төңкөрүштөн төрт жыл өткөндөн кийин, Мьянма көп кырдуу кризиске кептелген «иштен чыккан мамлекетке» айланды. БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматы боюнча, өлкө экономикалык кыйроого учурап, согуштук кагылышуулар күчөп, өкмөттүн көзөмөлүндөгү аймактар азайып, айлана-чөйрө көйгөйлөрү тереңдеп, жакырчылык өсүүдө. 3,1 миллион киши үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, ал эми 18,6 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж, анын ичинде 13,3 миллиону олуттуу азык-түлүк тартыштыгына дуушар болууда.

Мьянма башаламандыкка жана кризиске батып баратат

Өлкөнүн аскердик режими кеңири аймактарда көзөмөлүн жоготуп, этникалык козголоңчу топтор армияны бир нече тараптан кысымга алып, чектеш аймактарды көзөмөлдөп жатат. Козголоңчулар аймактык эки аскердик базаны басып алып, жогорку даражалуу офицерлерди туткундап, ондогон шаарларды жана чек ара бекеттерин өз көзөмөлүнө алышты.

Мусулман рохинжа элине каршы жасаган мыкаачылыктары менен белгилүү болгон бул диктатордук аскерий режим кыйроонун босогосунда турат жана жакын арада жыгылат. Аллах Таала аларга адилеттүү жазасын берет! Бул катаал режим жана аны колдогон Батыштын капиталисттик өнөктөштөрү Фараондун тагдырын башынан өткөрсүн! Аллах Тааладан алардын жок болушун дуба кылалы:

﴿رَبَّنَا اطْمِسْ عَلَى أَمْوَالِهِمْ وَاشْدُدْ عَلَى قُلُوبِهِمْ فَلاَ يُؤْمِنُواْ حَتَّى يَرَوُاْ الْعَذَابَ الأَلِيمَ﴾

“Эгебиз, алардын байлыктарын жок кыл да, жүрөктөрүнө катуу мөөр бас! Алар катуу азапты тартканга чейин ыймандуу болушпайт” (Юнус: 88).

Исламдын чыныгы ырайымын, адилеттүүлүгүн жана коргоосун адамдарга жеткирүүнү улантыңыздар. Ислам мамлекети – пайгамбарлык жолундагы халифалык кайра орноп, бардык мусулмандарды кайда болбосун коргой турган күн келиши керек. Аллах Таала айтты:

﴿قَالَ قَدْ أُجِيبَت دَّعْوَتُكُمَا فَاسْتَقِيمَا وَلاَ تَتَّبِعَانِّ سَبِيلَ الَّذِينَ لاَ يَعْلَمُونَ﴾

“Ал (Аллах) айтты: “Силердин дубаңарга жооп берилди. Туруктуу болгула жана наадандардын жолуна ээрчибегиле!” (Юнус: 89).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат кеңсесинин аялдар бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here