Намазканаларды тыюу сунушу эркиндик жана сабырдуулук жөнүндөгү калпты ашкереледи

36
0

Басма сөз баянаты

Намазканаларды тыюу сунушу эркиндик жана сабырдуулук жөнүндөгү калпты ашкереледи

Даниялык саясатчылар мусулмандардын өз баалуулуктарын жана инсандык өзгөчөлүгүн сактап жашоосуна каршы күрөшүүдө эч кандай чекке баш ийбестен, кысым көрсөтүүнү улантууда. Дания парламентинин бир катар партиялары мамлекеттик мекемелерде намазканаларга мыйзамдуу түрдө тыюу салууну сунуштоодо. Бул сунушту башкаруучу партия «Venstre», ошондой эле Даниянын Элдик партиясы жана Даниялык демократтар колдошууда. Ал эми Социал-демократтар бул сунуш «такталууга» тийиш деп билдиришти.

Бул партиялар мындай тыюу салуу түздөн-түз мусулмандарга каршы багытталаарын ачык эле көрсөтүштү. Миграция жана интеграция министри Кари Дипвад Бек намазканалар жөнүндө мындай деди: «Бул бөлмөлөр Даниянын бүгүнкү күндөгү жашоо образына жана жаштардын жашоо шартына шайкеш келбеген эскирген маданиятты жаратууда» (Ritzau). Бирок бул министр Европада кылымдар бою диний ишениминен улам элдерди эзүүгө алып келген эски колониалдык менталитетинен баш тарткан жок. Ал эми Даниянын ар кайсы өкмөттөрү ушул ыкманы кайрадан колдонуудан баш тартпаганы айдан ачык.

Намазканаларга тыюу салууну актоого багытталган жүйөлөр ушунчалык олутсуз болгондуктан, жооп берүүгө да арзыбайт. Бул тыюунун чыныгы максаты – мусулмандарды куугунтуктоо, алардын маданиятын жек көргөндүктөн эле басмырлоо. Мындай тыюуну колдогондордун бири жүйө катары: «Студенттер намаз окууга мажбур сезилиши мүмкүн», – деген шылтоону келтирди. Бул күлкүлүү доомат, анткени ушул логика менен караганда ар бир адам өзүн кандайдыр бир ишке мажбурландым деп сезиши мүмкүн. Мындай нерселердин бардыгы тыюуга алынууга тийиш болушу керек. Андан да маанилүүсү, бул жүйө эч кандай негизсиз жана «коомдук көзөмөл» жөнүндөгү такталбаган айыптоого негизделген. Чындыгында, мусулмандар намазды бекем карманышат жана сыйынууга тыюу салган окуу жайларда деле өз ибадаттарын улантышууда. Алар бул ишти басымдын же мажбурлоонун натыйжасында эмес, тескерисинче, өздөрүнө каршы кысымга карабай кылышууда. Ошол эле учурда, окуу жайлар студенттерди алкоголь ичүүгө жана чектен чыккан майрамдоолорго шыктандырып жатышат. Ал тургай, студенттер көп учурда ушул «курбалдаштардын басымы» менен спирт ичимдиктерин ичүүгө аргасыз болгонун ачык айтып жүрүшөт. Бул болсо, «коомдук көзөмөл» жөнүндөгү жүйөнүн канчалык тайыз экенин айгинелейт. Эгерде кандайдыр бир маданиятка чындап тыюу салынууга тийиш болсо, анда ал – адепсиздикке, ичкиликке жана чектен ашкан майрамдоолорго негизделген маданият болушу керек.

Чынында, Даниядагы көптөгөн билим берүү мекемелери намазга каршы расмий эмес тыюуну көптөн бери эле колдонуп келишет. Бул болсо, алардын көп мактанган «дин эркиндиги» принциптерине карама-каршы келет. Айрым гимназиялар мусулмандардын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн студенттерге намаз окууга тыюу салган. Ошондой эле, айрым университеттер мусулмандар үчүн сыйынуу бөлмөлөрүн алып салган.

Демократия жана секуляризм – экөө тең инклюзивдүүлүк, сабырдуулук жана ар түрдүүлүктү камсыздайт деп айтылганына карабастан, алар жөнөкөй эле ибадатты, мусулмандардын намаз окуу зарылдыгын камтый албай калганын көрүп жатабыз. Бул алардын фундаменталдык карама-каршылыгын көрсөтүп турат. Ошентсе да, мусулмандар эч качан Кристиансборгдун (Дания парламентинин) идеологиялык басымынан коркуп, билим берүү мекемелеринде намаз окуудан баш тартышпайт. Себеби секуляризмди мусулмандардын аң-сезимине жана жашоо образына күч менен таңуулоо мүмкүн эмес. Элдин баалуулуктарын өзгөртүү – негиздүү аргументтерди талап кылат. Ал эми тыюуларды күчөтүү менен саясатчылар өздөрү эле либерализмдин кемчиликтүүлүгүн жана анын негизги карама-каршылыктарын далилдеп жатышат.

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын Даниядагы маалымат бөлүмү бул тоталитардык тыюу салуу саясатын катуу айыптайт. Ошол эле учурда, биз бардык мусулмандарды өздөрүнүн Ислам баалуулуктарын бекем кармоого жана эң негизги ибадаттардын бири болгон намаздан эч качан баш тартпоого чакырабыз!

Хизб ут-Тахрирдин Даниядагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here