Басма сөз баянаты
Хижрий 1446-жылдын муборек рамазан хилалын күзөтүүнүн натыйжасы
Бисмиллахир Рохманир Рохим.
Аллах Таалага хамду-саналар болсун. Ааламдарга рахмат болуп жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺга, ал заттын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына саламдар болсун. Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти риваят кылат: “Мен Абу Хурайра (розияллаху анху)нун мындай дегенин уктум. Набий ﷺ айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».
Бүгүн, 1446-жылы, Шаабан айынын 29-күнү, миладий 2025-жылдын 28-февралы, жума күнүнөн ишембиге өткөн кечеде мубарек Рамазан айы күзөтүлдү. Анын жыйынтыгында шаръий түрдө айды көрүү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең, ишемби күнү бул жылдагы мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.
Мухандис Салохиддин Азоза
Хизб ут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн башчысы