Ливан бийлиги түздөн-түз АКШнын башкаруусунда!

34
0

Ливан бийлиги түздөн-түз АКШнын башкаруусунда!

Күн сайын жаңы маалыматтар чыгып, АКШнын Ливандагы ролу мурдагыдан да ачык-айкын жана түздөн-түз кийлигишүү менен күчөп баратканын тастыктап жатат. Алар муну кыйытпастан, түз эле жарыялап, армиянын жетекчисин өлкө президенти кылып шайлоону жана жаңы өкмөт башчынын дайындалышын өздөрү каалаганын айтып жатышат. Андан да ашып, министрлер кабинетинин түзүлүшүнө байланыштуу талаптарды коюшууда.

Бул боюнча эң ачык далил, Дональд Трамптын кеңешчиси Масад Болустун Ливандын «Аль-Жадид» телеканалына 2025-жылдын 30-январында берген маеги. Ал мындай деди: «Биз Ливандагы саясий өнүгүүлөрдү кылдат көзөмөлдөп жатабыз. Президентти жана өкмөт башчыны дайындоолор кандай өтсө, министрлер кабинетинин түзүлүшү да ошол реформаларга шайкеш болушу керек. Биз мурдагы режимге тиешеси бар адамдардын кайра дайындалышына жол бербөөнү каалайбыз. Бул Ливанды калыбына келтирүү жана эл аралык коомчулуктун ишенимин кайтаруу үчүн маанилүү».

Ошондой эле, 2025-жылдын 31-январында «Рейтерс» агенттиги бул тууралуу беш маалымат булагына таянып, төмөнкүлөрдү жазган: «АКШнын Ливандагы адаттан тыш түз кийлигишүүсү өлкөдөгү жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугундагы өзгөрүүлөрдөн пайдаланып калууга багытталган. Айрыкча, өткөн жылдагы согуштан кийин Иран колдогон «Хезболла» кыймылы оор соккуларга туш болуп, анын сириялык өнөктөшү Башар Асад бийликтен кулатылган соң, АКШ өз таасирин бекемдөөгө аракет кылууда. Америкалык расмийлер бул маселени Ливан премьер-министри Саламга жана январь айынын башында президент болуп шайланган армия башчысы Жозеф Аунга ачык билдиришкен. Алардын талабы – «Хезболла» келерки өкмөттүн курамына кирбеши керек…».

Ошол эле маалыматта дагы мындай айтылат: «Бул билдирүүнү Ливанга түз жеткиргендердин бири, АКШнын президенти Дональд Трамп дайындаган Жакынкы Чыгыш боюнча кеңешчи, ливан-америкалык ишкер Масад Болус болгон…».

«Рейтерс» 31-январда жазган макаласында мындай түз кийлигишүүгө таң калганын билдирип: «АКШнын айрым республикачыл конгрессмендери «Хезболланы» жана анын өнөктөштөрүн өкмөттөн сыртта калтырууну талап кылып келишкен. Бирок буга чейин америкалык расмий адамдар, анын ичинде Болус, мындай талаптарды түздөн-түз Ливанга жеткиргени белгилүү болгон эмес», -деди.

Карнеги Жакынкы Чыгыш Борборунун эксперти Майкл Янг да 2025-жылдын 31-январында «Рейтерске» мындай билдирүү берген: «АКШ Ливанда Хезболладан кийинки системаны орнотууга аракет кылып жатат. Демек, алар үчүн «Хезболланын» жана «Амал» кыймылынын өкмөт саясатына таасир этүү укугун чектөө табигый көрүнүш».

АКШнын Ливан ишине кийлигишүүсүнө негиз катары айтылып жаткан жүйө тууралуу «Рейтерс» үч башка булактын сөзүн да жарыялаган: «Эгерде «Хезболла» же «Амал» кыймылы Финансы министринин ордуна өз талапкерин коё алса, бул Ливандын эл аралык каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, өткөн жылдагы согуштан кийинки ири калыбына келтирүү иштерине терс таасирин тийгизет». Бул окуялар Ливанда АКШнын таасири мурдагыдан да күчөп, өлкө саясатына түздөн-түз кийлигишүү менен көзөмөлгө ала баштаганын айгинелеп турат.

Бул мурун токтоп, атайылап унутулуп, бирок кайрадан жанданган нерсе. Эми ачык-айкын болуп калды, мунун артында Америка турат. Ливандагы Американын таасирдүү адамдарынын ролу дагы бир жолу көрүнүп жатат, өзгөчө Сауд Арабия аркылуу. Көрүнүп тургандай, Сауд Арабия кайрадан Ливан менен Сирияга таасирин жайып жатат. Бул Американын ачык буйругу менен болуп жаткандай. А түгүл, Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салман Сириянын жаңы президенти Ахмад Шараны биринчи жолу чет өлкөгө чакырып, расмий кабыл алды. Ошол эле учурда, ливандык банктарда Сауд Арабиянын финансылык аманаттары жөнүндө маалыматтар жарыялана баштады. Бул дагы Американын негизги ролун тастыктап турат.

Америка Ливандагы жана анын тегерегиндеги бардык окуяларды көзөмөлдөйт, каалаган учурда ишти жайлатат же тездетет, баарын өз кызыкчылыгына жараша уюштурат. Бирок азыр бул иштер мурдагыдай жашыруун эмес, ачык жана одоно жүргүзүлүп жатат. Ливандагы бийлик, анын ичинде бардык партиялар жана саясий топтор муну билип туруп унчукпай турушат. Каршылык көрсөтүү тургай, символикалык билдирүү да жасашкан жок. Алардын көздөгөнү, Америка тарабынан иштетиле турган газ жана мунай байлыктарынын бир аз бөлүгүн алып калуу. Америка бул ресурстарды иштетип, андан чыккан кирешенин аз гана бөлүгүн Ливандагы башкаруучуларга берип, аларды бийликте кармап, элди баш ийдирип турууга колдонушу мүмкүн.

Америка Ливандагы элчилигинен өлкөнү башкарып жатат. Кээ бир маалыматтарга караганда, Дональд Трамп бул элчиликти өзү келип ачат, бул анын Ливандагы жана Жакынкы Чыгыштагы ролун дагы да бекемдөө максатын көздөйт. Элчилик аркылуу АКШ “Израил” менен араб өлкөлөрүнүн мамилелерин нормалдаштыруу процессин да башкарышы мүмкүн. Ошондон кийин Америка Кытайга каршы күрөшкө толук көңүл бурат. Кытайдын альтернативдүү энергия жана жасалма интеллект тармагындагы өсүшү Америка үчүн чоң коркунуч жараткандыктан, АКШ Кытайдын жана аны менен өнөктөш болгон Орусиянын Арктикадагы таасиринин кеңейишинен да чочулагандай көрүнөт.

Аймактагы акыркы окуялар – “Аксо бороону” операциясынан баштап Сириядагы диктатордун кулатылышына чейин – мусулмандардын күч-кубатын, күрөшүүгө даярдыгын жана кайраттуулугун көрсөттү. Бул окуялар Сирия элине жана жалпы мусулмандарга Америка баштап жаткан бул жаңы оюнга баш ийбөө керектигин эскертип турат. Анткени, АКШ азыр “Израил”ди Ливан жана Сирия менен нормалдаштыруу боюнча план түзүүдө. Ливан жана анын айланасындагы башкаруучулар, алардын артында турган Америка мусулмандардын байлыктарды эркин пайдалануусуна эч качан жол бербейт. Алар бул байлыктарды тоноп, мурда эл козголоң менен бийликтен кулаткан адамдарды кайрадан ордуна алып келип же түздөн-түз АКШга баш ийген жаңы жүздөрдү алып келип, алар аркылуу өлкөнү башкарат. Алар муну эч жашырбай айтып жатышат, ал эми бийлик башындагылар өлгөн адамдардай унчукпай турушат.

Бул азыркы абалга көнүп калуу жана унчукпай туруу өтө коркунучтуу. АКШ муну экономикалык кризис жана башка маселелер менен актайт. Бирок бул нерселер мусулмандар үчүн тескерисинче, чоң өзгөрүүлөргө болгон умтулууну күчөтүшү керек. Ошондо гана бардык адамдар жашоонун бактысын сезип, Алла убада кылган бейпил турмушка жетет. Алла Таала Куранда мындай дейт:

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى }

“Ким Менин жолум менен жүрсө, ал адашпайт жана кыйынчылыкка туш болбойт. Ал эми ким Менин эскертүүлөрүмдөн жүз үйрүсө, анын жашоосу оор болот жана ал Кыямат күнү көр болгон абалда тирилет”. (Тоха: 123-124).

Роя гезити

Мажди Али

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here