Аллахтын нусратына-жардамына татыктуу Уммат
بسم الله الرحمن الرحيم
Жашообузда болуп жаткан кыйынчылыктар, акыйкатсыздыктар, калкыбыздын кор болушу, чоң мамлекеттердин зулумдары, канчадан-канча бейкүнөө инсандардын, карыялардын, аялдардын, жада калса жаш балдардын каны төгүлүшү, жашоодон тоюп өз өмүрүнө кол салышы жана башкаларды Аллах Таала жакшы билет жана ар дайым көрүп, билип, күзөтүп турат.
Анда эмнеге момун-мусулмандарга жардам бербей жатат? Эмнеге нусраты-жардамы кечигүүдө? Аллах Таала жардам беремин, дубаңарды кабыл аламын деген. Күнү-түнү дубаларды кылып жатабыз, айрыкча, мына Рамазан айында көпчүлүк болуп дубаларды кылышыбыз баарына маалым, эмнеге пенделерине ырайымы келбей жатат?! – деген суроолор туулат.
Аллах убадасына каршы иш кылбайт, эч качан артка сүрбөйт дагы, момун-мусулмандарга жардам берүүгө да кудуреттүү, бол десе болот. Кафирлердин баары биригип каршылык кылышса да, Аллахтын каалоосун эч ким токтото албайт. Бирок Аллах Таала – Өзүнүн каалоосу менен – бул дүйнөнү сыноо дүйнөсү кылып белгиледи. Сыноо бүтмөйүнчө Аллах Таала ар кимди өз абалына таштап коёт, бул Аллах Тааланын каалоосу. Бирок кимге жана качан жардам беришин да айткан.
Биз Аллах Тааланы, Расулун жакшы көрмөйүнчө, шариятка амал кылуу менен Аллахка нусрат бермейинче Аллах Таала жашообузду өзгөртпөйт, нусратын тездетпейт, Аллах Таала ушуну шарт кылып айтууда:
یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ إِن تَنصُرُوا۟ ٱللَّهَ یَنصُرۡكُمۡ وَیُثَبِّتۡ أَقۡدَامَكُمۡ
«Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат”. [47:7].
Туура, динде бекем турган бурадарларыбыз бар, канчалары 10-20 жылдардан бери түрмөлөрдө жатышат, айрымдары шахид болушса да алар азайган жок, тескерисинче күндөн-күнгө көбөйүүдө. Аллахтын уруксаты менен ушул аят каримада айтылган кишилердин катарында болууну Аллахтан сурайбыз:
مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُم مَّن قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا
“Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту, айрымдары болсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок”. [33:23].
Ар кандай акылдуу инсан чоң байлыкты туура келген адамга бербейт. Тааныштары арасынан кайраттуу, күчтүү, аманатка кыянат кылбаган ишеничтүү, бир нече жолу сыноодон өткөн, эч кимден ал жөнүндө күмөнгө салган сөздү укпаган инсанды тандап, аманатты ага тапшырат. Ар бир ишти өз ээсине тапшырбастык менен аманат текке кетет, кырсык болот. Абу Хурайра (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) риваят кылат:
«Эгер аманат текке кетсе, Кыяматты күтө бер», – деди. “Я, Расулуллах, ал кантип текке кетет?”, – деп сурашты. Ал: «Эгер иш ага ылайыктуу болбогондорго тапшырылса, Кыяматты күтө бер», – деди. (Имам Бухарий).
Расулуллахты (с.а.в.) коому жахилиятта “Мухаммад Амин” (“бардык жактан ишеничтүү инсан”) деп билишкен. Ал пайгамбар болгондон кийин да анын жоопкерчилигине жүктөлгөн аманатка-динге кыянат кылбады. Мекке мушриктери аларга жакпаган нерселерден тыйылуунун акысына Расулуллахка (с.а.в.) падышалык, мал-дөөлөт, аброй сунушташканда ал зат (с.а.в.) кандай позицияда турганын даъватчылар, уламалар таптакыр унутушпасын. Ошондо Расулуллах (с.а.в.) Мекке мушриктери менен ага ортомчу болуп келген абасы Абу Талибге мындай деген:
ياعم لو وضعت الشمس في يميني والقمر في يساري ما تركت هذا الامر حتي يظهره الله او اهلك في طلبه
“Эй, абам! Эгер оң тарабыма күндү, сол тарабыма айды коюшса да бул ишти таптакыр таштабаймын. Жада калса Аллах Таала аны үстөм кылат же мен бул жолдо өлөмүн”. (Ибн Исхак).
Ал кезде Расулуллахтын (с.а.в.) Аллахка болгон ыймандан башка эч кандай жардамчысы болбогон. Момун үчүн Аллах Тааланын Өзү жетиштүү, Ал ишеничтүү Зат. حسبنا الله ونعم الوكيل.
Перзент сурап, күнү-түнү дуба кылган киши шартты аткарбашы т.а. үй-бүлө курбастан перзент күтүшү акылга сыйбайт. Ушуга окшоп Аллах Тааланын аманатына-динге татыктуу болуубуз менен шексиз Аллахтын нусраты-жардамы келет. Нусратка ылайыктуу болуу шарты бар т.а. Аллахтын калимасын бийик кылып, абалды оңдоо үчүн олуттуу аракет кылуубуздан башка жол жок. Туура, дуба кылышыбыз керек, анын шарты жүрөктөн болуу керек. Бирок бул нусраттын шарты эмес. Аллах Тааланын нусраты келиши үчүн “нусрат шартын” аткаруубуз зарыл. Аллах Таала айтат:
إِنَّ ٱللَّهَ لَا یُغَیِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتَّىٰ یُغَیِّرُوا۟ مَا بِأَنفُسِهِمۡۗ
“Аныгында бир коом өзүн өзгөртмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт”. [13:11].
Мен калысмын, мен бейтарапмын деп унчукпай туруу менен өзүбүздү гана алдайбыз. Анткени мункарга ыраазы болуу да – куфр, унчукпай туруу болсо – фасыктык. Унчукпай туруу үчүн шаръий үзүр-себеп керек, андай үзүр болсо жок.
Бул өкүм имам Муслим Абу Саъид ал-Худрийден риваят кылган хадистеги Расулуллахтын (с.а.в) сөзүнөн алынган: «Силерден ким мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Ага кудурети жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Ага да кудурети жетпесе, жүрөгү менен өзгөртсүн. Бул болсо – ыймандын эң начары».
Мункарларга ыраазы болуу таптакыр мүмкүн эмес. “Сарай уламаларынын”, “шайхулисламдардын” сөзүнө кулак салып, унчукпай туруу таптакыр жайиз эмес. Умму Салама Пайгамбардан (с.а.в.) риваят кылат: Расулуллах (с.а.в) айтты: «Силерге абдан көп амирлер башчылык кылышат. Силер (алардын иштеринин айрымдары) маъруф, (айрымдары) мункар экенин көрөсүңөр. Ким (алардын мункар иштерин) жактырбаса аман болот. Ким четке какса нажат табат. Бирок ким ыраазы болуп ээрчисе…» т.а. ким мункар ишти көрсө, аны өзгөртсүн. Аны өзгөртүүгө кудурети жетпесе да жүрөгү менен четке какса, нажат табат. Бирок ким алардын шаръий эмес иштерине ыраазы болсо жана ээрчисе т.а. унчукпай турса, өзгөртүү үчүн аракет кылбаса аман болбойт жана нажат да таппайт. Ошондуктан Аллахка тобокел кылып, Аллах Тааланын калимасы бийик болушуна аракет кылалы, эч болбогондо бир калима менен болсо да харамдан, куфрдан сактанууга шашылалы. Унчукпай туруубуз үчүн чыгарылган мыйзамдар шаръий эмес, шарияттын назарында алардын эч бир кадыры жок. Муслим Нафиъден, Нафиъ Ибн Умардан, Ибн Умар Расулуллахтан (с.а.в) риваят кылат: «Мусулман киши күнөө ишке буйрулбаган соң, ал жактырган жана жактырбаган иштеринде имамга кулак салып, итаат кылышы важиб. Эгер күнөө ишке буйрулса, кулак салып итаат кылышы таптакыр жайиз эмес».
Мункарларга ыраазы болуубуз Аллах Тааланын наалатына жана азабына дуушар болуубузга себеп болот, Аллах сактасын. Расулуллах (с.а.в) Абу Масъуддан (р.а) риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Исраилге эң биринчи кирген кемчилик ушул болгон – бир киши башка кишиге жолукканда: «Эй, баланча, Аллахтан корккун жана бул кылган ишиңди ташта, анткени бул нерсени кылуу сен үчүн халал-дурус эмес», – дейт эле. Кийин эртеси күнү аны менен жолукканда аны дагы ошол абалда көрөт. Бирок бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге олтуруудан кайтарбаган. Алар ушундай кылышкан соң, Аллах алардын айрымдарынын жүрөктөрүн айрымдары менен урду». Андан кийин Расулуллах (с.а.в) ушул аятты тилават кылды:
لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ ۩ كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ ۩ تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ ۩ وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ
„Бани Исраил арасында кафир болгондор Давуд менен Ыйсанын тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары. Алар бир-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылган иштери кандай гана жаман иш! Алардын көпчүлүгү кафир болгон кишилерди дос туткандыктарын көрөсүң. Аларга көңүлү каалаган нерселери кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллахка, пайгамбарга жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды дос тутпаган болушаар эле. Бирок алардын көпчүлүгү фасыктар“. [5:78-81]
Андан кийин мындай деди: «Жок, таптакыр, Аллахка ант болсун, силер жакшылыкка шексиз буйруйсуңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер шексиз залимдин колунан кармайсыңар жана аны акыйкатка бурууга мажбур кыласыңар жана шексиз аны акыйкатка бекем байлайсыңар. Же шексиз Аллах айрымдарыңарды айрымдарыңардын жүрөгү менен урат, андан соң аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».
Бийлик өкүлдөрү да, укук коргоо органдары, соттор, прокурорлор да, жада калса президент да момун-мусулмандын перзенттери, диндеш бурадарларыбыз, алардын көпчүлүгү билбестен харам иштерди кылышууда. Аларга акыйкатты жеткирүү билгендердин жоопкерчилиги болот. Шариятка, акыйкатка кайтуу менен инсан аброюн жоготпойт. Бир аялдын тергеп-тескеши себептүү чыгарган буйругун артка кайтарган Умардын (р.а.) аброю түшкөн жок. Тескерисинче, ал ошондой адилеттүү иштери менен душмандары да урматтаган күчтүү жетекчи болуп тарыхта калды. Дин боюнча камалгандардын эч кандай айыбы жок, өздөрү туулуп өскөн өлкөдө Исламды үйрөнүү, билгендерин үйрөтүү кантип кылмыш саналсын?! Ошондуктан Садыр Жапаров жана азыркы бийлик да А.Акаевдин катасын оңдоп, жалган жалаа менен чыгарылган соттун токтомун бекер кылышы керек.
Рамазан айы бизге барекелүү ай, нусрат айы болсун. Аллах Таала баарыбызды туура жолуна хидаяттасын, бири-бирибизди жек көрүү, жаман көрүү жоголсун, Куръан жана хадистер негизинде нусратына татыктуу Уммат кылсын, Аамиин.