Басма сөз баянаты
Палестинанын ар бир карышы Исламга таандык жана ал дайыма Исламга тиешелүү бойдон калат!
Яхудий баскынчыларынын Газа секторунда жүргүзүп жаткан геноциди башталгандан бери 500 күнгө жакын убакыт өттү. Бирок араб мамлекеттери да, Иран да, Түркия да аны токтотуу үчүн эч кандай реалдуу кадамдарды жасаган жок, болгону айыптоо менен гана чектелишти. Алар мусулмандарды сионисттик түзүлүштү бойкоттоого чакырып жатып, өздөрү аны менен соода жүргүзүүнү улантышты. Ага кошумча, алар курчоодогу Газага гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тоскоол болушуп, эки миллион мусулмандын ачкачылыктан өлүшүнө себепчи болушту.
Мусулмандар 15 ай бою көчөлөргө чыгып, кыйкырып талап кылышканына карабастан, бул өлкөлөрдүн башкаруучулары аларды укмаксан болушту. Ошол эле учурда, алар АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Блинкенди сарайларында бир нече жолу кабыл алып, Америкадан көрсөтмө алышты. Алар мусулмандардын армиясын казармаларда кармап, курал-жарактарын дат бастырып таштап коюшту. Ал эми Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана стабилдүүлүк маселесинде Американын президенттеринен үмүт кылып келишет.
АКШнын мурдагы президенти Байден яхудий түзүлүшүн аскерий, саясий жана экономикалык жактан чексиз колдосо, жаңы президент Трамп кызматка киришери менен Газага карата текебер билдирүүлөрдү жасады. Ал канкор Нетаньяху менен жолугушуусунда: “Газаны толугу менен бошотом, бардык имараттарын талкалайм жана аны Перс булуңу мамлекеттеринин акчасына туристтик жайга айландырам”, – деп айтты. Бул жеткен ыплас дагы да аша чаап, 15-февраль, ишемби күнүн чекит коюу күнү деп жарыялап: “Эгерде бардык туткундар бошотулбаса, анда тозок оту жалындайт”, – деди.
Мына ушул Трамптын текебер билдирүүлөрүнө каршы, биз “Хизб ут-Тахрир” партиясынын Түркия вилаяты, Түркиянын 16 шаарында митингдер жана басма сөз жыйындарын өткөрдүк. “Трампты ким токтотот?!” деген ураан алдында 15-февраль, ишемби күнү Стамбулдагы АКШ консулдугунун алдында, ошондой эле Адана, Диярбакыр, Мерсин жана Кахраманмараш шаарларында пресс-конференцияларды уюштурдук. 16-февраль, жекшемби күнү болсо, Анкарада АКШ элчилигинин алдында, Аксарай, Анталия, Айдын, Бурса, Батман, Дюздже, Хатай, Измир, Шанлыурфа жана Ялова шаарларында дагы пресс-конференциялар өткөрдүк.
Биз басма сөз билдирүүлөрүбүздө башкаруучуларга кайрылып:
“Эй башкаруучулар! Жүрөгүңөрдө ыйман калган жокпу? Силердин ыйман жана жихад сезимиңер соолуп калдыбы? Мусулмандардын жери, жаны, намысы жана мал-мүлкүн коргой турган бир да эр-азамат араңардан чыкпайбы? Акыретти жана Аллахтын ыраазылыгын дүйнөдөн артык көргөн, Трампка чекит кое турган эр жүрөк адам араңарда жокпу? Эй башкаруучулар! Америкадан коркпогула! Анткени ал экономикалык жана моралдык жактан кыйроонун алдында турат. Америкага таянбагыла! Ал өзүнүн бюджеттик таңкыстыгын жаба албай жатып, силердикине кантип жардам берсин? Америка бир тараптан өзүнө багыт алууну жарыяласа, экинчи жагынан колониалдык табиятына жараша дүйнөнү кан жуттурууда. Бул өлчөмдөн ашып кеткен мамлекет менен мамиле кылуудан этият болгула!” – деп айттык.
Ошондой эле, биз текебер капыр Трампка кайрылып:
“Эй, Трамп! Биз силердин эрктүүлүк көрсөтүп жатканыңар биздин башкаруучулардын унчукпаганы жана коркоктугу менен байланыштуу экенин жакшы билебиз. Бирок муну эч качан унутпа: Ислам үммөтү тирүү турганда силер эч качан Газаны ээлей албайсыңар! Бул Америкага да, силер сатып алган башкаруучуларга да мүмкүн эмес! Силер кандай гана пландарды түзбөгүлө, кандай гана аракеттерди көрбөгүлө, Палестинанын ар бир карышы Исламга таандык жана ал дайыма Исламга тиешелүү бойдон калат! Аллах уруксат берген күнү, мусулмандар Халифалыкты тикелешет жана силерди басып алган Ислам жерлеринен кууп чыгышат!” – деп билдирдик.
Биздин жүрөгүбүз Газа үчүн согуп жаткан бардык мусулмандар менен бирге. Биздин жүрүштөрүбүзгө жана пресс-конференцияларыбызга катышкан ар бир бир тууганыбызга, Газаны күн тартибинен түшүрбөгөн жана башкаруучулардан эсеп-кысап алган аалымдарга жана пикир лидерлерине, Газанын азаттыгы үчүн күрөшүп жаткан бардык уюмдарга жана жамааттарга, Газаны жүрөгүнөн чыгарбаган жалпы үммөткө Аллах Өзүнүн жакшылыгын берсин! Биз Аллахтан мусулмандар үчүн Газаны жана Палестинаны баскынчылыктан куткара турган Халифалык мамлекетинин тезирээк тикеленишин, жеңишти бизге бир даанышман Халифа жана эр жүрөк жетекчилердин колу менен берүүсүн суранабыз. Аамин…
Хизб ут-Тахрирдин Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү