Ислам үммөтү Американын пландарын ишке ашырбай, Халифалыкты орнотууга жөндөмдүү

44
0

Ислам үммөтү Американын пландарын ишке ашырбай, Халифалыкты орнотууга жөндөмдүү

Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал бул аймак чынында эле басып алынганын жана колонизатор мамлекеттер ортосундагы күрөш майданына айланганын көрсөтүп турат. Ислам үммөтү болсо бул жагдайга кайдыгер карап, аң-сезими туман каптаган абалда калууда. Бул – атайын иштелип чыккан саясаттын натыйжасы. Анын негизги куралдары – Батыштын сакофий таасири, маалыматтык манипуляциялар, экономикалык үстөмдүк жана Ислам өлкөлөрүндөгү бийликтер аркылуу ишке ашырылган баш ийдирүү механизмдери. Бул башкаруучулар Батыштын, өзгөчө АКШ менен Британиянын, кызматчылары болуп саналат. Бирок бул жалпы пассивдүүлүк шартында да үммөттү ойготуп, анын аң-сезимин жандандыра турган окуялар болуп жатат. Алардын бири – Дональд Трамптын ислам үммөтүнө каршы одоно жана акаарат камтыган саясаты. Андан да өкүнүчтүүсү – мусулмандардын башкаруучулары бул кордукка толугу менен баш ийип, элдин кызыкчылыгына каршы чыкканы. Бул көрүнүш мусулмандарды чыныгы өзгөрүүгө түртүп, өздөрүнүн арасынан адилеттүү, акылдуу жетекчиликти издөө зарылдыгын түшүнүүгө түрткү бериши керек. Андай жетекчилик үммөттү көз карандысыздыкка жетелеп, экономикалык, аскердик, адамдык ресурстарын коргоп, эң башкысы, анын интеллектуалдык потенциалын сактап, өнүктүрө турган күч болушу керек.

Бул жетекчиликтин негизги миссиясы – үммөттүн ички жана тышкы иштерин Ислам шариятындагы принциптерге ылайык башкаруу. Ал ички саясатта элдин негизги жана кошумча муктаждыктарын канааттандырууга багытталат, ал эми тышкы саясатта – Исламдын глобалдык миссиясын аткарып, адамдарды капиталисттик зулумдуктан адилеттүү Ислам системасына алып чыгууга аракет кылышы керек.

Бул жерде суроо туулат: Үммөт АКШнын үстөмдүк саясатына каршы туруп, анын пландарын бузууга жана өз максатына жетүүгө жөндөмдүүбү?

Бул суроого жооп берүү үчүн, адегенде Ислам үммөтүнүн потенциалын жана күчүн түшүнүү зарыл. Ошондой эле, Жакынкы Чыгыштын эмне үчүн Батыш үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин талдоо керек. Анткени бул аймак – Батыштын негизги кызыкчылыктары менен байланышкан негизги геосаясий чекиттердин бири.

Жакынкы Чыгыштагы Батыштын негизги кызыкчылыктары төмөнкүлөр:

  1. Ислам жана анын Батышка коркунучу. Исламдын кайрадан күч алышы Батыштын колониялык үстөмдүгүнө жана глобалдык капиталисттик системасына чоң коркунуч жаратат.
  2. Геостратегиялык мааниси. Бул аймак дүйнөлүк соода жолдорунун жана транспорттук коридорлордун борборунда жайгашкан.
  3. “Израил”дин коопсуздугу. Батыш үчүн Жакынкы Чыгышта “Израил”дин сакталуусу биринчи кезектеги маселе болуп саналат.
  4. Батыштын экономикалык кызыкчылыктары. Аймактын табигый ресурстары, өзгөчө мунай жана газ, Батыштын экономикалык үстөмдүгүн камсыз кылуучу негизги булак.

Бирок, Ислам үммөтү бул зулумдукту жок кылууга жана кайрадан калыбына келүүгө толук потенциалга ээ. Үммөттүн эң маанилүү күчү – анын адам ресурстары. Бүгүнкү күндө дүйнөдө 2 миллиардга жакын мусулман бар. Алардын 80%дан ашыгы 15 жаштан 45 жашка чейинки эмгекке жана өнүгүүгө жөндөмдүү адамдар. Демек, Ислам үммөтү Батыштын үстөмдүгүнө каршы туруп, өзүнүн саясий, экономикалык жана маданий көз карандысыздыгын кайтарып алууга кудуреттүү. Бул үчүн негизги кадам, үммөттү ойготуп, аны чыныгы Ислам башкаруусуна – Халифалыкка жетелөө керек. Ислам үммөтүнүн күчтүү болуу себептери жана Халифалыкты орнотууга жөндөмдүүлүгү Ислам үммөтүнүн кайрадан көтөрүлүп, зулумдукту жок кылып, дүйнөлүк алдыңкы державага айлануу мүмкүнчүлүгү анын бир нече негизги тармагына байланыштуу.

  1. Үммөттүн адам ресурстары.

Ислам дүйнөсүндө 2 миллиардга жакын мусулмандар бар, алардын 80%дан ашыгы 15-45 жаш курагында, демек, эмгекке жана күрөшкө жөндөмдүү. Бул – башка мамлекеттер кыялдана да албаган укмуштуудай күч.

  1. Үммөттүн аскердик күчү.

Ислам дүйнөсүнүн армиясы АКШ менен Европанын армияларынан ондогон эсе көп. Бул күч бирдиктүү башкаруу жана туура стратегия менен колдонулса, аны эч ким жеңе албайт.

  1. Геостратегиялык артыкчылыгы.

Ислам үммөтү дүйнөнүн эн маанилүү стратегиялык аймактарын көзөмөлдөйт:

Континенттердин кесилишинде жайгашкан. Дүйнөлүк соода жолдорун жана деңиз кысыктарын башкарып турат. Көптөгөн өлкөлөрдү байланыштырган борбордук логистикалык аймак.

  1. Байлык жана ресурстук үстөмдүк.

Миллиарддаган долларлык мунай жана газ запасына ээ. Баалуу металлдардын жана пайдалуу кендердин бай булактарына ээ. Агро өнөр-жай тармагында эң чоң потенциалга ээ. Мал жана канаттуу чарбачылыгы боюнча дүйнөнүн алдыңкы аймактарынын бири.

  1. Идеялык күч жана Ислам акыйдасы.

Үммөттүн эң маанилүү күчү – анын идеологиялык негизи. Ислам үммөтүн бириктирүүчү күч – Ислам дини жана анын негизиндеги башкаруу системасы. Батыш дүйнөсү бөлүп-жарган жасалма чек аралар жоюлуп, үммөт кайрадан бирдиктүү мамлекет – Ислам Халифалыгы астында биригиши керек.

Ислам үммөтүнүн душмандарынын алсыздыгы.

Ислам дүйнөсүнүн кубаттуу болушуна кошумча, Батыш өлкөлөрүнүн начарлашы дагы үммөттүн жеңишине шарт түзүүдө. Россиянын экономикасы жана саясий системасы алсызданууда.

Европа биримдигинин ичинде ажырым күчөп жатат (Британиянын жеке амбициялары жана Франциянын түшүнүксүз лидерлик максаттары муну далилдейт).

АКШнын дүйнөлүк гегемониясы солгундап бара жатат. АКШ азыр эң күчтүү мамлекет болуп көрүнгөнү менен, анын ашкере текебердиги жана саясий катачылыктары аны кыйроого алып барат. Тарыхта мындай көрүнүш көп болгон: Фараон деңизди басып өтүүгө аракет кылып, өзүн жана аскерлерин жок кылган. Гитлер дүйнөнү башкарам деп акыры кыйрады. АКШ бүгүн бүткүл дүйнөнү жеке менчигиндей көрүп, өзүнүн реалдуу абалын түшүнө албай жатат. АКШнын эң чоң катасы – Ислам үммөтүнүн руханий күчүн жана согуштук духун баалабаганы. Мусулмандар жандуу, күчтүү акыйдага ээ болгондуктан, бул дүйнөдөгү эң күчтүү согуштук руханий стимул болуп саналат.

Ислам үммөтү:

  1. АКШ жана башка колонизатор күчтөрдү жеңүүгө жөндөмдүү.
  2. Исламды толук кандуу жашоо системасы катары орнотууга даяр.
  3. Жаңы дүйнөлүк тартипти түзүүгө жөндөмдүү – ал адилеттүүлүк жана чыныгы өнүгүүгө негизделет.

Халифалыкты кайра тикелөө – мусулмандардын милдети. Ислам үммөтү кайрадан дүйнөнүн биринчи мамлекети болушу үчүн, анын жарандары аракет кылууга тийиш. Бул иште Хизб ут-Тахрир үммөт менен бирге жана аны Ислам башкаруусуна жетелөөдө.

Урматтуу мусулмандар!

Ислам үммөтү улуу келечекке ээ. Бул келечекти куруу силердин колуңарда. Халифалык – бул тарыхый зарылчылык гана эмес, бул Аллахтын буйругу жана пайгамбарлык миссиянын уландысы. Эгер биз чогуу аракет кылсак, Аллахтын уруксаты менен жеңиш сөзсүз келет!

Устаз Факир Хаж Мухаммад Ахмад, Судан вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here