Басма сөз баянаты
«Бурхандын кайрылуусуна баа берүү»
Бардык мактоолор ааламдардын Эгеси болгон Аллахка таандык. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана анын жолун жолдогон адамдарга тынчтык жана салам болсун. Урматтуу жыйын катышуучулары!
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
Саясий жана коомдук күчтөр деп аталган кеңешменин жыйынтыгы боюнча Судан диалогу жана тынчтыкты орнотуу жол картасы жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө генерал Бурхан алдыдагы башкаруу системасынын негизги өзгөчөлүктөрүн белгиледи. Ал өз сөзүн бурмалоо менен баштап: «Шүгүр жана мактоо – берешендиктин негизги себеби. Биз мурдагы жылдарга караганда жакшыраак абалдабыз, Аллахка шүгүр» – деп айтты.
Бирок Аллахка шүгүр кылуу – Аллахтын мыйзамдары менен башкаруу менен болобу же колонизатор каапыр Батыштын мыйзамдары менен болобу? Ал бизди ушул кырдаалга жеткирген го акыры?! Аллах Таала Куранда мындай дейт:
“Дауддун урпактары! Бизге шүгүрчүлүк кылгыла!” Бирок, пенделеримден шүгүр кылуучулар аз. (Сабаъ: 13).
Бурхан өз сөзүндө мындай деди: «Биз үчүн эң негизгиси – ыраазы болгон Заттын (Аллахтын) ыраазылыгына жетишүү».
Албетте, Аллахтын ыраазылыгына жетишүү ар бир мусулмандын жашоодогу негизги максаты. Бул бийликте отурган адамдын Исламдын мыйзамдары менен башкаруусун талап кылат, Батыштын демократия жана секуляризм сыяктуу каапыр системалары менен эмес! Башкаруу системасын жана чечимдерди адамдардын ойлоп тапкан мыйзамдарынан, конференциялардан жана семинарлардан издеп жүргөн адам бийликте отурууга татыктуу эмес!
Бурхан өз сөзүндө бул согуш Судандын тарыхындагы бурулуш учур болгонун, андан сабак алып, өлкөнү мурдагыдан башкача куруу керектигин айтты: «Эгерде биз бул согуштан сабак албасак жана мурдагыдан айырмаланган мамлекетти кура баштабасак, анда биз андан эч кандай пайда алган жокпуз, жаштарыбызды жана улуттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү жок кылдык».
Ошондо мурдагы башкаруу системасы кайсы? Биз андан алысташыбыз керек болгон система эмне? Бул, албетте, секуляризм, демократия, республикалык система, элдик эгемендик жана адамдар ойлоп тапкан мыйзамдар. Биз чынында эле андан баш тартууга даярбызбы?!
Бурхан өз сөзүндө жаңы өкмөттү түзүү ниетин билдирди. Бул өкмөт өткөөл мезгилди башкарууга багытталган убактылуу өкмөт болот жана ал улуттук көз карандысыз адистерден куралат. Ошондой эле ал премьер-министр жаңы конституциялык документ бекитилгенден кийин тандаларын, ал эми бул өкмөттүн аткаруу бийлигине эч ким кийлигишпесин белгиледи. Конституциялык документке киргизилген өзгөртүүлөр мурунку башкаруучулардан айырмаланаарын жана мурдагы өнөктөштөр бүгүн душманга айланганын баса белгиледи. Ал эми Улуттук Конгресс партиясы бийликке келгиси келсе, башка саясий күчтөр менен атаандашууга тийиш экенин айтты.
Бурхан согуштан кийинки кабыл алган жол картасы эки этаптан турат:
- Бир жылдык негиздөөчү этап – аскердик операцияларды аяктоо жана туруктуулукту орнотуу.
- Төрт жылдык өткөөл мезгил – шайлоого даярдык көрүү.
Бул аралыкта Бурхан өлкөнү башкарып турат. Жол картасы ошондой эле жарандык күчтөрдөн тышкаркы көзкарандысыз адистерден турган өкмөт түзүүнү, 250 мүчөдөн турган мыйзам чыгаруу кеңешин түзүүнү жана ага саясий, коомдук топтор, аялдар жана кесиптик кошуундар өкүлдөрүн киргизүүнү камтыйт. Бурхан өз сөзүндө саясий күчтөрдүн сунуштары эске алынарын жана ишке ашырыларын баса белгиледи.
Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ * كَبُرَ مَقْتاً عِندَ اللهِ أَن تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ﴾
“Эй, ыйман келтиргендер! Эмне үчүн өзүңөр кылбаган нерсени айтып жатасыңар? Аллахтын алдында өзүңөр кылбаган нерсени айтуу – чоң жек көрүндү иш!” (Сафф: 2-3). Ошондой эле Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَلَوْ أَرَادُوا الْخُرُوجَ لَأَعَدُّوا لَهُ عُدَّةً وَلَكِن كَرِهَ اللهُ انبِعَاثَهُمْ فَثَبَّطَهُمْ وَقِيلَ اقْعُدُوا مَعَ الْقَاعِدِينَ)
“Эгер мунафыктар согушка чыгууну кааласа, ал үчүн даярдык көрүшмөк. Бирок Аллах алардын (жүрүшкө) чыгышын каалабай, тосуп койду да: “(үйүндө) олтургандар менен чогуу олтура бергиле”, – деп айтылды”. (Тооба: 46).
Бурхандын кайрылуусунан эмнени түшүнөбүз?
Бул кайрылуу мурдагы эле башкаруу системасын кайталайт: конституциялык документ, суверендүү кеңеш, технократиялык өкмөт жана мыйзам чыгаруу кеңеши. Бул – каапыр колонизатор Батыш ойлоп тапкан динди жашоодон ажыратуу системасынан чыга албаганыбыздын далили. Батыш өзүнүн саясий, экономикалык жана социалдык системаларын ушул негизде түзгөн. Демократия да ушул негизде курулган жана ал Суданга 1899-жылы генерал Китченер башында турган англиялык армия киргенде киргизилген. Ошондон бери биздин өлкөдөгү башкаруу системалары Исламга негизинен да, тармактык деңгээлде да каршы болуп келди. Өлкөбүздө “улуттук” деп аталган өкмөттөр алмашты. Айрымдары аскерий, айрымдары жарандык болду, бирок алардын баары колонизатор каапырлардын системасынан чыга алышкан жок.
Аллах бизди ушул согуш менен сыноого алып, кулчулукта, саясатта, башкарууда жана мамилелерде Исламдын мыйзамдарына кайтуубузду каалады. Ошондо гана биз Аллах ыраазы болгон Ислам жашоосун жашай алабыз. Бирок биздин аскерий жана жарандык саясатчыларыбыз Аллахка жана Анын Элчисине каршы чыгып, бул кырдаалдан чыга электе эле бизди кордоп, басмырлаган каапыр Батыштын системаларын колдонуу жөнүндө сөз кылышууда. Бизге жалгыз туура жол – Аллахтын мыйзамына кайтуу жана аны ишке ашыруу. Ошондо гана биз дүйнө жана акырет бактысына жетишебиз.
Бурхан, “бийлик жана байлык – Судандын бардык маселелеринин себеби” деди. Бирок… Биз Бурханга жана Батыштын капиталисттик идеологиясына байланган саясий күчтөргө мындай дейбиз: Исламдагы башкаруу системасы – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык. Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمْ الْأَنْبِيَاءُ كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ وَإِنَّهُ لَا نَبِيَّ بَعْدِي وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ تَكْثُرُ…»
“Исраил уулдарын пайгамбарлар башкарчу. Бир пайгамбар каза болсо, анын ордуна башкасы келчү. Бирок менден кийин пайгамбар болбойт. Бирок көптөгөн халифалар болот…” (Муслим риваяты).
Бул дүйнөдөгү башка бардык башкаруу системаларынан айырмаланган өзгөчө система. Ал башкаруунун негизи, башкарууну жүргүзүү методдору, башкаруу формалары жана мыйзамдары боюнча башка бардык системалардан таптакыр өзгөчөлөнөт. Ислам мамлекети ислам акыйдасына негизделет. Бул анын конституциясы жана бардык мыйзамдары Куран менен Сүннөттөн алынууга тийиш экенин билдирет. Аллах мындай дейт:
﴿فَلاَ وَرَبِّكَ لاَ يُؤْمِنُونَ حَتَّىَ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ﴾، ويقول سبحانه: ﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَآ أَنزَلَ اللهُ﴾.
“Жок! Раббиңе касам! Алар өз ортолорундагы талаш-тартыштарда сени өкүм чыгарчу кылмайынча, анан сен чыгарган өкүмгө каршылыксыз толук баш иймейинче, алар ыйман келтиришпейт!” (Ниса: 65).
“Алардын арасында Аллах түшүргөн өкүм менен өкүм чыгар.” (Мааида: 49).
Демек, Ислам мамлекетинде адамдардын мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды адамдар ойлоп табышы мүмкүн эмес. Ошондой эле мамлекет адамдарды адамдар ойлоп тапкан мыйзамдарга баш ийдире албайт. Тескерисинче, алар Ислам өкүмдөрүнө гана баш ийүүгө милдеттүү. Аллах мындай дейт:
﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللهُ وَرَسُولُهُ أَمْراً أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ﴾
“Аллах менен Анын элчиси кайсыл-бир иш тууралуу өкүм чыгарса, момун эркек менен момун аялда ыктыяр болбойт.” (Ахзаб: 36).
Пайгамбар ﷺ ислам мамлекетин кандай негизде курган?
Пайгамбар ﷺ Мадинада Ислам мамлекетин куруу үчүн анын негизи, принциптери, институттары, армиясы жана ички-тышкы саясаты менен бирге түздү. Ал мамлекеттин башчысы болду. Анын жардамчылары, валийлери, казылары, армиясы, башкаруу кызматкерлери жана кеңеш берүүчү кеңеши бар эле. Мамлекеттин бул башкаруу формасы шариаттык тексттер менен белгиленген жана сахабалар аны жакшы билишкен. Ошондуктан алар Пайгамбардын ﷺ үлгүсүнө баш ийип, анын көрсөткөн жолу менен Ислам мамлекетинин түзүлүшүн сакташкан. Аллах Таала мындай дейт:
﴿لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ﴾،
“Албетте, силер үчүн Аллахтын Элчисинде эң жакшы үлгү бар.” (Ахзаб: 21).
﴿وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا﴾
“Пайгамбар силерге эмнени берсе, аны алгыла, эмнеден кайтарса, андан кайткыла.” (Хашр: 7).
Ошондуктан сахабалар Пайгамбар ﷺ каза болгондон кийин мамлекет башчысын, халифаны шайлашты. Бирок ал пайгамбарлыктын мураскери эмес, мамлекеттин гана башчысы болду. Анткени пайгамбарлык Пайгамбар ﷺ менен аяктаган.
Исламдагы башкаруу системасы дүйнөдөгү бардык башка башкаруу системаларынан түп-тамыры менен айырмаланат:
- Исламдагы башкаруу монархиялык система эмес. Бул жерде бийлик атадан балага мураска калбайт. Халифа бийликти элдин баяаты (шариятка ылайык ант берүү) менен алат. Башкаруу системасынын негизги принциптеринин бири – бийлик үммөттүн колунда, демек, башкаруучуну тандоо укугу элге таандык.
- Исламдагы башкаруу республикалык да эмес. Бул демократиялык принциптерге негизделген система эмес, анда бийлик элбиз деп жарыяланган жана мыйзамдарды эл түзүп, башкаруучу болсо, эл чыгарган мыйзамдарды аткарган жөн гана жалданма кызматкер катары каралат. Исламдагы башкаруу системасында бийликтин үстөмдүгү (суверенитети) – шариятта. Элге да, халифага да мыйзам чыгаруу укугу берилбейт, анткени мыйзам чыгаруучу – жалгыз Аллах. Халифанын милдети – Аллахтын Китебинен жана Пайгамбарынын ﷺСүннөтүнөн алынган мыйзамдарды ишке ашыруу. Ошондуктан халифа элдин “жалданма кызматкери” эмес, Аллахтын шариятын ишке ашыруу үчүн элдин өкүлү.
- Исламда “Ислам республикасы” деген түшүнүк жок. Бул – алдамчылык жана динди саясий максаттарда пайдалануу. Ислам мамлекети – жалгыз гана халифалык. Исламдагы бийлик жана башкаруу системасына байланыштуу бардык шарият мыйзамдары толук аткарылганда гана Судандагы башкаруу кризиси чечилет.
Байлыкты бөлүштүрүү маселеси
Мамлекет өз жарандарынын байлыгын адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылган Ислам системасындай кемчиликсиз башкаруу системасы жок. Исламда менчик үч түргө бөлүнөт:
- Жеке менчик мүлк;
- Мамлекеттик мүлк;
- Жалпы (коомдук) мүлк.
Жалпы мүлк – калктын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылууга тийиш болгон байлыктар. Бул байлык каапыр колонизаторлордун жана алардын эл аралык компанияларынын колуна өтпөшү керек.
Ислам системасы – мамлекеттин өз жарандарынын жыргалчылыгын камсыз кылуусун талап кылат. Исламда мамлекет элдин муктаждыктарын камкор ата-эне балдарын баккандай камсыз кылууга милдеттүү. Бул тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай сыяктуу негизги муктаждыктарды ар бир жаран үчүн камсыз кылууга тийиш экенин билдирет. Ошондой эле, жалпы коомдун муктаждыктары – билим берүү, медициналык тейлөө жана коопсуздук мамлекет тарабынан акысыз камсыздалат.
Ислам мамлекетинде биримдик принциптери негизинде бай аймактардын ресурстары жакыр аймактарды камсыз кылуу үчүн колдонулат. Натыйжада мамлекеттин бардык жарандары татыктуу жашоо деңгээлине жетет. Толук колдонулган Ислам экономикасы халифалыкты дүйнөдөгү эң күчтүү жана адилеттүү экономикасы бар мамлекетке айландырат.
Халифалык мамлекетинин конституциясы
Хизб ут-Тахрир партиясы 191 беренеден турган халифалык мамлекетинин конституция долбоорун иштеп чыккан. Бул беренелер Аллахтын Китебинен, Пайгамбардын ﷺ сүннөтүнөн жана сахабалардын ижмасы менен туура ижтихаддан алынган. Андан тышкары, бул конституцияны даярдоонун себеби, ага негиз болгон далилдер жана аларды пайдалануунун методологиясы тууралуу кошумча эки китеп жарыяланган.
Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты бардык саясий, аскерий жана жарандык күчтөргө ушул долбоорду изилдөөгө жана аны ишке ашырууга чакырат. Анткени баарыбыз мусулмандарбыз жана Ислам менен башкарууга милдеттүүбүз. Ошондо гана Аллах бизден ыраазы болуп, бизди оор жашоо азабынан куткарат. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾.
“Ким Менин эскертүүлөрүмдөн (Курандан) жүз бура турган болсо, ал үчүн татаал жашоо болот. Биз аны Кыямат күнү сокур кылып тирилтебиз” (То-Ха: 124).
Вассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү Ибрахим Османдын сөзү