Украина боюнча АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү Сауд Арабиясында башталды
2025-жылдын 18-февралында, шейшемби күнү, Сауд Арабиясынын түндүк-батышындагы Дирия сарайында АКШ-Орусия саммити башталды. Орусиялык делегация бул сүйлөшүүлөрдү «абдан маанилүү» деп атады. Саммиттин максаты — 2022-жылдан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушун токтотуунун жолдорун талкуулоо. Жыйынга төмөнкү жетекчилер катышты:
АКШ тараптан – Мамлекеттик катчы Марко Рубио, Улуттук коопсуздук боюнча жардамчы Майк Уолц, Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Виткоф.
Орусия тараптан – Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар аныкталды:
Орусиянын президенттик администрациясынын өкүлү Юрий Ушаков эки тарап Украина боюнча негизги позицияларын такташканын билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти Рубио менен Лавров жогорку деңгээлдеги комиссия түзүү тууралуу макулдашканын жарыялады. Бул комиссия согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу боюнча иш жүргүзөт.
Орусиянын дипломатиялык ийгилиги жана Украинанын алсыздыгы
Бул сүйлөшүүлөр Орусияга дипломатиялык изоляциядан чыгууга мүмкүнчүлүк берди. АКШнын мурдагы президенти Байден киргизген эл аралык санкциялар Орусияны көп тараптуу сүйлөшүүлөрдөн обочолонткон. Бирок азыр, Вашингтондун жаңы стратегиясы менен, Москва кайрадан дүйнөлүк аренада күчтүү оюнчу катары чыга баштады. Тескерисинче, Украина бул сүйлөшүүлөрдө такыр эске алынган жок, ал эми Европа толугу менен четтетилди. АКШ президенти Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын өкүлү генерал Кит Килог Мюнхендеги билдирүүсүндө:
«Европалыктар Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпайт. Алар келечектеги тынчтык келишиминин да бир бөлүгү болбойт», – деди.
Украина сүйлөшүүлөрдөн четтетилди
АКШ менен Орусия Украинанын тагдырын аныктап жатканда, Украинанын өзү бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский катуу нааразылыгын билдирди. Ал 19-февралга пландалган Эр-Риядга сапарын токтотту, себеби ал саммитке кошулуу мүмкүнчүлүгүн издеген. Зеленский Украина боюнча келишимдер Киевдин катышуусусуз эле түзүлүп жатканын сынга алып, АКШ-Орусия саммити тууралуу маалыматты алгач медиадан гана укканын айтты.
АКШнын сунуштары: аймактык жеңилдиктер жана коопсуздук кепилдиктери
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц согушту токтотуу үчүн «аймактык жеңилдиктер» жана «коопсуздук кепилдиктери» каралууга тийиш экенин билдирди. «Аймактык жеңилдиктер»дин алкагында, Украина айрым жерлерден баш тартууга тийиш. «Коопсуздук кепилдиктери» аркылуу Орусия белгилүү шарттарды кабыл алышы керек. Бул сунуштар согуштун аякташын тездетиши мүмкүн, бирок ошол эле учурда Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана суверенитетине чоң коркунуч туудурат.
Бул сүйлөшүүлөр АКШ-Европа мамилелеринин тарыхында кооптуу прецедент болуп саналат жана бул геосаясий бузулуулардын негизги себепчиси болушу мүмкүн. АКШнын коргоо министри Пит Хагсит: “Америка Европа үчүн коопсуздукту камсыздабайт” деп маалымдады. Ошондой эле, АКШнын туруктуу жана дайымкы союздаштары Европада коркуу жана тынчсызданууга кабылды. Анткени алар мындай учурдагы көйгөйлөрдү күтүшкөн эмес. Европанын эли, Суук согуштан кийин АКШсыз коргонууга ишенишкен эмес.
Трамп Украина президентинин суроосун эске албай, аны диктатор деп атады. Ал Украина Орусия менен согушту баштаган тарап деп айыптады. Ошондуктан Зеленский Трампты маалыматты бурмалаган, Путинди эл аралык изоляциядан чыгарууга жардам берип жаткан адам катары сындады.
Трамп Украинадан мамлекеттик карызын төлөөнү талап кылып, анын жер алдындагы минералдарынын жарымын берүүгө милдеттендирген келишимге кол коюу алдында турганын билдирди. Зеленский Трамптын бул сунушун “кол коюуга жараксыз” деп, “Мен биздин мамлекетти сатуу жолун тандабайм” деп жооп берди.
Трамптын тышкы саясаттагы жаңы багыты
Трамптын Орусия жана Европа боюнча саясаттагы өзгөрүүлөрү Американын тышкы саясатын материалдык кызыкчылыктарга негизделген жаңы концепцияга ылайык кайрадан түзүүгө алып келет. Трамп жана анын командасы үчүн “Америка биринчи” деген принцип негизги орунду ээлейт. Бул Америкага экономикалык пайда бербеген чыгымдарды көтөрбөй турганын билдирет. Трамп администрациясы эгер бул багытты уланта берсе, батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы келишпестик тереңдеп, глобалдык хаос түзүлүшү мүмкүн. Мындай абал келечекте эл аралык саясий боштукту пайда кылып, аны Ислам мамлекети жаңы күч катары ээлеп алат.
Роя гезити
АХМАД АЛ-ХАТВАНИ