Рамазан нусрат жана биримдик айы болсун!

157
0

Рамазан нусрат жана биримдик айы болсун!

Аллах Таалага хамду-саналар болсун. Ааламдарга рахмат болуп жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺга, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана бардык момундарга саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти риваят кылат: “Мен Абу Хурайра (розияллаху анху)нун мындай дегенин уктум. Набий ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 1446-жылы, Шаабан айынын 29-күнү, миладий 2025-жылдын 28-февралы, жума күнүнөн ишембиге өткөн кечеде мубарек Рамазан айы күзөтүлдү. Анын жыйынтыгында шаръий түрдө айды көрүү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең, ишемби күнү бул жылдагы мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.

Мындан улам Кыргызстандагы “Хизб ут-Тахрир” исламий партиясы бүткүл дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы момун-мусулмандарды мубарек Рамазан айы менен куттуктайбыз.

Рамазан айы ыйман чөйрөсү менен бөлөнгөн. Рамазанда такыбаалык жана рухий кыймат өкүмдарлык кылып, мусулман адам Роббиси менен болгон алакасын бекемдейт.  Бул чөйрө мусулманды салих амалдарды кылууга үндөйт жана иш-аракетти биринчи даражадагы маанилүү амалдарды аткаруудан баштоого чакырат. Ошондуктан, Рамазанда Куръан окуу жана чырайлуу тилават кылуу менен бирге, Куръан өкүмдөрүнүн аткарылышына этибар берүү зарыл. Анткени, намазды аткаруу менен Аллахтын шариаты менен башкаруу фарзын, орозо кармоо менен халифаны шайлоо фарзын, ажылык менен жихад кылуу фарзын ажыратуу кабыл алгыс нерсе. Себеби, Аллахтын өкүмдөрү бири-бирине байланып, адам, коом жана мамлекет үчүн чечимдерди берген.

Быйылкы Рамазан Ислам калктардын жүрөгүнөн түнөк табып, Ислам дини кеңири жайылып жаткан учурга туура келди. Ошондой эле, куфр державалары өздөрү менен алек болуп, кызыкчылыктары кагылышууда. Америкада бийликке Трамптын келиши менен кызыкчылык кагылыштары дагы да күчөп жатат. Ал Орусияны Кытайдан алыстатуу үчүн Украинаны садага чабууда. Европанын биримдигин ыдыратуу жана аларга кошумча бажы алымдарын киргизүү үчүн пландарды түзүп жатат. Ошондой эле, негизги душман катары Кытайга каршы чечимдерди кабыл алууда. Муну менен катар мусулмандарга каршы душмандыгын ачык жарыялады. Газаны басып алуу менен коркутту.

Мунун каршысында, мусулмандар мубарек Палестина жерин коргоодо бекем туруп, касапчы Асад режимин кулатышты. Газа калкы 500 күндөн бери Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн сыноолор алдында сабыр жана кайраттуулуктун үлгүсүн, куфр калимасын талкалоо жолунда эрдик жана баатырдыктын үлгүсүн көрсөттү. Газадагы мусулмандардын бекемдиги мусулмандарда эле эмес, Батыш коомунда да силкинүүнү пайда кылды. Бул бекемдик Ислам Үммөтү канчалык ачкачылык, азап-кыйынчылык жана зомбулукка туш болбосун, кайра бутка туруп, азиздикке жетүүгө жөндөмдүү экенин дагы бир жолу далилдеди. Мисалы, кресттүүлөр жана монголдор доорунда Үммөттүн башына кандай гана кыйынчылыктар түшпөдү. Бирок, бул үммөт бул зулумдукка кол куушуруп отурбады. Тескерисинче, Салахуддин башындагы кошуун кресттүүлөрдөн Аль Аксону азат кылды! Султан Бейбарс кол башчылыгындагы Ислам армиясы монголдордун жапырыгын Рамазан айында токтотту. Ислам кайрадан улуу мамлекетке айланды.

Демек, бүгүн мусулмандар тартып алынган бийлигин кайтарып ала турган, азиздик дооруна кайта турган учур. Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жетекчилеринин бири болгон халифа Умар ибн Хаттаб розияллоху анхунун акыйкат сөздөрүн эске салабыз. Умар розияллоху анху мындай деген: «Биз кордолгон адамдар элек, Аллах бизди Ислам менен азиз кылды. Эгер, биз азиздикти Аллах бизге берген нерседен башка тараптан издесек, Аллах бизди кайра кор кылат».

Андыктан, мусулмандардын мойнунда армияларды аракетке келтирүү, кыянатчы өкүмдарларды кулатуу жана жасалма чегараларды бузуу аркылуу үммөттү бириктирүү вазыйпасы турат. Мына ошондо Алланын нусратына ылайык амал кылган болобуз. Аллах Таала айтат:

یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ یَنصُرۡكُمۡ وَیُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ

«Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат”. [47:7].

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here