Рамазан айы – мусулмандардын бир Уммат экенин көрсөткөн далил

66
0

Рамазан айы – мусулмандардын бир Уммат экенин көрсөткөн далил

    بسم الله الرحمن الرحيم

Уммат – акыйданы кабыл алып, ошол акыйда негизинде бириккен адамдар.

Акыйда – далилден келип чыккан катъий тастык т.а. ыйман. Эгер, тастыктын далили болбосо же далили катъийликти билдирбесе катъий болбойт т.а. ыйман болбойт, күмөн болуп калат. Акыйда темасында күмөндү алуу жайиз эмес.

Момун-мусулмандар канчалаган кылымдардан бери бир Уммат болуп келүүдө. Алардагы ихтилафтар (келишпестиктер) диндин негиздеринде эмес, жада калса фарз-харам өкүмдөрүндө да эмес, болгону Куръан жана хадистерди түшүнүүдөгү айрым маселелерде гана. Мындай ихтилафтар сахабаи-кирамдар доорунда да болгон. Ал эми, акыйдага каршы чыгуу же аяттардын айрымына ыйман келтирип, айрымын четке кагуу куфр болуп эсептелет. Маселен, Мухаммад (соллалоху алайхи ва саллам) Аллахтын акыркы расулу экенин же Куръан Аллахтын жетик китеби экенин четке каккан киши кафир болот, ошондуктан яхудий жана насранийлер кафирлер. Аллах Таала айтат:

یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوۤا۟ ءَامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَـٰبِ ٱلَّذِی نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَـٰبِ ٱلَّذِیۤ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ

“Эй, момундар, Аллахка, Анын пайгамбарына жана ошол пайгамбарына түшүргөн Китебине, ошондой эле мурун түшүргөн китептерине ыйман келтиргиле”. [4:136].

 أَفَتُؤۡمِنُونَ بِبَعۡضِ ٱلۡكِتَـٰبِ وَتَكۡفُرُونَ بِبَعۡضࣲۚ فَمَا جَزَاۤءُ مَن یَفۡعَلُ ذَ ٰ⁠لِكَ مِنكُمۡ إِلَّا خِزۡیࣱ فِی ٱلۡحَیَوٰةِ ٱلدُّنۡیَاۖ وَیَوۡمَ ٱلۡقِیَـٰمَةِ یُرَدُّونَ إِلَىٰۤ أَشَدِّ ٱلۡعَذَابِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَـٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ () أُو۟لَـٰۤىِٕكَ ٱلَّذِینَ ٱشۡتَرَوُا۟ ٱلۡحَیَوٰةَ ٱلدُّنۡیَا بِٱلۡـَٔاخِرَةِۖ فَلَا یُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ یُنصَرُونَ

«Же Китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн четке кагасыңарбы? Араңардан ким андай нерсени кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кордук, ал эми Кыямат күнүндө катуу азапка салынат. Аллах силердин кылып жаткан амалыңардан кабарсыз эмес. Дал ошолор Акыреттеги жашоосунун ордуна дүйнө жашоосун сатып алгандар. Ошондуктан, алардын жазасы жеңилдетилбейт, аларга жардам да берилбейт” [2:85-86].

Ихтилафтуу маселелер карапайым мусулмандардын иши эмес, ал бир гана мужтахиддердин маселеси. Алардан башкалардын бул маселеге киришүүгө акысы жок, күчтөрү да жетпейт. Аларга ихтилафтуу маселелерди жеткирүү же бир маселеге бардык адамдарды мажбурлоо туура эмес. Антпесе, мусулмандар билбестен бири-бирин кафирге чыгарышып, харамга баргандар көбөйөт. Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) минтип эскерткен:

«Бир киши (башка) бир кишини «кафир» деп чакырса же «Аллахтын душманы» деп айтса жана ал андай болбосо айткан сөзү өзүнө кайтат». (Имам Муслим риваяты).

«Бир киши башка бирөөнү фасыктык же куфр менен айыптаса, эгер ал кафир же фасык болбосо айткан сөзү өзүнө кайтат». (Имам Бухарий риваяты).

«Момунду кафирлик менен айыптаган киши(нин күнөөсү) аны өлтүрүү сыяктуу». (Имам Бухарий риваяты).

«Киши өз бурадарына «Эй, кафир!» десе, алардын бири кафир болот». (Имам Бухарий риваяты).

Бир доорлордо хавариждер, муътазилалар бир райга мажбурлашкан, жада калса ошол рай негизинде, аят-хадистерге ылайык келбеген маанилер менен катъий өкүмдөрдү таъвил кылышкан (бурмалашкан). Имамдардын күнү (شمس الأئمة) деп таанылган Сарахсий (рохимахуллох) ушундай маселелерде ал тургай мужтахиддерди да эскертип мындай деген:

قال شمس الأئمة السرخسي رحمه الله: “ففي هذين النوعين من الانتقاد للحديث علم كثير، وصيانة للدين بليغة؛ فإن أصل البدع والأهواء إنما ظهر من قِبَلِ ترك عرض أخبار الآحاد على الكتاب والسنة المشهورة، فإن قوماً جعلوها أصلاً مع الشبهة في اتصالها برسول الله عليه السلام ومع أنها لا توجب علم اليقين، ثم تأوّلوا عليها الكتاب والسنة المشهورة فجعلوا التبع متبوعاً، وجعلوا الأساس ما هو غير متيقّن به فوقعوا في الأهواء والبدع. من هنا فإن الصواب أن تعرض أخبار الآحاد الواردة في القبر على الكتاب والسنة القطعية، فتفهم على ضوئها، وحين فعلنا ذلك وجدنا حاجة لتأول الفهم، ولإيجاد مخارج للتعارض، مما جعلنا نهبط بما في هذه الأخبار عن درجة التواتر المعنوي إلى درجة التصديق غير الجازم.”

«… албетте, бидъаттардын түпкүлүгү ахад кабарларды Китеп жана машхур суннат негизинде текшерүүнү таштоодон болот. Албетте, айрым адамдар аларды (ахад кабар) күмөндүү болсо да негиз кылып алышып, андан кийин анын негизинде Китепти жана машхур суннаттарды таъвил кылышат, аларды ага байлап коюшат жана анык болбогон нерсени негиз кылып алышып, бидъаттарды чыгарышат… ».

Умматтын биримдиги начарласа да ал сакталып калат, Уммат душмандары Умматтын биримдигин жок кыла алышпайт. Алар Умматты 57 бөлүккө ыдыратышып, жасалма чегаралар, улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу түркүн айла-амалдарды кылышса да шарият аларды кайра бириктирип коёт. Рамазан айы – Умматтын бир экендигин дүйнөгө көрсөткөн далил. Биз, момун-мусулмандардын, Аллахыбыз, Китебибиз, Пайгамбарыбыз, кыбылабыз гана бир эмес, а түгүл проблемаларыбыз да, душмандарыбыз да бир, дартыбыз да, жашоодон көздөгөн максатыбыз да бир. Канчалык Исламды жакшы түшүнсөк, шариятка амал кылсак, ошончолук бат биригебиз, күчтүү болобуз, эки дүйнө кордугунан тез кутулабыз, иншаАллах.

Фикх өнүккөн, мужтахид-аалымдар көп болгон, мазхабдар калыптанган доорлордо бир пикирге келбеген ихтилафтуу маселелер мусулмандар арасында учурга келип көтөрүлүшү бул АКШ жетектеген куфр саясаты болуп эсептелет. АКШнын 44-президенти Б.Обама андан мурунку президент кичүү Д.Буштун Афганистандагы жеңилүүсүн көргөн соң, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө аскерий каршылык пайда бербестигин, саясий тарапка чектелүү керек экенин айтып, ушул боюнча программаларды иштеп чыгууну талап кылды. Ошондон кийин иштин башында Мисрдеги аль-Азхар сыяктуу белгилүү исламий илимий окуу жайларында ихтилафтуу маселелер, усули фикхке тиешелүү райлар окуу программаларына киргизилди. Андан соң бул ихтилафтар мусулмандар арасында талкуу-тартышууларга айландырылды.

Кыргызстандагы уламалар, имам-дамлалар катышкан жыйындар, бул жыйындарда каралган маселелер, имам-хатибдерди мусулмандарга каршы козгоо, даъват иштерин кылуу үчүн динден кабарсыз болгон комиссиядан уруксат алууну шарт кылуу, диний таалим алууга, даъватка тоскоолдуктар, айрыкча жаштардын исламий билим алышына каршылыктар мусулмандар арасында өз ара жаңжалдарды күчөтүп, Исламды үйрөнүүдөн тосуу үчүн иштелип чыккан саясий пландын көрүнүштөрү.

Расулуллах (соллалоху алайхи ва саллам) миражга көтөрүлгөндө денеси менен чыкканбы же руху эле чыкканбы, же өлүктөр угабы-укпайбы, кабыр азабы, жаннат-тозоктун сыпаттары сыяктуу ишенимге алакадар болсун же шаръий өкүмдөрдү түшүнүүгө алакадар болсун, Уммат бир пикирге келе албастыгы – Куръан жана хадисти жашоосу үчүн негиз кылышса эле – алардын фиркаларга бөлүнүп кеткендигин түшүндүрбөйт, түшүнүүдөгү инсан табияты ушундай экендигин билдирет.

Бир коомдо жашаган адамдардын айрымы медицинага ишенип, дарылануу үчүн дарыгерлерге кайрылышып, башкалары табиптерден дабаланышы элдин бөлүнүүсү деп эсептелбейт, бири адашты деп караланбайт. Калк өзүнүн адистиги боюнча: медиктер, педагогдор, укук коргоо органдары же соодагерлер, усталар сыяктуу кесип-өнөрү менен айырмаланышына карап эл ыдырап бара жатат делбейт го акыры.

Умматтын биримдигин сактап калабыз, аларды адашуудан кайтарышыбыз керек деп жаткан Муфтият, Уламалар кеңеши же Дин комиссиянын мүчөлөрү оболу Исламды жакшылап үйрөнүп, калкка түшүнүктүү кылып баян кылсаңар кыргыз эли гана эмес, Борбор Азия калктары биригет, куфр балээсинен – Россия болсун, Европа же Кытай болсун – сактанууга күчү жеткен бакубат Умматка айланабыз, башка өлкөлөрдө кор болуп жүрүү бүтөт. Кыскасы, эки дүйнө бакытына жетебиз, иншаАллах.

Ислам Аллах Тааланын пенделерине тартуу кылган ниъматы, эки дүйнө бакыты деп ишенсеңер, коом, эл аралык саясат, экономика, социалдык багыт, башкаруу жөнүндөгү Ислам өкүмдөрүн да жеткиргиле.

Же буйрук Кытай, Россия же АКШдан гана келүүсү керекпи?! Алар бизге дос эмес, жалаң гана бузукулукка жетектешет. Дүйнөдө болуп жаткан нерселер буга жаркын далил. Алардын саясатына ылайыктайбыз деп кылып жаткан аракетиңерди момундар көрүп турат, биз оңдоочуларбыз деп өзүңөрдү алдаганыңар гана калат. Акыретте оор азап бар, Аллах Таала айтат:

وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن یَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡیَوۡمِ ٱلۡـَٔاخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِینَ () یُخَـٰدِعُونَ ٱللَّهَ وَٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ وَمَا یَخۡدَعُونَ إِلَّاۤ أَنفُسَهُمۡ وَمَا یَشۡعُرُونَ () فِی قُلُوبِهِم مَّرَضࣱ فَزَادَهُمُ ٱللَّهُ مَرَضࣰاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِیمُۢ بِمَا كَانُوا۟ یَكۡذِبُونَ () وَإِذَا قِیلَ لَهُمۡ لَا تُفۡسِدُوا۟ فِی ٱلۡأَرۡضِ قَالُوۤا۟ إِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُونَ () أَلَاۤ إِنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡمُفۡسِدُونَ وَلَـٰكِن لَّا یَشۡعُرُونَ

«Адамдардын арасында ушундайлар да бар, өздөрү момун болбой туруп: “Биз Аллахка жана Кыямат күнүнө ыйман келтирдик”,- дешет. Бирок алар ишенишпейт. Алар Аллахты жана ыймандууларды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын жүрөгүндө мараз-оору бар. Аллах алардын оорусун дагы да күчөтүп койду. Алар үчүн жасаган жалгандарына байланыштуу жан чыдагыс азап бар. Аларга: “Жер бетинде жамандыкты жайылтпагыла”, – деп айтылса, алар: “Биз болгону оңдоочубуз”, – дешет. Байкагыла, дал ошолор жамандыкты жайылтуучулар. Бирок өздөрү муну сезишпейт”. [2:8-12].

Мусулмандар Куръан жана хадистер негизинде элге Исламды жеткирүү үчүн жамаат болуп өздөрүнө “Таблиг”, “Ихванул муслимин”, “Хизб ут-Тахрир” деген наамдарды коюу менен Умматтан чыгып же адашкан болуп калышпайт. Тескерисинче негизди тандоодо жаңылышуу менен адашуу жүз берет, ошондо аларга Ислам таалимдерин жеткирүү жетиштүү, анткени көпчүлүк билбестен кылып жатат. Маселен, улутчулдукту негиз кылгандарга Исламдын улутчулдук туурасындагы өкүмдөрүн, таалимдерин же мекенчилдик менен Умматты бөлүп жаткандарга бул Сайкс-Пико планы экенин, Исламда мусулмандар бөлүнүшү арам экенин же демократияга үндөп жаткандарга Исламда өкүм Аллахка таандык, нафсини ээрчүү да жашыруун ширк, кечирилгис күнөө экенин түшүндүрүү менен Умматтын биримдигине зыян жетпейт, момундарга эскертүү жетиштүү, Аллах Таала айтат:

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِینَ

«Жана (Куран менен) насаат кылгын! Анткени ал насааттар момундарга пайда берет”. [51:55].

Биздин эл да, аалым-дамлаларыбыз да акыйкатты угар замат “уктук жана итаат кылдык” (سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَا) деп, Куръанда сыпатталгандай шариятка кулак салган чыныгы момун-мусулмандардан, иншаАллах.

Аллах Таала айтат:

ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَاۤ أُنزِلَ إِلَیۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَـٰۤىِٕكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ أَحَدࣲ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُوا۟ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَیۡكَ ٱلۡمَصِیرُ

«Расул өзүнө Роббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар да (ыйман келтиришти). Аллахка, периштелерине, Китептерине жана пайгамбарларына ыйман келтирген ар бир адам (айтты): “Анын пайгамбарларынан бир да кишини ажыратып койбойбуз”. Дагы айтышты: “Уктук да моюн сундук”. Оо, Роббибиз, күнөөлөрүбүздү кечиришиңди сурайбыз жана Сага гана кайтабыз”». [2:285].

Абу Масрур ибн Мухаммад.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here